Түрк ашканасынын бренди – БӨРЕК

Эгер сиз капысынан түрк ашканасына баш багып калсаңыз, менюдан сөзсүз бөрек деген даамды көрөсүз. Бөрек бул – аталган ашкананын бренд даамдарынын бири. Аны эртең мененки, түшкү тамактарга кошуу пайдалуу. Бөрек жеш үчүн сөзсүз эле түрк ашканасына баруу керек эмес. Аны үй шартында оңой эле жасап алууга болот.


СИГАРА БӨРЕК

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш
– 3 даана
Брынза – 100 грамм
Шпинат – 1 тутам
Жумуртка – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

  1. Шпинатты жууп, тазалап, майда туурап алабыз.
  2. Брынзаны вилка менен эзип, буга майда тууралган шпинатты жана жумуртканын сарысын (чийки) кошуп аралаштырабыз. Туурамжыбыз даяр!
  3. Лавашты үч бурчтук формасында 12 бөлүккө бөлүп алабыз. Лаваш кургап кетпеши үчүн бири-биринин үстүнө коюп кабаттап тизип алсаңыз болот.
  4. Лаваштын жоон тарабына 1 чай кашык туурамжы салып, баш жагын жана эки капталын кайрып, андан соң оройбуз. Аягына жеткенде (лаваштын учтуу тарабы) жумуртканын агын сүйкөп, жабыштырабыз.
  5. Көмөч казанга бир аз май куюп (0,5-1 сантиметр), сигара бөректерди өтө күчтүү эмес отто кызартып бышырабыз. Андан соң кагаз майлыкка бөректерди жайып, майын сарыктырып алабыз. Кытыраган сигара бөректер дасторконго коюуга даяр.


СУ-БӨРЕК ЖЕ АЧМА

Керектелүүчү азыктар:

Ун
– 500 грамм
Суу – 300 миллилитр
Өсүмдүк майы – 8 аш кашык
Сыр – 300 грамм
Сүт – 3 аш кашык
Жумуртка – 4 даана

Даярдоо ыкмасы:

  1. Унду элеп, туз, 2 аш кашык өсүмдүк майын жана сууну куюп өтө жумшак, өтө катуу эмес камыр жууруйбуз. Камырды 20 мүнөттөй тыныктырып, андан соң 5-6 бөлүккө бөлүп, жука жаябыз. Жайылган камырды туздуу сууга ар бирин өзүнчө бышырып алабыз. Камырды суудан чыгаргандан кийин чоң табактын бетине муздаганча жайып коёбуз.
  2. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз же майда туурап алабыз.
  3. Сүткө 3 жумуртканы жана 6 аш кашык зайтун майын кошуп жакшылап аралаштырып, су-бөреги үчүн атайын аралашма даярдап алабыз.
  4. Электр мешинин табасына аралашмадан 2 аш кашык куюп, үстүнө бир жайым камырды салабыз. Андан соң сырдан салып, аралашмадан куюп, үстүнө камыр жаап, ирети менен тизебиз. Эң үстүңкү катмарга камыр жабылат. Камырды үзүп-үзүп салсаңыз да болот. Эми камырдын бетин жумуртканын сарысы менен майлап, 200 градуста иштеп жаткан электр мешине салып бети кызарганча бышырып алабыз. Табитке жараша бул рецептке болгар калемпирин, көк чөптөрдү кошууга болот.


САРЫЙЕР БӨРЕГИ

Керектелүүчү азыктар:

Ун
– 500 грамм
Каймак май – 100 грамм
Суу – 300 миллилитр
Өсүмдүк майы – 6 аш кашык
Фарш – 600 грамм
Пияз – 3 баш
Жумуртка – 1 даана
Күнжүт – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Унду элеп, өсүмдүк майын, тузду кошуп жумшак камыр жууруйбуз. Камырдын бетин целлофан баштык менен жаап, 20 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
  2. Фаршка майда тууралган пиязды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
  3. Камырды 6 бөлүккө бөлүп, тоголоктойбуз. Андан соң кол менен бир аз жайып, ар биринин үстүнө 1-2 аш кашык каймак май сүйкөп, камырларды үстү-үстүнө коюп тизебиз. Камырдын бетин целлофан баштык менен жаап, 10-15 мүнөткө тыныктырабыз.
  4. Камырды бирден алып кол менен четтерин чойгулап жупжука кылып жаябыз.
  5. Камырдын баш жагына туурамжыдан чуурута узатасынан салабыз. Эми камырдын эки капталын жана баш жагын кайрып, тыгыз оройбуз. Оролгон камырды үлүлдүн формасына келтиребиз.
  6. Камырдын бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүттөн себелеп, 220 градуста иштеп турган электр мешине бетин кызарганча бышырып алабыз. Сарыйер бөреги жегенге даяр!


САРМА БӨРЕК

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш
– 6 даана
Быштак – 500 грамм
Сыр – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сүт – 100 миллилитр
Каймак май – 100 грамм
Петрушка – 1 тутам

Даярдоо ыкмасы:

  1. Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
  2. Быштакка майда тууралган петрушка менен сырды кошуп жакшылап аралаштырабыз.
  3. Лавашты үч бурчтук формасында 8-12 бөлүккө бөлүп алабыз. Алгач ар бир кесимдин бетине каймак майдан сүйкөп, андан соң быштак, сыр жана петрушканын аралашмасынан салып тыгыз оройбуз.
  4. Оролгон бөректерди сүткө малып алып, электр мешинин табасына тизебиз.
  5. Бөректердин бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, үстүнө күнжүттөн себелейбиз. Андан соң 220 градуста иштеп турган электр мешине салып, бети кызарганча бышырып алабыз. Сарма бөреги даяр!


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
deva
2019-03-25 09:10:17
Шилекей агат го
+1
aliya-leyla
2019-03-25 10:13:06
Боректери жагат мага
+1
Feiza1982
2019-03-27 18:15:03
Магада жагат буйруса бул жактан жасап үйрөнүп алдым Бөректин түрлөрүн апама кызыма жасап берем барганда Кыргызстанга ИншаАллах.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-03-27 23:07:47
Мен да көп жасай.
+1
Aikan1966
2019-03-28 09:30:02
Абдан жагат соонун.
+1
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан