Бейне
Бир канча тилде сүйлөй билген, АКШ, Түркия өңдүү өлкөлөрдө билим алган, мурунку бийликтен ыдык көрүп, чет жерде баш калкалоого аргасыз болгон жаш кадр бар.
Кеп Эдил Байсалов тууралуу болмокчу.
– Эдил, эл-жерден алыс, чет жерде жашоо кыйынга турдубу?
– Келинчегим Жазгүл Швецияда окуган. Экөөбүз тең англис тилинде эркин сүйлөйбүз. Канча тил билсең, ошончо адамсың дейт. Барган соң атайын курстарга каттап, үч айдын ичинде швед тилин өздөштүрүп алдык. Экөөбүз тең иштедик. Мен эл аралык уюмдар менен иштешип, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан дайыма кабардар болуп, атүгүл керек маалда аралашып, Стокгольмдо туруп бул жакта митинг, акцияларды уюштурууга көмөк кылып жаттым. Айтор, Кыргызстандан алыстап кеткен жокмун.
– Чет жерге көчө качкандан башка амал жок беле? Дегеним, айрым лидерлер канча жыл куугунтук көргөнүнө карабай Кыргызстанда эл тарткан кыйынчылыкты кошо тартып, күрөшүп да келишпедиби?
– Менде эки гана жол турган. Кыргызстанда эле калып, камалуу же чет өлкөгө чыгып кетүү. Чет жерге убактылуу кеткенимди качып кетүү эмес, саясий күрөштүн бир жолу катары баалайм. Ооба, үчүнчү жол дагы бар болчу. Ошол кезде Медет Садыркулов “иштешели” деп сунуштаган. Мени кызмат, көр дүнүйө кылтагына илүүгө аракет кылышты. Мындай тузакка “эл” деп төш каккан бир канча “лидер” илингенин көрүп-билип эле келе жатпайбызбы. Мен андай кыла албадым. Өзүмдүн жүзүмдү, үнүмдү жоготуп, бийликтин ырын ырдап, оппозицияны боктогум келген жок.
Мекенди таштап кетип калуу оңой болгон жок. Мейли, камалса камалайын деп ойлоп, ата-энем менен коштошуп, кийим-кечемди чогултуп жөнөп калгам. Агаларымдын бири: “Сен эмне, абакка түшүп, Топчуке же Кулов болгуң келип жатабы? Алар абакка бала-чакасын жайгаштырып, коомдо далай иштерди жасаган соң түшүшкөн. Камактан аман чыгам деп ойлобо. Сени абактагылардын колу менен эле тындым кылып коюшат. Жакшысы, убактылуу болсо да башка жакка кете тур”,- деди.
Бул жолду өзүм да туура көрдүм. Камакка түшсөм, бир канча пикирлештеримди да беймаза кылмакмын. Алар карап отурушмак беле? “Бошоткула” деп акцияларга чыгышмак, менин айымдан дагы канча адам жабыр тартмак.
– Эми “Айкөл эл” партиясына келсек, экс-депутат, экс-чиновниктерди жакын жолотпойбуз деп жатасыңар. Каражат жагын кантесиңер? Адатта партиялар өлкөнүн бай адамдарын каражаттын булагы катары кошушат эмеспи. Андай байлар мурунку депутат, чоңдордун арасында көп да...
– Ооба, элдин энчиси аркылуу байып, кызматта отуруп ичип-жегендерди катарыбызга кошпойбуз. Бирок Кыргызстандын ишкерлеринин баары эле арам жол менен байыгандар эмес. Өздөрү бизди издеп таап келип жаткандар да болууда. Анткени алар да чарчашты. Бирде Айдар болсо, бирде Максим бар. “Ошолордун чөнтөгүнө акча сала бергенден көрө мамлекетке салык катары кошолу. Жок дегенде өлкөнүн керегине жарасын. Силердин программаңарды, идеяңарды колдойбуз” деп жатышат. Бирок бир адамдын чөнтөгүнө байланбайбыз. Шайлоодо миллиондогон акчаларды чачууга камынып жаткан партиялар менен талашка түшпөйбүз. Биздин ишенгенибиз – эл, жаштар.
– Азыр эл шайлоо десе “ким канча берет экен?” деп, добуштарын сатууга көнүп алды. Келерки шайлоодо да ушундай маселеге туш келебиз деп ойлойсузбу?
– Учурда биздин шорубуз да ушул болуп жатпайбы. Жыйырма жыл аралыгында элди болбогон акча, ооз көптүргөн убадалар менен бузуп бүтүштү. Элге азыр “500 сомго же бир бөтөлкө аракка келечегибизди сатпайлы. Азыр бул акчаны чачып жаткан адам эртең кызматка келсе, баарыбыздын эсебибизден короткон акчасын он эселеп, жүз эселеп чыгарып алат. Куру убадага алданбайлы” деп айтып жеткирүү кыйын болуп турат. Ошентсе да баштаган жолубуздан тайбайбыз.
– Балалыктын издери, күлкүлөр кайсы жерлерде калды?
– Бишкекте туулганым менен, өзүмдү теңир-тоолукмун деп билем. Нарында өстүм. Чоң атам Ат-Башы өрөөнүнө белгилүү Атай деген адам болуптур. Ак-Сай, Арпа жайлоолорун Кытайга бербей, кантип алып калганы тууралуу баяндар эмгиче айтылып жүрөт. Бала кезимде урук-туугандар чогулуп, биздин аталарыбызга тиешелүү баяндарды айтып беришчү. Мен ошолор менен өстүм. Мектепти жакшы окудум. Күндөлүгүм бардык сабактардан “5” болчу эле да, аягында “жүрүм-туруму” деген жеринде “2” болуп калчу.
– Адамды кийимине, машинасына, уюлдук телефонуна карап кабыл алуу – бүгүнкү жашоого сиңип кеткен көрүнүш. Сиз да бул көрсөткүчтөргө маани бересизби?
– Мага, уюлдук телефонума карап көрсөңүз, мен кийимге карап мамиле кылчу адамга окшоймунбу?
– Жок.
– Албетте. Тааныбаган адамыңды сыдыра бир тиктешиң мүмкүн. Андан кийин сүйлөшүп, таанышасың. Ошондон кийин гана кандай адам экенине баа берсең болот.
– Кийимди кантип тандайсыз?
– Мода кууп, түрлөп кийим кийбейм. Кээде убактым болгондо, жанымда акчам болсо гана кийим сатып алам.
– Эмнелерге ишенесиз?
– Өзүмө ишенем. Көзү ачыктар болсо, жөн гана сандырак кеп. Ички туюмга келсек, ишенем. Аны угуп, ошого карай чечим чыгарууга аракет кылам. Анткени адамды ички туюму алдабайт. Ошондой эле ар бир адамдын өзүнүн колдоочусу бар деп ойлойм.
– Карьералык келечегиңизди кандай элестетесиз? Премьер, президент?
– Эгер бийликке жетүүнү гана максат кылсам, өзүнчө партия ачып, баш оорутуп отурбай эле, кайсы бир партиянын курамына кирип кетмекмин. Бирок андай кылбадым. Анткени мурун боло келген катачылыктарга кайра эле жол берип жатабыз. Мына, мисалы, Нарынга 9 класстык билими бар, чуулгандуу окуяларга аралашып жүргөн бир адамды губернатор кылып коюшту. Ошол адам кантип бүтүндөй бир дубандын маселелерин чечип, өнүктүрө алат? Муну көрүп турган жаштар кандай таасир алышат? “Ии, мектепте жакшы окуп, билим алуунун деле кереги жок экен. Жакшысы, керек кезде күчтүү партияга кирип, эки-үч ай көзгө көрүнүп иштеп койсоң болду, губернатор боло бересиң” деген пикир калыптанып жатпайбы. Убактылуу өкмөттүн кадрдык саясатындагы ушул сыяктуу иштерине абдан иренжидим. Кызматтан кетишиме бул өңдүү иштер себепчи болду.
Мына азыр люстрация же “кара тизме” мыйзамын киргизебиз деп жатышат. Мен азыркы бийликтегилерге: “Люстрация деп убара болуп эмне кыласыңар? Андан көрө жок дегенде бир “ак жакалуу бандиттин”, бир чиновниктин жеген-ичкенин ачыкка чыгарып, үй-мүлкүн конфискациялап, камакка алгылачы. Жок, тескерисинче, үй абагына чыгарып жатасыңар. А эмнеге тоок уурдап камалгандарды антип үй абакка чыгарбайсыңар?..”- деп кайрылат элем.
– Кандай сапаттарга ээ болгон адам журт башы болууга татыктуу деп ойлойсуз?
– Терең билимдүү, таза, күчтүү, эрктүү, элдин ишенимине ээ болгон инсан.
– Өзүңүздө мындай сапаттар барбы?
– Бар. Эл ишеним көрсөтсө, болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып иштеп берүүгө даярмын.
ЖИГИТТИК КУРАК, ТАНДООЛОР
Кесип... Мектепти жакшы окуп, атайын программадан утуп, бир жыл Түркияга барып окуп келдим. Эгер башка өлкөдө калам десем, ошол кезде эле Түркияда калмакмын. Мени менен барган балдардын көпчүлүгү калышкан. Азыр Измирде, Стамбулда жашап, бутуна туруп, айрымдары ири ишкер болуп калышты.
Негедир баары мени юрист болот дешчү. Мугалимдер, өзүмдүн жакындарым. Карап көрсөм, элдин баары эле юрист. Алардын катарында мен эмне кылам? Ошентип, Улуттук университеттин Кыргыз-Америка факультетине бизнес башкаруу адистиги боюнча тапшырдым. Эсиңизде болсо керек, “XXI кылымдын кадрлары” деген долбоор башталган. Ошол долбоордун чегинде АКШга 4 жылга барып окуп келүүгө Улуттук Банктан чоң суммада стипендия бөлүнгөн. Бирок мен “жалаң чоңдордун балдарын алып, арасына бир эле карапайым мени кошуп, пайдаланасыңар” деп макул болбой, Майрам Акаеванын жинине аябай тийгем.
Факультеттеги алдыңкы студент катары АКШга барып бир жыл окуп келдим. Анан биздин факультет өзүнчө бөлүнүп, университет болуп калды. “Эгер америкалык диплом керек болсо, АКШнын өзүнө барып эле окуйт элем да” деп АУЦАдан баш тартып, Улуттук университеттин башка факультетине которулуп кеттим. Ошентип, политолог адистигин алып чыктым.
Дос... Капчыгына, пайдасына карап башталган достуктун өмүрү узун болгонун көрө элекмин. А менде чыт курсак бала күндөн бери катар жүрүп, башыма иш түшкөндө көмөгүн, кеңешин берип келе жаткан досторум бар. Атүгүл азыр балдарыбызды да чогуу тарбиялап, өстүрүп жатабыз. Мен ошого кадимкидей кубанам.
Жар... Кызык суроо болду го? Мага кызыгып, артымдан чуркаган кыздар көп болгон деп ойлойсузбу? Тандаш үчүн ошондой болуш керек да?
Келинчегим Жазгүл менен эң жакын досумдун үйлөнүү тоюнда таанышып калгам. Анын чай сунганын, кичинекей балдарга эзилип, мээрим менен мамиле кылганын карап отуруп ушунчалык суктанып, ичим жылыган. “Мага жар, балдарыма мээримдүү эне боло турган адам экен” деген ой келген. Мага буюрган экен, үйлөнүп калдык.
Шаиста Шатманова
politika@super.kg