2018-жылдын 15-ноябрь күнү Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну Тилек Сарыбаев каза болгон. Анын өлүмүнө өзүнүн кошунасы шектелип камакка алынган. Жабырлануучу тарап бул өлүмгө башка адамдын да катыштыгы бар деп эсептешет.
“БИР СӨЗ ҮЧҮН ӨЛТҮРГӨНҮНӨ ИШЕНБЕЙМ”
Маркум Тилек Сарыбаевдин жубайы Элнура Каныбек кызы окуя тууралуу айтып берди:
– 15-ноябрда жолдошум жумуштан 20:30дарда келди. Ал “Бишкекгаз” ишканасында ширетүүчү болуп иштечү. Бир маалда Максат (тергөө кызыкчылыгына карап аты өзгөртүлдү) деген кошуна байке келип, Тилекти эшикке чакырып кетти. 10-15 мүнөттөн кийин Максат байкенин аялы келип, “Максат үйдөн бычак алып кетиптир” деп айтып жатканда Максат байке өзү чуркап келип, “мен жайлап салдым” деди. Окуя болгон балдар аянтына менден биринчи кайын сиңдим барган. Ал чуркап баратканда Мурат (аты өзгөртүлдү) деген бала атасы экөө жолдо турушкан экен, “Тез жардам” чакырып койдук” дешиптир. Биз ошол Мураттардын батирин ижарага алып жашайбыз.
Кайын сиңдим Максат байкеге “Байкемди эмне кылдың? Жооп бересиң” десе, ал “мен кылган жокмун, түшүндүрүп берем” дептир. Тилек ошондо оозун кыбыратып карындашына бир нерселерди айткан экен. Карындашы Максат, Мурат деген эки аттан башканы түшүнбөптүр. Мен барганда жолдошум оор дем алып жаткан. Жүрөк тушуна бир жолу, ичине эки жолу сайылыптыр. Бир жолкусунда сайып туруп өйдө көздөй жиреп салган. Жолдошум ооруканада көз жумду. Шектүү катары кошуна Максат байке кармалды. Ага карата "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шектүү “саяк деп тийишкени үчүн өлтүрдүм” деп айтып жатыптыр. Чогуу чай ичип отурганда жолдошум “саяктар” деп тамашалап калчу. Бирок ал сөздү Максат байкенин жаман кабыл алганын көргөн эмесмин. Ал сөз үчүн өлтүргөнүнө ишенбейм.
“АРТЫМДАН АҢДЫГАНДАР БАР ДЕП АЙТЫПТЫР”
Маркумдун апасы Мейилкан Сарыбаева шектүү жарандан башка дагы бир жарандын кылмышка катыштыгы бар деп шек санап жатканын айтты:
– Уулум өлөрүнөн мурун койчубуздун аялына “жашоом аз калган окшойт, артымдан аңдыгандар көп болуп жатат” деп айтыптыр. Койчубузга “адам өлтүргөндөр деле басып жүрө береби?” дептир. Эмнегедир бир жума мурун жубайын жумуштан чыгарып алган. Инисине да “жумуштан чыгып, айылга бар” деп айтыптыр. Акыркы учурда жалгыз жүрбөй, 4 жаштагы кызын жанына алып жүрүп калган.
Өлүм алдында жаткан балам Мурат, Максат деген ысымдарды атаптыр. Максат менен Мурат экөө бир үйдө өскөн. Максаттын ата-энеси жок болгондуктан, Мураттын атасы багып, үйлөндүрүп, өзүнчө бөлгөн. Экөө тең биздин алыс туугандарыбыз. Мураттын ата-энеси менен жакшы катташчубуз.
Мурат окуяга чейин эле ошол жерде атасы экөө жүргөн экен. Ал жакта жүргөнү видеокөзөмөлгө түшүп калган. Бул ишке шектүү катары Максат гана кармалды. Мындай иш бир кишинин колунан келбейт деп ойлойм. Балким, балам Мураттардын жаман ишин көрүп калганбы, анан аны айтып коёт деп өлтүрүп коюштубу деп да ойлоп жатам.
Милиция кызматкерлери бизди суракка чакырышкан жок. Иштин жүрүшү тууралуу билели деп барсак, тергөөчүлөр жаман сөздөр менен тилдеп кууп чыгып жатышты. Бир күнү милициядан иш менен тааныштырабыз деп чакырышкан. Ал күнү кайнатам каза болуп бара алган жокпуз. Эртеси чалсам, “ишти сотко өткөрүп койдук” дешти. Ошону менен сот улам жылдырылып жатат. Уулумдун өлүмүнүн себебин азыр да билбей келебиз.
“МЕНИ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ, ТҮШҮНБӨЙМ”
24 жаштагы Мурат жабырлануучу тарап эмне себептен аны күнөөлөп жатканын түшүнбөй жатканын айтты:
– Тааныш байкелер менен батирлерди ижарага берип иштейбиз. Маркум жана анын өлүмүнө шектелип кармалган адам үй-бүлөсү менен ошол батирлерди ижарага алып жашашчу. Ал күнү ошол жактагы имаратка жылытуу системин киргизип жатканбыз. Жумуштан кечки 7лерде чыгып, ошол жакка барып, карап кеттим. Өзүм Новопокровкада жашайм. Үйгө барып чай ичип отурсак, саат 22:00 чамасында Максат байке “Тилектер менен урушуп жатам, келчи. Тилектин жанында балдар бар экен, тийишип жатат” деди. Жылытуу системин көрө келели деп атам экөөбүз чогуу бардык. Барсак, Тилек байке, Максат байке, дагы бир байке бар экен. Үчөө тең аябай мас болчу. Тилек байкени үйгө жеткирип коёлу десек болгон жок. Максат байкени үйүнө жеткирип, киргизип кеттик. Үйгө барып кайра чай ичип жатсак, Максат байке кайра чалып, “Мен Тилекти сайып салдым” деди. Атам экөөбүз кайра бардык. Тилек байке жерде жатыптыр. Үстүндө куртка жабылуу экен. Мен барганда Тилек байкенин карындашы, аялы ошол жакта болчу. Куртканы ача салсам, бир ууч болуп ичеги-карыны сыртка чыгып калыптыр. Тилек байке ал учурда кыска дем алып жаткан. Анын сүйлөгөнгө дарманы жок болчу. Ал ооруканада каза болду. Шектүү Максат байке мурда биздин үйгө 3-4 айлап жүрүп кетчү. Атам ага каралашып турчу.
Жабырлануучу тарап “Тилек Мураттын мыйзамсыз газ жагып жатканын көрүп калганы үчүн көзүн тазалады” деп айтып жатыптыр. Мен адамдын өмүрүн газга алмаштырган таш боор адаммынбы? Ооба, газды туура эмес улаштырганыбыз жазылып калбасын деп камераларды өчүрткөнбүз. Бирок аны бул окуя бүткөндө таңкы саат 4төрдө өчүргөнбүз. Тергөөчүлөр ал жактагы жазуулардын баарын алып кетишкен.
Биздин таасирдүү адамдар экенибизди айтып жатышат. Өзүм Финансы министрлигинде жетектөөчү адисмин. Мамлекеттик кызматта таза костюм-шым кийип иштеп жүргөнүбүз гана болбосо, айлыгыбыз 15 миң сомдун тегереги. Атам Каттоо кызматында башкы адис. Жогорку Кеңеште эч бир тууганым иштебейт.
Эмне үчүн мени күнөөлөп жатышканын такыр түшүнбөйм. Менин катыштыгым болсо, ошондо эле качып кетмекмин. Курулай күнөөлөп, киши өлтүргүч атап жаткандарды сотко берем.
“САЯКСЫҢ ДЕП ЫЗАЛАНТЫП, ЧЫРДЫ БАШКА БАЛА БАШТАГАН”
Мурат ошол окуядан кийин Максаттын аялы менен сүйлөшкөн аудиожазууларды угузду. Анда шектүү аялына “Маку, мен соо болчумун. Өлтүрөйүн деген ниетим жок болчу. Ушундай болуп кетти. Жанында (ред.: маркум Тилек Сарыбаевдин жанында) бир бала бар экен. Чырдын баарын ошол баштады. Ал “сен саяк, биз солто, чүйлүктөр, тияк, бияк” деп баарын баштап, аягында жок болуп кетти, таппай калбадымбы. Болушунча ызалантты. Негизи ошону саймакмын. Ал жерде бычак жок болчу. Мен темир менен сайдым” деп айткан.
“ЖОЛДОШУМ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛЫП КАМАКТА”
Шектүүнүн аялы Махабат Турсуналиева буларды айтты:
– Ошол күнү жолдошум 19:30да мончодон келип, Тилек менен эшикке чыгып кеткен. Түнкү 11лерде Тилек экөө мас болуп келишти. Жолдошум үйгө кирип жатканда Тилек кайра келип ээрчитип кетти. Эшикте экөө урушуп жатышты. Бир маалда экөө Тилектин үйүнө кирип кетишти. Үйдө жээним бар болчу. Ал “Таякем бычак көтөрүп кеткендей болду” деп калганынан Тилектин үйүнө барсам ал жакта экөө жок экен. Элнурадан эмнеге урушканын сурасам “билбейм, эч нерсе түшүнгөн жокмун” деди. Кантип бир үйдөн укпай калсын? Ошол жерин келинчеги айтпай жатат. Бир маалда жолдошум чуркап келип, “Тилекти сайып алдым” деди. Барсам, Тилек жерде жаткан. Ал учурда Мурат жок болчу. Кайра короого келип, жолдошум “Мурат, мен Тилекти сайып алдым. Тез арада кел” деп чалды. Батирлер ошонуку болгону үчүн бир нерсе болсо ага айтабыз. Тилектин аялы менен карындашы аянтчага баргандан кийин гана Мурат атасы менен келген.
Тилектин каза болгонун укканда эле жолдошум сайганын моюнуна алып, колго түшүп берген. Тергөөчүлөр бизди суракка алышкан.
Жабырлануучу тарап Мураттар акча берип, жолдошумду моюнуна алдырып жатат деп айтып жатышат. Жолдошум бирөөнүн күнөөсүн моюнуна алып отурбайт болчу. Мен декабрда төрөдүм. Ал кызын көрө элек (ыйлап). Азыр жаңы төрөлгөн кызым ооруп жандандыруу бөлүмүндө жатат. Акча беришкен болсо, кызыма төрөлөрү менен операция жасатып, айыктырып алмакмын.
Жабырлануучу тараптан кечирим сурап кайын сиңдилерим 3-4 жолу барышты. Түшүнүшүмө караганда, алар Мураттар тараптын да кечирим сурап барышын күтүп жатышкан окшойт. Күнөөсү жоктор эмнеге бармак эле?
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул иштин сотко өткөндүгүнө байланыштуу эч кандай маалымат бере албастыгын айтты. Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматы кат аркылуу кайрылууну сунуштап, азырынча катыбызга жооп берише элек.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg