2008-жылы Баткен чек ара отрядынын жетекчиси, 2011-2013-жылдары Баткен облусунун губернаторунун орун басары болгон, чек ара боюнча эксперт Саитжан Эратов Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан маселе боюнча "Говори ТВга" маек берди. Эратов чек арадагы чатактын чыгышынын себептерин, чечүү жолдорун жана интернетте тарап кеткен "Адахан Мадумаров Ак-Сай айылындагы жер тилкесин Тажикстан тарапка 49 жылга берип койгон" деген жалган маалыматтар тууралуу сөз кылды. Биз Эратовдун маегин айрым кыскартуулар менен бердик.
– Учурда Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал курчуп турган чагы. Айтсаңыз, буга эмне себептер болуп жатат? Негизинен эле бул чырга кимдер кызыкдар?
– Чек ара маселеси жөнүндө аябай кылдат, дипломатиялык жол менен сүйлөш керек. Чек арада мамлекеттин жүрөгүнүн согушун, жүрөгүнүн коопсуздугун текшерип алса болот. Чек ара маселеси бүгүн эле чыгып калган жок. Чек ара чырлары Советтер Союзунда да болуп келген. Анда дагы бир мамлекетте жашаганыбыз менен, 1959-жылы чек ара маселеси чыккан. Эки эл ортосунда чоң чыр болгон. 1979-жылы дагы мындай окуя кайталанган. Бул илгертен келе жаткан кыргыз эли менен тажик элинин канына сиңип калган нерсе.
Кээ бир жерлерде эки эл шахматтык тартипте жашап, 2 мектеп жакын жайгашкан. Ал жерде 2 окуучу сөгүшүп кетсе дагы аягы чоң чыр менен бүтүшү мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү, чек арачылар бардыгы биримдикте иштеши керек. Бүгүн маселе чыкты, бийликтегилер бардыгы чуркап ал жакка барып алды. Мунун эмне кереги бар? Ошол жерде губернатор, чек арачылар бар. Алардын өздөрүнүн милдеттери бар, аларга укук берилген. Маселени өздөрү чечиши керек эле.
Биз чек ара маселелеринин чыгуу себептерин да изилдеп чыкканбыз. Чырлар негизинен жер, суу, жайыт, токой маселелеринен улам келип чыгат. Азыркы түшүнбөстүк Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушунан келип чыккан. Бул илгери эле президенттердин деңгээлинде чечилген маселе. Анан Баткен районунун акими өзү чечип коё турган нерсени мамлекеттин деңгээлинде көтөрүп алып, "мен кыйраттым" деп отурат. Тендерди өткөрдү, күч каражаттары пайда болду, техниканы алып келди, солярка бар, тажиктин акимине телефон чалып сүйлөшүп коюшу керек эле. “Биз ушундай ишти баштап жатабыз, маселе чечилген, документтер бар. Тынч жол менен өзүбүздүн жайыттарыбызга кеткен жолду салабыз. Сен ошону билишиң керек” деп айтып коюшу керек эле. Биздикилер маселе чыкмайынча ордуларында отура берет. Бул окуяда акимчиликтин, чек арачылардын өтө чоң кемчиликтери бар.
– Учурда коомчулукта Кыргызстанда саясий абал туруктуу эмес деп айтылып жатат. Саясий абалды турукташтыруунун негизинде ушундай кадамдарга барды деген пикирлер айтылды...
– Бардык нерсе болушу мүмкүн. Бирок бул жерде бийликтин гана кемчилиги. Биз иштеген учурда да мындай көйгөйлөр болгон, биз Бишкекке жеткирбей эле маселелерди чеччүбүз. Эмне үчүн эл салык төлөп акимге, чек арачыга, милиция кызматкерлерине айлык берип жатат. Эл аларга маселелерди чечет, элин, жерин коргойт деп төлөп жатат. Бирок алар иштебей эле, “вице-премьер чечсин, президент чечсин” деп отурушат. Мындайдын кереги жок. Ошол жердеги эр-азаматтар маселени чечүүлөрү зарыл.
Азыр мен ал жакта болуп жаткан окуялардын видеосун көрдүм. Эл чек ара заставасынын дарбазасын каккылап-тепкилеп жатат. Биз иштеген убакта андай болчу эмес. Бул деген эл азыр ошол жердеги бийлик өкүлдөрүнө ишенбейт дегенди түшүндүрөт. Эл бийлик өкүлдөрүн башкарып калыптыр. Бул туура эмес. Бийлик элди туура багытта, адилеттүү башкарыш керек. Айткан сөзүң менен кылган ишиң төп келсе элдин баары туура түшүнөт. Ошондо эл көчөгө чыкпайт, бири-бирин таш бараңга алышпайт.
– Бул чырдын келип чыгышына ошол убакта түзүлгөн протоколго кол койгон ал кездеги Коопсуздук кеңешти жетектеген Адахан Мадумаровду күнөөлөп жатышат. Ушул тууралуу сиз кандай пикирдесиз?
– Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын ортосунда 2008-жылы түзүлгөн протоколду жатка билем. Ошол убакта мен Баткен чек ара отрядынын жетекчиси элем. Ушул документтерге кол коюлуп жатканда мен Адахан Мадумаров менен бирге жүрүп, тарыхый окуялардын күбөсү болгом. Баткенде 25 чакырым жол курулуп жаткан, 275 метр жерге келгенде Кыргыздын эч бир жетекчиси моюнуна жоопкерчиликти алган эмес. Бир гана Адахан Мадумаров жоопкерчиликти алып жолдун салынып бүтүшүн камсыздаган. Мен уккан нерсени эмес, өзүм көргөн нерсени айтып жатам. Ошол кезде маселе жаралганда Мадумаров чечкен.
– 11 жыл убакыт өткөндөн кийин бул маселенин козголгонуна кандай кызыкчылыктар бар эле?
– Өзүнүн кетирген катачылыгын кээ бир адамдарга шылтоолобош керек. Анда Мадумаровду Баткен облусунун губернатору жана башкалар кош колдоп кол чаап колдогон, “туура кылдыңыз” деп бетинен өөп жибергендер дагы болгон. 10 жыл өткөндөн кийин өзүнүн кетирген кемчиликтерин Мадумаровго жүктөп коюу жигитчиликке жатпайт. Мадумаров андай кадамдарга барбаганда биздин жолубуз бүтпөй калмак.
– Бизде Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери менен чек ара маселелери бар. Учурда канча аянт чек ара маселеси чечилген эмес?
– Өзбекстан менен иш бир топ алдыга жылды. Азыр чечиле элек чек ара жерлери аз. Аны дагы эки тарап отуруп, алдыңкы 5 жылда чечишет деп ойлойм. Кооптонууга негиз жок. Ал эми Тажикстан менен Баткен жана Лейлек районундагы түздүктө талаа иштерин жүргүзө турган жерлер чечилген эмес. Негизги маселе – биздин территорияда Ворух анклавынын калып калышы. Ал жерде 40 миңден ашык тажик жарандары жашайт.
Чек ара конфликттери чыккан маселелерди да изилдеп көргөнбүз. Баткен облусунда Өзбекстандын 4 анклавы бар. Алар: Шахимардан, Сох, Чоң-Кара, Таш-Дөбө. Буларды мен Кыргызстандын ичиндеги жара деп айткам. Себеби 1 жылда 40 келишпестик болсо, алардын 39у анклавдардын тегерегинде болот.
Ворухта элдин саны көбөйүп кеткен. Тажикстанда бир короодо 5-6дан үй-бүлө жашайт. Ошондуктан аларга жер жетишпейт. Жерди кандай ыкма менен болсо дагы сатып алгылары келет. Кээ бир чатактар ушул себептерден келип чыгат. Аларда “Ак-Сай–Тамдык жолу салынып калса, кыргыз бизден көз карандысыз болуп, чек ара белгиленип, биз жерди ээлей албай калабыз” деген кооптонуу бар.
"Ворух эли башка кастадан, алар тажиктердин ички территориясына көчүп барышса алар батпайт" деген ой-пикирлер бар. Ошондуктан алар ушул эле жерде Кыргыздын жерин сатып алып жашагысы келет. 2008-жылы чоң маселе чыгып, ал жерден 28 кыргыздын үйү сатылып кеткен. Кийин мамлекеттен акча бөлүнүп, кайра көп үйлөрдү кайтарганбыз. Ошондуктан мамлекет көзөмөл кылышы керек. Кээ бир учурда мамлекет башка иштер менен алектенип, ушундай маселелер чыгып жатат.
– Сиздин байкооңузда, учурда мамлекет кандай көзөмөл жүргүзүп жатат?
– Системдүү түрдө иш жүргүзүш керек. Баткенде түзүлгөн атайын иш-чаралар бар. Ошол иш-чараларга мамлекет каржылоо маселесин чечип бериши керек. Мен губернатордун орун басары болуп турганда Тажикстандын Согди облусу менен 5 жылга ар тараптуу кызматташтык планын түзгөнбүз. Тилекке каршы, өкмөт ошонун 10 пайызын дагы каржылап бербей койгон. Ошондой пландарды ишке ашырыш керек эле. Автоматтын үнү угулуп жаткан кезде эч нерсе чечилбейт. Бардык нерсе сүйлөшүүлөр менен чечилет. Азыр эки эл урушту. Тажик тараптан 2 адам кайтыш болуп, кыргыздардан 3 адам жаракат алды. Ал адамдардын жарааты айыкмайынча ошол окуя элдин эсинен кетпейт. Чек ара болгон менен, жүрөктөгү чек ара болбош керек. Негизгиси, кадрдык саясатка көңүл бөлүп, өз ишин билген кадрларды коюшубуз керек.
– Маселе жаралды, кырдаал курчуп кетти. Ушул чырды кантип чечип, кантип эки элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек?
– Ошол окуяга 1000 адам катышса, анын 900ү жаштар. Ошондуктан жаштар арасында чоң иштерди аткарыш керек. Эки элди жакындатыш үчүн маданий, спорттук иш-чараларды уюштуруу зарыл. Бул акимдин жумушу. Бийлик өзүнүн дараметин көрсөтүшү маанилүү. “Биз жөн эле сүйлөбөйбүз, ишти да кылганды билебиз” дегенди эл сезиш керек. Туура кадамдар башталганда Баткен эли өзү эле байкайт. Манас атабыздын жубайы Каныкей тажик кызы болгон. Муну биз жокко чыгара албайбыз. Ошондуктан биз ынтымак, биримдик менен гана сүйлөшүп маселени чечишибиз зарыл.