Учурдагы оппозициянын көрүнүктүү өкүлү, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдө учурдагы абал, бийликтин ага карата каралоо иштери жана өзүнүн кийинки кадамдары тууралуу 7-каналга маек берди. Бул маекти айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.
– Чек ара аймактарында жашаган эл ар кандай чыр-чатактардан тажап, көчүп кетүүгө аргасыз болууда. Коңшу өлкө менен эмнеге тең ата сүйлөшө албай жатабыз?
– Элди көчүрүп жаткандын өзү акылсыздык. Бул бийлик өзүнүн алсыздыгын башка бирөөлөргө жүктөп койгонго маш болуп калды. Соңку 20 жылдан бери ар бир бийлик кемчиликтерди мурункуларга шылтап, элдин башын айландырып кыйнап келе жатышат. Ал жерден көчүштүн кажети жок. Кылымдар бою жашап келген жерде калыш керек, жашаш керек. Башка маселе, ал жердеги жашоо шартын кандай кылып чечүү керек? Тажик Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Бирок ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган, маселени чече алган билимдүү азаматтар менен кыздардын жоктугунан ушул окуя болуп жатат.
– Мамат Айбалаев “Баткендеги чатак чыккан кыргыз жерин Адахан Мадумаров тажиктерге өткөрүп берген” деген маалымат айтты. Сиздин так жообуңуз кандай?
– Бул провокацияны бийлик өзү жасап жатат. Бийликтин акырынан жем жеп жүргөн кээ бир ММКлар аркылуу маселенин бүт баарын Мадумаровго оодарып, күнөө кимде экенин биз таптык деп кыйкырып жаткандыгы, кечирип койгула, бул айбандык. Бул бийликтин түркөйлүгү, сабатсыздыгы, коркоктугу. Ага эки себеп бар. Биринчиси – Бишкекте саясий аба-ырайы чыңалып жатат. Жакында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы болду, бир нече күндөн кийин бир эле партиянын эки съезди өткөнү турат. Мына ошондой кырдаалда бир нерсени ойлоп табыш керек болду. 15 жылдан бери пенсияда жүргөн Айбалаев сыяктуу, өмүр бою бийликтин камчысын чаап келгендер бар. Мен картайып калды сөз кылбайын десем, 2-3 күндөн бери чегинен чыгып жатат. 1995-жылы Масалиев 1-турдан өтүп кетпесин ушунун добушун бөлүп берсеңиз деп бажасы Акаев суранганда макул болгон эмесмин. Ошондон бери бул киши мага тескери жолдо жүрөт.
Бул бийлик от менен ойноп жатат. Бийликке жан тарткан азаматтардын баары кандайдыр бир катуу кагылышууга, провокацияга түртүп жатат. Эмне үчүн? Себеби саясий кырдаал абдан курчуп кетти. Сырттан бир нерсе ойлоп табыш керек болуп калды. Эгерде көзөмөлгө алынган кичинекей чыр чатак чыкса андан жакшы. Себеби биз кыргыздар ушундайбыз, сырттан коркунуч пайда болгондо муштумдай түйүлө калып, бүт бардык күчтү ошо сырттан келген коркунучка жумшайбыз. Мына ошондой кырдаалды түзгөнгө аракет кылышууда. Абийирсиз, арсыз бийликтин жасап жаткан иши ушундай болуп жатат. Мадумаровду улам-улам кошуп айтып жаткан себеби, биринчиден, окуя Токмок шаарында болуп жатса, Мадумаров чечкен маселе Кара-Балтада болуп жатат. Экөөнүн айырмасы бар. Экинчиден, берип койгон деп айтып жаткандары сабатсыздык. Жерди бериш үчүн документтер бир нече этаптардан өтүш керек. Өкмөт аралык келишим болот, андан кийин президенттер кол коёт, анан парламент ратификация жасайт. Ратификациядан кийин президенттер кайрадан кол коёт.
Бизнес жасап саясатта жүргөн азаматтар мындайды билбейт да. Эртең уят болуп каларын билишпейт. Өздөрүнүн жеке саясий маселесин чечиш үчүн эч кандай тиешеси жок нерсеге Мадумаровду жармаштырып жатышат. Ушул мезгилге чейин биз мыйзам бузулуп жатат деп укуктук талаптарды коюп келгенбиз. Ушул жуманын аягына чейин "Мен макул эмесмин" деген элдик кыймылы саясий талаптарды коюшу күтүлүүдө. Саясий талабыбыз мынчалык арам, элдин көзүн боёгон, коркок, адилетсиз бийликтин кетишин талап кыла турган маселени күн тартибине коёбуз.
– Сиз кол койгон эмне болгон келишим? Ал биздин кызыкчылыкка туура келеби?
– Бул талаш жер болгон. Кыргыз мамлекеттик каттоо кызматына барып көрсөңөр болот. Тажиктер 1 килограмм шекер алып баратса дагы, 5 килограмм ун алып баратса дагы биздин кыз-келиндерди чечиндирип, кыйнап, текшерип бир тараптуу чек ара постун коюп алышкан. Же согушуш керек же келишимге келиш керек. Ошол эле учурда Өзбекстан аркылуу электр энергиясын алып өтпөө үчүн тажиктер бизден көз каранды. Тажиктер Баткен-Канибадам деген электр зымын тартышы керек эле. Биз “силер зым тартасыңар, биз көпүрө курабыз” деп айттык. Биз ушундай келишимге келдик. Биздин жер деп жаткан силерде турат, силердин жер деген бизде турат. Карта боюнча да талаш. Бизден акылдуу, бизден мыкты азаматтар келет, ошолор чечет. Бирок ага чейин ыйлап жаткан элдин маселесин бүгүн чечишибиз керек эле.
Бул абдан мыкты, пайдалуу келишим. Муну тарых далилдейт. Ушул чечим мыкты экендиги далилденгенден кийин “биз даярдап бергенбиз, Мадумаров кол эле койгон” деген баатырлар чыгат. Улуу инсандын айткан сөзү бар "Акыр аягында бизге акарат кылып, бизге жалаа жапкандарды унутарбыз. Бирок бизге адилетсиз жалаа жабылып жаткан мезгилде унчукпаган досторду кечире албайбыз" деген. Муну эмне үчүн айтып жатам? Ошол мезгилде жыйылып Мадумаровду куттуктап, көтөрүп, башыма калпак, үстүмө чапан жаап, "сиз болбогондо бул маселе чечилбейт эле, жүз миңдеген элдин көз жашын кургаттыңыз, сиздин атаңызга рахмат" деп бата берген аткаминерлердин, аксакалдардын бүгүн унчукпай жатканы өкүнүчтүү.
– Оппозициянын көз карашы ар кандай болсо дагы, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу үчүн Атамбаев, Мадумаров, Текебаев сыяктуу лидерлер бириге аласыздарбы?
– Мен эчен жылдан бери айтып келем, жеке инсандын кызыкчылыгы үчүн эмес, эгер бүтүндөй мамлекеттин, бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн болсо биригүүгө даярмын деп. Мынчалык арам ойлуу, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосуна от таштап жаткан бийликти токтотуу үчүн ким менен болсо дагы биригиш керек. Мамлекетке, элге зыян тийгизип жаткан бийликти мүмкүн болушунча кетирүүгө аракеттерди жасаш керек.
– Аксы окуясы тууралуу…
– Ушул Аксы окуясы болуп жатканда эки ооз сөз айтмак турсун көздөрүн көргөзгөндөн коркуп отурушкан. Тескерисинче, президиумда Аксы окуясын талкуулап жатканда мыскылдап күлүп отурушкан. Бүгүн эми эл үчүн күйгөн болуп чыга калышты. Булар ошол мезгилде Акаевдин бийлигин колдоп, коргоп турушкан. А бүгүн баатырдай болуп чыга келгени абийирсиздик. Булар ойлоп жатат тарыхты ушундай кылып өзгөртүп койсок болот деп. Бурмалай албайт. Эртеби-кечпи маселе кантип жаралган деген иликтөөлөр чыгат. Аксы окуясынын ар бир мүнөт сайын жазылган окуялары бар.
Теледен көрсөтүлүп жаткан документалдуу кадр биринчи кезекте Мадумаровдун колуна тийген. Ошол кадрды Жогорку Кеңеште көргөзөбүз дегенде, бүгүнкү күндө Аксы үчүн күйүп, калпагын кийип алып капа болуп отургандар буту, колу менен каршы болушкан. Алар тескерисинче, биз менен күрөшүшкөн. Ошол жерге эстелик тургузуп жатканда эмне деген кыйынчылыктарга туш болгонбуз? Бирөөлөрдүн агасы ошондо губернатор эле. Жыйын кылабыз, куран окутабыз дегенде таяктар менен кубалап жүргөн азаматтар эле. Бүгүн эми көзүнөн жаш чыкпаса дагы куран окутуп жатат. Кудай ушунчалык чебер зат, чындыктын жанында чөгөлөтүп койду.
– Атамбаевдин саясатка кайра аралашам, парламенттик шайлоого барабыз деген билдирүүсүнө көз карашыңыз кандай?
– Эгерде ушундай баш аламандыкты токтотуу үчүн күрөшөм десе, мен колдойм. Мен Атамбаевдин мүнөзүн жакшы билем, эртеби-кечпи ичиндеги абийири чыдатпай кыргыз элинен кечирим сурайт деп айткам. Тилекке каршы Атамбаев менен 2015-жылдан бери көрүшө элекмин, сүйлөшө да элекмин. Кечээ айткан сөздөрүн ишке ашырам деген болсо жалгыз эле Мадумаров эмес, кыргыз элинин дээрлик көпчүлүгү колдойт. Туура эмес жолго бараткан бийликти токтотууга эртең кеч болуп калат. Мына ошо токтот деп гана айтып, мыйзамдын чегинен чыкпайбыз деп Акаев 14 жыл мамлекетти талкалаганча күтүп отурдук. Кийинки президент Бакиев туура эмес жолго түшкөндө мен эки жолу арыз жазып, эшикти тээп чыгып кеткен адам катары айтып жатам. Убагында токтотуу керек бардык нерсени. Кеткенден кийин баатыр болуштун кереги жок. Мен Атамбаевге алты жыл айыгышкан оппозицияда болдум. Бүгүн Атамбаев менен күрөшүүгө себебим жок. Ал пенсионер. Эгерде туура эмес жасаган ишимди өзүм оңдошум керек деп жатса, максат бир болсо, эмне үчүн кызматташууга болбосун? Мен муну бүгүн айткан жокмун. Мен 10 жылдан бери айтып келем. Максат бир болсо, ким болсо ошол болсун, аны менен кызматташууга даярбыз.