Борбор Азия үчүн күтүлгөн да, күтүлбөгөн да, ошол эле учурда тарыхый окуя орун алды. Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин түз эфирде, казак элине болгон атайын кайрылуусунда жарыялады.
Ал кайрылуусунда: "Мен өзүмдүн президент катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Бул жылы менин эң жогорку кызматка келгениме 30 жыл болот",- деди.
Билдирүүсүнөн кийин Назарбаев акыркы жарлыгына кол коюп, аны ошол жерде окуп берди. Документке ылайык, Назарбаев 2019-жылдын 20-мартынан тарта президенттик ыйгарым укуктарын тапшырды. 20-март күнү убактылуу президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткарып баштады. Президенттиктен кеткен менен, Назарбаев бийликте кала берди.
Президенттик кызматтан кетип, бирок бийликте чечүүчү адам болуп кала берүүгө ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү президенттер буга чейин деле аракет кылышкан. Алсак, Алмазбек Атамбаев досу, ошол кезде эл ичинде саясий рейтинги аз болгон Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка алып келип, өзү болсо шайлоо аркылуу парламентке келип, андан ары өкмөт башчылык кызматка келүүнү көздөгөн. Ал үчүн Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жарандык коом каршы чыкканына карабай 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүгө барып, өкмөт башчынын бийлигин күчөттү. Бирок Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда бир нече айдын ичинде жик кетип, сценарий ишке ашпай калды. Аз күн мурун Атамбаев башында турган КСДП партиясы расмий түрдө оппозицияга кеттик деп жарыялашты.
Ушуга окшош сценарийди Армениянын ал кездеги президенти Серж Саргсян да ишке ашырмакчы болгон эле. Бирок Пашинян баштаган элдик толкундоолор Саргсяндын өкмөт башчылык аркылуу бийлигин улантуусуна жол бербеди.
Назарбаев биримдиктеги кесиптештеринин окуяларын кайталабады. Ал президенттик кызматтан кетип, ошол эле учурда бийликте калды. Башкача айтканда, Назарбаевге президенттик кызматтан кеткиче эле өмүр бою Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугу берилген. “Коопсуздук кеңеши жөнүндө” мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Демек, өлкөнүн тышкы жана ички саясатын аныктайт. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери жана Конституциялык кеңештин мүчөсү бойдон кала берет.
Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда Алматы облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Быйыл 79 жашка чыгат. Ал 1990-жылдын апрелинде Казак ССРинин башчылыгына келген. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин 1991-жылы 1-декабрда президент болуп шайланган. Андан бери 1999чу, 2005чи жана 2011-жылдары президенттик шайлоолордо жеңишке жеткен. 2015-жылы апрелде өткөн мөөнөтүнөн мурунку шайлоодо бешинчи ирет мамлекет башчы болуп шайланган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg