Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Бишкекте КСДП партиясынын демилгеси менен 2002-жылдагы Аксы окуясын, ал кандуу окуяда бейкүнөө каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өттү. Митинг-реквиемге экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышып, сөз сүйлөдү. Атамбаевдин кеби адаттагыдай эмоцияга толо болуп, кызуу талкуу жаратты. Биз экс-президенттин сөзүнүн урунттуу учурларын беребиз:
– Аксы окуяларынын Кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар. Анткени бул окуя болбосо, 2005 жана 2010-жылдары болгон революциялар болмок эмес. Аксы окуясында эл эркин сүйлөсүн, талабын ачык айтсын деп каза болгондор болду. 17 жыл мурун 2002-жылы 17-мартта ээн талаада куралчан аскерлер бийликтин буйругун аткарып куралы жок карапайым элди аткан. Ошол жерден беш киши кайтыш болуп, ондогон адам жаракат алган. Эсимде бар, 2002-жылы январда Түркияга кеткем. УКМКнын кызматкерлери келип "кетесиң же көзүңдү тазалайбыз, өлтүрөбүз" деп айтышкан. Ошондо аман болоюн деп кетип калгам. Бирок мындай окуя болуп жаткандан кийин мен Кыргызстанга келип, Аксыга чейин баргам.
Азыркы бийлик Атамбаевге барбагыла деп аксылыктарга күйүмүш болуп жатат. 2002-жылы Сооронбай Жээнбеков вице-спикер, акеси Жусуп Жээнбеков губернатор эле. Алар бир сөз сүйлөбөй, тымпыйып эле отурушкан. Жээнбековдор жылуу, жумшак отурганда биз Акаевдин бийлигине каршы чыкканбыз. Бакиев келгенден кийин аксылыктардын каармандыгы унутулуп баштаган. 2012-жылы президент катары “Аксы окуясынын 10 жылдыгын бүт Кыргызстандын деңгээлинде өткөрөлү” деп указ чыгаргам.
“АТАМБАЕВДИ ӨЛТҮРҮП САЛСАҢАР ДА...”
– Баарыңардан кечирим сурайм. Өмүр бою үй-бүлөлүк, авторитардык бийлик менен күрөшүп жатып, бул адамдын (ред: Сооронбай Жээнбековдун) ичин көрбөй, тышын эле көрүп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү колдоп бийликке алып келгеним үчүн кыргыз элимден кечирим сурайм. Бирок мен өз катамды дайым оңдойм. Булар ойлоп жатышат “эптеп Атамбаевди жоготсок же саясаттан такыр эле жок кылсак анан тынчыйбыз” деп. Андай болбойт, кыргыз эли башка. Атамбаевди өлтүрүп салсаңар да ордуна жүз миңдеген Атамбаевдер чыгат.
“СЕНИ КАРАП БАКИЕВДИ КӨРҮП ЖАТАМ”
– Былтыр 29-мартта Сооронбай Жээнбеков үйгө келип, коньяк, арак ичип отурдук. Мен коньяк ичип коём, Жээнбеков агын ичет. Калп десе күбөлөрүм бар. 4 сааттан ашык убакыт сүйлөшүп отурдук. Ошондо ал менден Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов, Сапар Исаков тууралуу съездден айтпа деп суранды. Ноябрдын аягында Райымбек Матраимов ким экенин билдим. Анан мен ага ачык айттым: "Соке, сени карап Бакиевди көрүп жатам" деп. Бир жыл мурун айткан сөзүм чындык болуп чыкты. Ошол үчүн кечирим сурадым. Албетте, азыр мамлекет башка, эл башка. Ошол эле күч органдары Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов үчүн өз элин атпайт деп ишенем.
“ЭЛ СЕЛДЕЙ БОЛОТ”
– Сооронбай Жээнбековго бир жыл мурункудай дос катары эмес, экс-президент катары кайрылгым келет. Сооронбай Жээнбеков, сен партияны (ред.: КСДПны), "Айкөл Ала-Тоо" коомун гана бөлгөн жоксуң, сен элди бөлүп жатасың. Мен сени атайын эл түндүк-түштүк болуп бөлүнбөсүн деп Оштон алып келгем. Сен элибизге чоң жарака жасап, элди бөлүп баштадың. Токто! Кеч боло электе токто. Анткени эл деген бул сел, бир күнү ойгонсо селдей болот. Эч ким токтото албайт. Биз аны көргөнбүз.
“ДЕПУТАТТАРДЫН БААРЫ АСЫЛБЕКТИН КӨЗҮН КАРАП КАЛАТ ДЕП АЙТКАМ”
– Мен бир жыл мурун, 31-мартта съездде, андан кийин пресс-конференцияда Сооронбай Жээнбековго дос катары кайрылгам. Анда аны дос катары эсептечүмүн. “Соке, эгерде коррупция менен күрөшөм десең «Райым миллиондой» досуң болбошу керек. Эгерде Асылбек Жээнбеков мандатын өткөрүп бербесе, Мискенбаев айткандай, үй-бүлөлүк режим курулуп баштайт. Анда парламент депутаттарынын баары Асылбектин көзүн карап калат” дегем. Мына ал дагы айтканымдай болду. Рыскелди Момбеков иним айтып жатат “түкүрүк өкмөт” деп. А бирок парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек тартып ал десе тартып алат, чимкир десе чимкирет. Аягында сөз сага тийет деп айткам. Көрүп жатасыңар, аягында жаман аттуу Сооронбай Жээнбеков болуп жатат. Анда мен ага жан тартып айткам. Анткени душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg