Кыз–жигит
Сүйүү үч бурчтугу. Мындай абалга кабылгандардын саны арабызда аз эмес. Кызганыч, жек көрүү, таарыныч, ажырашуу... Керек болсо сүйүүсү үчүн үчүнчү адамдын көзүн тазалаганга чейин баргандар да кездешет. Деги эле сүйүү үч бурчтугу эмнеден улам пайда болот? Бүгүн ушул маселе тууралуу сөз кылабыз.
СҮЙҮҮ ҮЧ БУРЧТУГУНДА КИМДИН РОЛУ ЧОҢ?Бирөөнү экөө сүйүп калуу же бир адамдын экөөнү жактырып калуусу... Бул татаал сүйүү формуласы адамзатына сүйүү пайда болгондон тарта жаралган десек жаңылышпайбыз.
“Сүйүү үч бурчтугу эмнеден улам жаралат? Мында ким кандай ролду ойнойт? Бул абалдан кантип чыгуу керек?” деген сыяктуу суроолорубузга “Анти-Стресс” психологиялык борборунун адиси Ксения Бенисович жооп берет.
– Ксения, сүйүү үч бурчтугу деген эмнени түшүндүрөт?
– Сүйүү үч бурчтугу адамзатында сүйүү сезими пайда болгондон тарта эле жаралган. Эми “сүйүү үч бурчтугу” деген түшүнүккө токтоло кетсем. Бул үч адамдын ортосундагы сүйүү мамилеси, байланышы дегенди эле түшүндүрөт. Мисалы, бир мырзанын эки бийкеч менен мамиледе болушу же эки мырзанын бир бийкечти жактырып калышы. Эми буларды өз-өзүнчө талдап көрөлү.
Эки мырза менен бир бийкечтин ортосундагы сүйүү
– Мүнөзү, табити жагынан окшош жана бир чөйрөдө жүргөн мырзалар мындай абалга көп кабылышат. Бирок мындай учурда сүйүү үч бурчтугунан чыгуу жолу оңоюраак десем болот. Себеби көбүнчө мырзалар маселени чечүүнү өз колдоруна алышат. Жеңиш күчтүүсүндө же амалкөйү тарапта болуп калышы мүмкүн. Учурда акчалуусунун да мүмкүндүгү көбүрөөк болуп кеткен учурлар бар. Бул социалдык абалдан улам чыгып жатат. Ал эми кээде мырзалар бири-бирин урматтап, экөө тең сүйүүсүнөн баш тарткан учурлар кездешет.
Бийкечтер горизонтто эки мырза пайда болгондо, албетте, мырзалардын мүнөзүн анализдешет. Адамдардын ичинен идеалдуу мүнөзгө эгедер жанды табуу кыйын. Ошондуктан бийкеч бир мырзадан өзүнө жаккан камкордукту тапса, экинчисинен оор абалдан чыгып кете алган тапкычтыкты көрөт. Ошентип, тандоодо көп чайналып калгандыктан, мырзалар чечүүчү ролду ойноп кетишет.
Бир мырза жана эки айымдын ортосундагы мамиле
– Мырза биринчи бийкечти болочок балдарынын апасы, ата-энесине күйүмдүү жан, ал эми экинчисин сулуулугуна, баскан-турганына, кийингенине карата тандайт. Ошондуктан убакыттын өтүшү менен мырзалар көбүнчө биринчи вариантты тандашат. Бирок бул маселенин чечилиши бир топ жаңжал, чыр-чатактар менен коштолуп кетет. Себеби аялзаты табиятынан намыскөй келет. Мындай абалга кабылган айымдардын жан кечтиликке барган учурлары да аз эмес.
– Сиздин сөзүңүзгө караганда, сүйүү үч бурчтугунда кыздардын ролу азыраак болот экен...
– Бекеринен айымдар кабыргадан жаралган эмеспиз да. Бирок муну менен мен айымдардын сүйүү үч бурчтугунда ролу мынчалык деңгээлде деп айта албайм. Сүйүү үч бурчтугу ар кандай кырдаалда, ар кандай мүнөздүү адамдардын ортосунда жаралат. Ошондуктан үч бурчтуу оюнда ар кимдин ролу шартка жараша болот.
ПСИХОЛОГДОРДУН КЕҢЕШТЕРИНЕН
Төмөндөгү кичинекей экспериментти жасап көрүңүз.
Айнура Салахидинова, ырчы:
“ЭМИ ЭЧ КИМДИ СҮЙӨ АЛБАЙМ ГО...” Эстрада ырчысы Айнура Салахидинова да сүйүү үч бурчтугуна кабылып, анын азабын тартып жүрөт.
– Алгачкы жана тунук сүйүүмдүн мындай болуп калганына бир чети өзүм да күнөөлүүмүн. Мен ал жигиттин атын атабай эле коёюн. Эриндери бөрсөйүп тургандыктан, өрдөгүм деп эркелетчүмүн. Биз 2008-жылы куудулдардын концертинде таанышканбыз. Ошол күндөн баштап эле ал мага ашыктык СМСтерин жаза баштады. Алгач кыз каадасын кылып жооп бербей жүрдүм. Бирок жүрөгүмө сүйүү үрөнүн сээп койгонун туюп жүргөм. Ошентип, дагы бир концертте мамилебиз жакындай түштү. Буга чейин эч кимди сүйүп көрбөгөн жүрөгүм ал деп сого баштады.
Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө эки жылдай болуп калган. Бир күнү бейтааныш аял телефон чалып: “Ай, кыз, сен бирөөнүн бактысына колуңду сунба! Сен менин курбумдун жолдошу менен мамиле куруп жүрүптүрсүң!”- деп көзүмдү ачты. Андан кийин жигитимдин аялы да телефон чалды. Сүйлөштүк. Анын сабырдуу аял экенине баа бердим. Ал мага “кел, кеңешип кескен бармак оорубайт, бир чечимге келишели” деди. Мен убакытты создуктуруп жүрө бердим. Чынын айтсам, бир чети үй-бүлөлүү кишини сүйүп калганыма күнөөлүү болуп турсам, экинчиден, сүйүүм үчүн күрөшкүм келди. Бирок аялы дагы телефон чалып “силер, артисттер, ушундайсыңар, жөн жүрбөйсүңөр” деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатты.
Ошондон кийин ашыгымды ачык сүйлөшүүгө чакырдым. “Аялың бар экенин эмнеге айтпадың?” деп күнөөлөгөн жокмун. Биринчи эле “сен мени сүйөсүңбү же аялыңдыбы?” деген суроо узаттым. Мына ушул суроомо таң каларлык жооп алдым. Ал “сени да, аялымды да бирдей сүйөм. Өзүм да эмне кыларымды билбей калдым” деп жооп берди. Жакындарымдан кеңеш сурасам, курбуларым “сүйүүң үчүн күрөш” дешсе, ата-энем буга таптакыр каршы болушту.
Бул окуядан кийин жолукпай калдык. Мен аны дагы эле унута албай келем. Ал да кээде телефон чалып калат. Убакыттын өтүшү менен унутам деп ойлогом, бирок аны эстеген сайын жүрөгүм эзилет. Экөөбүз чогуу өткөргөн күндөрдү эстесем, кайрадан эле жүрөгүм ал деп сого баштайт. Сүйүү үч бурчтугунан чыга албай каламбы деп корком. Себеби андан кийин сунуш киргизген мырзалар көп эле болду. Бирок бир нерсеге байланып калгандаймын. Эми эч кимди сүйө албай калдым го...
АФОРИЗМДЕР
Кээде эки адамдын ортосундагы алыстык үчүнчү адамдын баш багуусуна алып келет.
Станислав Ежи Лец
Ар бир эркекке үч аял керек. Энеси, аялы жана аны чыныгы эркек деп эсептеген айым.
Данил Рудый
Үй-бүлө деген ушунчалык жакшы нерсе, кээде экинчисин да түзүп алабыз.
Адриан Декурсель
Сүйүү үч бурчтугу эки жашоону алып кетүүгө эрки жеткендер үчүн.
Ванда Блоньская
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg