РОЗА РЫМБАЕВА БИШКЕКТЕ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАЙТ

“Казак-кыргыз бир тууган” демекчи, ордо калаабызга Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаева өзүнүн жеке концертин берет. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары мындай деп билдиришти.

– Роза Рымбаева 18-апрель күнү өзүнүн жеке концерти менен кыргыз элиндеги күйөрмандарын кубандырганы турат. Чыгармачылыкта жүргөнүнө 40 жыл толгондуктан бул юбилейди утурлап, отчёттук концерт берет. Өзүнүн музыканттары менен келип, ырчы дайымкыдай жандуу үн менен ырдайт. Репертуарындагы “Нарындан жазган салам кат” аттуу ыры менен биргеликте орусча, кыргызча, казакча ырларын аткарат. Концерт Бишкекте Спорт ордосунда болот.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан