Ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов айрым ырчылардай өзүн жарнамалаганды жактырбайт. Элдин көңүлүнө жаккан обондорду чыгарып, мугалимдик кесибин аркалап келет. Эки жылдан бери Ош Мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору болуп эмгектенген Түмөнбай 30-март күнү Бишкек шаарындагы Кыргыз драма театрында жеке концертин бермекчи. “Концертте менин обондорум аткарылып, бир бөлүгүн жалаң дуэттерге арнайбыз. Башкалардай болуп элди сюрприз күтөт дебейм. Бирок менин жаңы ырларымды күйөрмандарым угуп чер жазышса, мен аларга эргип ырдасам деп дегдеп турам”,- дейт ырчы мырза.
Эске салсак, Түмөнбай Колдошов Алтынай Нарбаеванын “Жарты кайык”, Самара Каримованын “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, Эрнист Бөрүбаев жана өзү аткарган “Сиз жөнүндө” аттуу ырлардын обонун жазган.