Айдана Дека: “АЙЫЛДЫН ЖАШООСУ МАГА ЖАКТЫ”

16-март күнү Ош шаарында Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тою болуп өттү. Тойго Аваздын ата журту, туугандары, Айдананын төркүндөрү, ырчы мырзанын сахналаш достору катышты. Эки жашка өкүл ата, өкүл эне болуп Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров шайланып, алар балдарына чет өлкөгө эс алууга жолдомо беришти. Аваз менен Айдананы жакшылыгы менен куттуктап, тойдогу кызыктар, ырчы айымдын келиндик доору тууралуу сурадык.

– Аваз, Айдана, куш бооңор бек болсун! Аваз, Ошто, кайра Бишкекте той берет экенсиңер. Эки тойдо кандай айырмачылык болот?

– Ошто менин ата-энем, ата журтум турат. Ошондуктан биринчи бул жакка той берүүнү чечтик. Ал эми Бишкекте Айдана экөөбүздүн кесиптештерибиз, досторубуз катышкан заманбап той болот.

– Элдин баары сени Сыймык Бейшекеевди өкүл ата кылып шайлайт деп ойлошкон экен. Ал кишини эмнеге шайлабай калдың?

– Рахмат! Туура айтасыз, “эмнеге Сыймык Бейшекеевди өкүл ата кылган жоксуң?” деп көп сурап жатышат. Сыймык атам мага өз атамдай болуп калган. Ал кишинин орду менин жашоомдо чоң. Атамды өкүл ата кыла албайм да (күлүп).

– Айдана, үйлөнүү тоюңарда сенин үч ирет көйнөк алмаштырганың кызыгуу жаратты...

– Ар бир тойго бир көйнөк менен чыга албайт экенсиң. Андыктан ыңгайына жараша алмаштырып жаттым. Жакында Бишкекте өтчү тойдо да үч ирет үлпөт көйнөк алмаштырам. Көйнөктөрүмдүн баасына деле маани берген жокмун. Мага жакканын, ыңгайлуусун тандадым. Ал эми баасын Аваз өзү сүйлөшүп жатат.

– Келин болуп келгенде сен билбеген кандай салттар болду? Айылдын турмушу жактыбы?

– Жаңы келин болуп келгенде эки колума сары май сүйкөп, колума депкир менен чөмүч карматышты. Бул улуу жеңем эстафетаны мага өткөрдү деген түшүнүк экен. Көшөгөдөн чыккандан кийин жеңемдин көзөмөлүндө өзгөн күрүчүнөн аш бастым. Баары мактап жешти.

Айылда мурун жашабагандыктан, баары мага кызык көрүнүп жатат. Мени көргөнү кичинекей кыздар-балдар келип чай куюп же башка жумушту жасап жатканымды сүрөткө тартып алышат. Кыскасы, айылдын жашоосу мага жакты.

– Бактылуу болгула, эки жаш! Маегиңерге рахмат!

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимов менен Айдана Деканын Оштогу үлпөт тоюнан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
CuMBoJI
2019-03-25 10:57:21
Нурлан менен Аселден ашып кетишти го
+9
Bobby1995
2019-03-25 12:04:46
Иии дагы той болобу не кереги бар ысырап корчулуктун Ош мн Бишкек жакын элего Тообо кызыксыз болотго дагы той болсо
+6
Gul_gulum
2019-03-25 12:12:51
Инстаграмга киргизиптирго жаш балдар келсе не келдинер деп видео тартып
+5
NikkiMartin
2019-03-25 12:21:28
Уй було сыр сандык болуш керек. Бул экоонуку проходной двор болуп калды. Инстаграмм да, ХХХХ до.
+6
Shahrizaada
2019-03-25 12:26:33
Асел мн Нурлан эми эле өпкөлөрүн басып отуруп калышты эле. Эми булар баштады, өпкөсүн башына көтөрүнүп.
+14
Skarlett-Skarlett
2019-03-25 13:28:50
Айдана ото жонокой,жакшына кыз тура.Кополоктой назик экен.Бактылуу боло гой чырагым!
+1
elmira.
2019-03-25 15:29:10
Аваз мынча акчаны кайдан таап жатасын?кайра кайра той берип,кайра кайра койнок кийгизип?
+5
baatyr79
2019-03-25 19:34:24
elmira.,тойго барган акчаларын чогултат да чёрный касса.
+5
Snejana
2019-03-26 00:05:32
elmira.,кредит алды го
+4
adiaza
2019-03-26 15:55:15
Сыймык Бейшекеев оз атасындай болсо тойго келиптирби, тойго чакырыптырбы суроттордо корунбойт го, оз атасындай киши болсо тордо отурат эле
-3
Nura2016
2019-03-26 16:03:00
Бактылуу болгула
0
Nura2016
2019-03-26 16:03:20
Соонун
0
Urmat7055
2019-03-27 00:15:52
Башы да орууган эмес го мен кийип жатам Авас толоп жатат
+9
shumkar929292
2019-03-28 18:53:44
Сыймык Бейшекеев жүрөт тойдо
0
Aznazalai
2019-03-30 12:18:57
Асел мунун жанында момун турбайбы)))
0
pero5184
2019-03-30 21:07:36
Бактылуу болгула
0
tyrgon
2019-03-31 16:10:04
Айыл жакса калда айылда шаарда сенден башкасы жетиштуу
0
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан