Тагдыр
Ишенимсиз адамдын жашоосу оор. Баарынан да жакын адамың ишеничиңди сындырганы кечиргис нерсе болот тура.
Назира аттуу айымдын баяны жеке эле мени эмес, окурмандарды да ойго саларына ишенип турам. Чакан китепчесин көтөргөн эже “эмне деп баштасам, сиңдим?” деп жылмайды. Жагымсыз элестерден качкансып көпкө үн катпай турду да, сөзүн төмөндөгүчө баштады:
– Мен жашоомдо жалаң гана жакшылык кылгым келчү. Бирок жакшылыгым айланып келип өз башыма муш болорун ойлонбопмун. Күйөөм экөөбүз сүйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Тогуз жыл жашап, бирок балалуу боло албай жүрдүк. Базарда иштеп, бир топ эле бутубузга туруп калдык. Ошол күндөрдүн биринде бир тууган эжемдин кызы күйөөсү менен ажырашып үйүнө келгенин уктум. Эжемди аяганымдан “мага жибер, өз кийимин, ичкен-жегенин тапсын” деп жаныма чакырып алдым. Билбейм, кайсы учурда, кайсы маалда күйөөм менен сиңдимдин ымаласы келишип калганын. Мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Бир күнү күйөөм “Назира, сен базарда иштей бер. Мен талаага чыгып, сезондо жер иштетейин. Ал үчүн мага 30 миң сом керек” деген сунушун айтып, акча сурап калды. Өз алдынча эч иш кылып көрбөгөн күйөөмдүн жер иштетейин дегенине сүйүнүп, сураган акчасын колуна карматып, кийим-кечесин салып узатып кала бердим. Сиңдим да “жумуш таптым” деп батирге чыгып кетти. Көрсө, экөө мен берген акчага бизге жакын эле жерге батирге чыгышкан экен. Мен алардын бул жосунун билбей жүрө берипмин.
Базарга чыксам элдин баары мени бир таңыркаган, бир аяган көз караштар менен эле тиктей беришчү болду. Түшүнбөй, көйнөгүмдү оңдоп коюп басып кетчүмүн. Бир күнү күйөөм “талаада жалгыз зеригет экем, мага телевизор сатып бер” деп калды. Ошондо деле “талаада кайсы токко саят?” деп ойлобоптурмун. Тандап жүрүп телевизор, ага кошуп программа сатып алдым. Үйгө келип ысык тамак жасап, программаны окуп отуруп, ылдый жагын тытып койчу адатым менен тытып койдум. Күйөөм кудуңдаган боюнча телевизорду көтөрүп кетти. Ошол күнү жакшы санаалаш бир эже келген эле. Сүйлөшүп отурганда: “Назира, сен байкуш чын эле эч нерсе билбейт окшойсуң. Көзүңдү ач, сага боорум ооруп жатат”,- деп калды.
– Эмне тууралуу айтып жатасыз?- дедим.
– Күйөөң менен сиңдиңдин эрди-катын болуп жашап алгандарына канча болду. Сен дагы деле эч нерсени сезбей жүрөсүң. Ишенбесең, мына сүрөтү!- деп сүрөттү алдыма ыргытты. Сүрөттү көрүп, көргөн көзүмө ишене албай турдум. Жүрөгүм бир солк этти. Күйөөм менен сиңдим кучакташып кафеде түшүшүптүр.
– Жок! Мындай болбойт! Анын мындайы жок болчу!- сүйлөнүп, денемди калтырак басып кетти. Чындыгында, күйөөмө аябай ишенчүмүн. Анын үстүнө колумдан келип тургангабы, көзүмдүн кареги менен тең айланып турчу да. Тиги эже мага боор ооруй карады да, чыгып кетти.
Сөзүнүн ушул жерине келгенде эженин көзүнөн жашы чууруп кетти. Ыйын токтотконго да, бир нерсе деп жубатканга да алым келбеди. Аздан соң өзүнө келген эже баянын улантты.
– Акыры жанагы эже таштап кеткен дарекке бардым. Эшикти ачып эле сиңдимдин жалгыз экенин көргөндө жүрөгүм бөксөрө түштү. Оюмда “баары жалган болуп калса экен” деп жатам да. Чыгып баратып столдо эртең менен мен сатып алган телевизорду, жанагы чети айрылган программаны көрүп калдым. Ошондо гана болгон окуянын чын экенине көзүм жетти. Өзүмдү унутуп, сиңдимди сабап кирдим. Бир үн чыгарган жок. Ошондо бычакты ала салып матырып алайын деп барып колум барбады. Тиги отура калып, аман калды. Экинчи ирет бычакты ыргытайын десем колум карышып калган экен, сөөмөйүмдү шылып алдым. Канды көрүп өзүмө келе түшүп, сыртка чуркап чыктым. Ошол үйдөн, ошол жерден качып жоголгум келди. Дикилдеп кан жолдо жүгүрүп бараттым. Ыйлап бараттым, экөөнү каргап бараттым. Тагдырымдын ошол күнкү жолун эч кимге каалабайм. Кан жолдо өзүмдү жоготуп чуркап баратканда жолдон чыга калган машина коюп кетти. Айнек жүзүмө тепчилип калып, минтип жүзүмө да так салынды.
Эженин бетинде билинер-билинбес тырык бар экенин байкадым. Жүзүн сылай берип оор улутунган эже андан ары сөзүн улады.
– Намыстан киши катуу сынат экен. Ошол боюнча базарга да чыкпай койдум. Элге тараткан товарларымдын да кай биринин акчасын алган жокмун. Күнү-түнү үйдөн чыкпай жатуу адатка айланды. Күйүтүмө чыдабай уксус, йод дегендерди да ичтим. Бир күнү орус кошунам келип: “Эмне, күйөөсү кетип калган жалгыз сенсиңби? Мынча эмне чөктүң? Ден соолугуңду кара. Барып текшерилип кел”,- деп мени көндүрүп, бейтапканага жөнөттү. Ал жактан “сиз балалуу болот экенсиз. Бир айлык боюңузда бар” деген таптакыр күтпөгөн кабарды угуп, эңгирей түштүм.
Караңгы түпкүргө түшүп кеткенсиген менин жүрөгүмө жеткен биринчи сөз ушул болду. Жашоонун уландысы, тагдырымдын мени соороткон белеги ушул экенине ынандым. Тогуз жыл күттүргөн наристе эми ата-энеси эки жолго түшкөндө жаралганына бир чети таң калсам, бир чети жандан кечип турган мени жашоого жетелеген үмүт бар экенине сүйүндүм.
Кудайга шүгүр, убагы жетип, дени-карды соо, татынакай уулдуу болдум. Бала бардык нерсени унуткарат дешет. Бирок тигилердин мага кылган чыккынчылыгын унута албай койдум. Күзгүгө каранганда жүзүмдөгү такты көрүп ошол күндү эстейм. Колумдагы бычактын изи да жүрөгүмдүн үшүн алат. Ал окуядан бери жети жыл өттү. Бирок ошондон бери өзүмдү колго алып, мурунку Назира боло албай койдум.
Ушул учурда сиңдиси жана күйөөсү экөөнүн тагдыры тууралуу да сураганга аргасыз болдум. Эже ууртунан жылмайып алды.
– Алар үйлөнүшкөн жок. Сиңдимдин андан кийин эки жолу турмушка чыкканын кулагым чалган. Күйөөм Орусияга кеткен боюнча дайыны чыкпай кетти. Экөө эки жакка кеткен соң чоң сүйүү деле болбосо керек деп калдым. Орто жерде мени тирүүлөй өлтүрүп кетишти. Өлтүрдү дебегенде эмне дейм? Эң сыйлуу, эң кадырлуу нерсемди алып кетишти, тилеги таш капкырлар. Сүйүүмдү, ишенимимди сындырып кетишти. Эки көзү от болуп күйүп кете турган шайыр адамды биротоло жок кылышты. Күйүттүн айынан оорукчан да болуп калдым.
Баянын аяктаган эже сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартып койду. Жаралуу жүрөгүн ого бетер кыйнабай, эжеге дем-күч берсин деп тилеп кош айтыштык.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg