“Супер-Инфо” гезитине мамлекеттик тескөөчү органдар тарабынан чабуул жасалып, аягы соттон адилеттүүлүктүн жеңиши менен аяктады.
14-март күнү гезиттин жетекчиси Шайиста Шатманова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган маалымат негиз болгон.
15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Финпол тарабынан маалымат таратылды. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” текшерүүгө документтерди бербей жатат деп айыптады. Буга "Супер-Инфо" гезити ЖМКлар аркылуу төмөнкүчө тактоо киргизди: "Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат айтып жаткан факт боюнча "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борборуна" Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Дал ушул текшерүүнүн жүрүшүндө “Супер-Инфо” гезитине Салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, басмакана менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткен. Андыктан Финполдун "редакция документтерди бербей жатат" дегени чындыкка дал келбейт".
Ошол эле 15-март күнү "ЖМКны колдоо борбору" коомдук фонду басмакана менен "Супер-Инфо" гезитинин нускасынын санында айырмачылык бар деген Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматын жокко чыгарды. "Салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 7-февралында "ЖМКны колдоо борборунда" салык мыйзамынын талаптары толук жана өз убагында аткарылары боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүгө бардык керектүү документтер толук көлөмдө көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлгөн. "ЖМКны колдоо борбору" тарабынан салык мыйзамын бузуу табылган эмес. Фонддо басылып чыккан бардык гезиттин, анын ичинде "Супер-Инфонун" да нускасында айырмачылыктар жок. Бардыгы мыйзам чегинде ачык жана так",- деп коомдук фонд тараткан маалыматта жазылат.
“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-март күнү Финполдо суракта 2 саат болду. Бул аралыкта аталган кызматтын алдына коомдук жана жарандык активисттер, укук коргоочулар, ЖМК өкүлдөрү гезитти колдоо үчүн чогулушту. Алардын катарында аталган гезиттин негиздөөчүсү, экс-элчи Кылычбек Султан, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев жана башкалар болду.
“БИЙЛИКТИН "СУПЕР-ИНФОГО" БАСЫМ ЖҮРГҮЗҮП ЖАТКАНЫ АДИЛЕТСИЗ”
“Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы, жарандык активист Адил Турдукулов бул ишти саясий өңүттөн гана кароо керек деп эскертти:
– Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден баштап сөз эркиндигине карата жеңилдик болгон эле. Бирок азыркы процессте биз кайрадан эски илдеттин кайталанышын көрүп жатабыз. Анткени "Супер-Инфо" жападан жалгыз ар бир регионго жеткен, таратылган жана абдан окумдуу гезит. Ошондуктан анын таасири абдан күчтүү. Учурдагы маалыматтык атаандаштыкка карабастан абдан популярдуу гезитти чыгаруу түйшүктүү. Буга карабай бийликтин басым жүргүзүп жатканы адилетсиз көрүнүш. Бул кысым саясий өңүттөн болуп жатат, муну ачык эле айтыш керек. Анткени “ММКларды колдоо борбору” дагы эч кандай маселе жок экенин айтып билдирүү таратты. Финполдун азыркы жасап жаткан ишин саясий өңүттөн гана кароо керек.
“БУЛ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА БОЛГОН ЖЭЭНБЕКОВДУН БИРИНЧИ БАСЫМЫ”
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун айтуусунда, маалымат каражатына басым башталганы жаңы бийликтин келечегине терс таасирин тийгизет:
– “Супер-Инфо" гезити – таасирдүү кыргыз тилдүү гезит. Азыркы күндө "Супер-Инфо" бийликтин ичинде болуп жаткан окуяларды ачык, объективдүү, ар тараптуу чагылдырган эгемендүү гезит болуп эсептелет. Мына ушул нерсеге басым кылалы, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга буралы деп бийликтин ичиндеги кайсы бир топтор чечим кабыл алган болушу ыктымал. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына ошолор көрсөтмө берип, “басым жасагыла” деп айтышы мүмкүн. Бул түздөн-түз эгемендүү маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине басым болуп саналат. Мамлекеттеги жаңы өнүгүп келе жаткан маалымат каражаттарына, эркиндикке, демократияга болгон президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын командасынын биринчи басымы деп айтсак болот. Адатта бизде президенттер жана анын тегерегиндегилер 3-4 жылдан кийин тийишип башташат. Тилекке каршы, азыркы президент жана анын командасы 1 жыл 4 ай болгондо биринчи эң таасирдүү маалымат каражатына басым баштаганы жаңы бийликке дагы, анын саясатына да, алардын келечегине да терс таасирин тийгизет. Бул уят иш. Менин көз карашымда, бул саясий куугунтук.
“БИЗДИН ЭРКИНДИГИБИЗДИ ЖЭЭНБЕКОВДУН АППАРАТЫ СЫНДЫРА АЛБАЙТ”
Журналист Мирбек Айтикеев “бийликти булардын ишин бирден сындыра берсек отура беришет экен дедирбешибиз керек” дейт:
– Кыргыз өлкөсүндө кандай саясат кармабасын, кандай көз карашта болбосун, бийликчил же оппозициялык ЖМК болобу, аларга бийлик тараптан кандайдыр бир кысым көрсөтүү туура эмес. Мурдагы бийликтерде да буга окшогон көрүнүштөр болуп келген. Алардын кандай жыйынтык бергенин да жакшы билебиз. Ошондуктан мен журналист катары “Супер-Инфонун” айланасында болуп жаткан иштерге кайдыгер карап турбай, колдоп чыгууну туура көрдүм. Мисалы, Аскар Акаевдин убагында “Асаба”, “Агым” деген гезиттер жабылган. Бийликти “булардын ишин бирден сындыра берсек отура беришет экен” дедирбешибиз керек. Биз ушундай учурда биригип, бийликке каршылык көрсөтүшүбүз абзел. Аксы окуясы, 2005-жылдагы Март окуясы жана 2010-жылдагы 7-Апрель окуялары буга далил болуп берет. Биздин эркиндигибизди Сооронбай Жээнбековдун аппараты же башка бирөө сындыра албайт.
“БУЛ БИЙЛИК ТАРАБЫНАН ЖМКга БОЛГОН БАСЫМ”
Укук Коргоочу Рита Карасартова “айыптоолор чындыкка дал келбегени далилденсе, анда арыз ээсин жоопко тартуу керек” деген пикирде:
– Албетте, бул бийлик тарабынан ЖМКга болгон басым. Гезиттин ээси оппозициялык көз караштары менен көрүнүп, куугунтукка алына баштаганда дайыма ушундай "бирөөлөр арыз жазды" деген нерселер башталат. Азыркы мыйзамда кандай гана киши болбосун, “мен азыр бул мекемеде мындай иш болгон деп күмөн санап жатам, ойлоп жатам” деген билдирүүнү укук коргоо кызматына билдирсе эле, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, мекеменин же адамдын үстүнөн текшерүү башталат. Эгерде гезитти айыптоо чындыкка дал келбегени далилденсе, анда арыз ээсин жоопко тартуу керек. Андай болбосо адамдар жоопкерчиликти сезишпейт.
“БИЗДИН БИЙЛИК ЭСКИ СИСТЕМДЕН ЧЫГА АЛБАЙТ”
Журналист Дина Маслова “бийлик эски системден чыга албагандыктан, сөз эркиндигине кысым токтобойт” деген пикирде:
– Саясий кысым токтобойт. Анткени мамлекетти башкарып тургандар эски системдин мураскерлери. Биринчиден, Советтер Союзу жана эгемендүүлүктү алган мезгилдеги президенттер бийликти узурпация кылгандай, азыркы бийлик дагы, кийинки бийлик дагы бул айлампадан чыга алышпайт. Экинчиден, жарандык коомдун аң-сезими бийлик менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы тиреште ЖМКны колдой турган деңгээлге жете элек. Бул негизги себептер. Мындан тышкары эгер президенттик аппарат мамлекеттик органдарга басым көрсөтпөсө деле, кыйытып айтылган сөздөр өз системин коргой башташат. Башкача айтканда, президент өзү түздөн-түз бирөөгө көрсөтмө бербей, жөн эле сөздүн четин чыгарып койсо бүт мамлекеттик аппарат президенттин пайдасы үчүн аракеттерин баштайт. Буга Алмазбек Атамбаевдин "Заноза" менен болгон окуясы мисал боло алат.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жөндүү негизи жок текшерүү жүргүзүү аракетине каршылык билдирип, тийиштүү токтом жокко чыгарылсын деп “Супер-Инфо” гезити Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Соттук отурум 18-19-март күндөрү 2 күн ичинде каралды. Кечээ, 19-мартта сот Абдразак Боронбаев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын инспекторунун “Супер-Инфо” гезити Салык кызматы тарабынан 2013-жылдан тартып кайрадан текшерилсин деген токтомун жокко чыгарды.
Мурдагы элчи, гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан соттун чечимин "Супер-Инфонун" гана эмес, адилеттүүлүктүн жеңиши" деп атады:
– Бүгүнкү соттун чечимин айрымдар "Супер-Инфонун" жеңиши деп жатышат, бирок мен буга кошула албайт элем. Бул – адилеттүүлүктүн жеңиши. Анткени адилеттүүлүк "Супер-Инфо" менен гана чектелип калбайт. Ал биздин коомубузга, адамзатка, кыргыз коомчулугуна керек. "Бүгүн жасаган ишиң эртең өз башыңа муш" дегендей, бүгүн адилетсиздик орун алса, эртең ал сөзсүз өз кесепетин бермек. Адилеттүүлүк бар жерде ынтымак жана өнүгүү бар.
Негизи бул адилеттүүлүккө оңой менен жетишкен жокпуз. Ошондуктан коомдук активисттерге, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына, КСДП партиясына, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Рита Карасартова, Калыс Боронбаев, Мирбек Айтикеев, Жанар Акаев жана башка адилеттүүлүк үчүн кошо күрөшкөн жарандарга ыраазычылык билдирем. Мындан тышкары бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кошкон салымы болду, аларга да ыраазычылык билдиргим келет.
Бул күрөштө негизги фигуралар болгон сот Абдразак Боронбаевге, жактоочу Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык айтам. Жактоочу айыптоонун адилетсиздигин юридикалык жактан далилдеп берди. Жогоруда айтылган инсандарды, партияларды, ЖМКнын өкүлдөрүн, сотту, жактоочуну жана Сооронбай Жээнбековду да адилеттүлүктүн жеңиши менен куттуктагым келет.
Адилетсиз иш кылгандар эртеби же кечпи адилетсиздиктин азабын тартарын жакынкы Кыргыз тарыхы жана дүйнө тарыхы далилдеп келе жатат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg