ТҮЗ ЭФИРДЕГИ ТЕРАКТ. МЕЧИТТЕГИ КОЛ САЛУУДАН 50 АДАМ КАЗА БОЛДУ

15-март күнү Жаңы Зеландияда мусулмандар адаттагыдай эле мечитке жума намаз окуганы барышкан. Аталган өлкөнүн Крайстчерч шаарындагы эки мечитке белгисиз жаран кирип келип, ок жаадыра баштаган. Мунун кесепетинен улам 50 адам каза болуп, дагы 50дөй адам жарадар болду.

ТЕРАКТ ТҮЗ ЭФИРДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН

Үрөй учурган кылмышка шектелип 3 эркек жана 1 аял кармалды. Кармалгандардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу жаран болгон. Ал мечиттин ичинде адамдарга карата автоматтан ок жаадырганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфирде көрсөткөн. Мечиттеги адамдар мындай каргашаны күтпөгөндүктөн эч кимиси каршылык көрсөтүүгө жетишкен да эмес. Бул кадамга эмне себептен барганын түшүндүргөн 74 барактан турган билдирүү жарыялаган. Брентан кылмыш жасагандан кийин унаасына түшүп айдап бара жаткан жеринен полиция тарабынан кармалды.

Кылмышка шектүү катары дагы 3 адам кармалган, бирок өзүн "ак улутчул" деп атаган Брентон Таррантка гана "адам өлтүрүү" беренеси менен айып тагылды. Брентон жактоочусунан баш тартып, кылмыш жасаганы үчүн эч кандай өкүнбөй тургандыгын билдирди. “Соттук отурумдарда ал өзүн өзү жактай тургандыгын айтты. Анын психикалык жактан жабыр тарткандыгы байкалган жок” дейт мурунку жактоочусу Ричард Питерс.

Белгилей кетчү нерсе, Жаңы Зеландияда өлүм жазасы 1961-жылдан тарта расмий түрдө токтотулган.

“ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯДА КАРА КҮН БОЛДУ”

Окуядан улам өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн бул кылмышты теракт деп баалады. “Жаңы Зеландия үчүн кара күн болду. Аны полиция кармап калбаса ал чабуулун дагы улантмак. Эми бул окуядан кийин өлкөдөгү курал-жарактын сатылышы боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек. Ок чыгарган кылмышкердин колунда беш курал болгон экен, анын бардыгын мыйзамдуу түрдө сатып алган”,- дейт Ардерн.

Кызыгы, премьер-министр Брентон Тарранттын билдирүүсү терактка 9 мүнөт калганда электрондук дарекке келгенин тастыктады. Бирок анда чабуул жөнүндө эч кандай маалымат жок болгондугун айтты.

Түз эфирге чыккан теракт Facebook баракчасынан чыккан. Мындан улам, аталган социалдык тармак бир сутка ичинде 1,5 миллион видеону өчүргөн.

ДҮЙНӨ ТЕРАКТ ДЕП АТООГО ШАШЫЛГАН ЖОК

Адатта мусулман эмес башка диндеги жарандар ушундай сыяктуу окуяда жабыр тарткан учурда дүйнө жүзү дароо дүрбөлөңгө түшөт. Бирок бул үрөй учурган мечиттеги кылмышты дүйнө жүзүнүн көпчүлүгү теракт деп баалоого шашылган жок. Ошентсе дагы Париждеги Эйфель мунарасы, Нью-Йорктогу Эмпайр-стейт-билдинг жана Сиднейдеги опера театрынын имараттарынын жарыктары аталган терактка байланыштуу өчүрүлдү.

Лондон шаарында жергиликтүү жашоочулар мечиттин кире беришине туруп, “силер ибадат кылгыча биз силерди кайтарабыз” деген плакаттар менен чыгышты.

Ошондой эле Жаңы Зеландия боюнча каражат чогултуу уюштурулуп, бир сутканын ичинде 2 миллиондон ашык доллар чогулган. Бул каражат жабыр тарткандарга бөлүнүп берилет.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursbaike
2019-03-25 09:50:28
49 мусулман шеит кетишти бирок 300 адам мусулман динин кабыл алды Аллах кудуреттуу
+3
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан