KG Эльмурат, ырчы: «3 КАБАТТУУ ҮЙДҮ 9 АЙДА БҮТҮРГӨНБҮЗ»

Ырчы KG Эльмураттын балалыгы Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында өткөн. Учурда чыгармачылык менен Бишкекте жашап жаткан ырчы мырзанын айылдагы үйүнө конокко бардык. «Мени кезинде усталар жаман көрүп жүрүштү, анткени шыптарды ай, күн, нанга окшош болсун деп көп убара кылгам. Үйүбүздүн туш кагаздарын өзүм тандап, жасалгасын өзүм чийгем»,- дейт ырчы мырза.


– Эльмурат, үйдүн тарыхына токтоло кетсеңиз. Качан бүтүрүп, киргенсиздер?

– Мурун мындай чоң үйдү 8-9 жылда деле салып бүтө албасак керек деп ойлочубуз. Бирок атамдын кеңеши менен 2013-жылы курулуш иштерин баштап, 3 кабаттуу үйдү 9 айдын ичинде бүтүрдүк. Албетте, үйдү бүтүрүүгө чоң каражат кетти. Атам, мен, эки иним тапкан акчаларыбызды чогултуп, күзүндө үйлөнөрүбүзгө 1 ай калганда салып бүтүрдүк. Иним экөөбүз бир күндө үйлөнгөндүктөн жаңы үйгө жаңы келиндерди алып келгенбиз.


– Короо-жайыңыздар кенен экен. Мал-жандыктар да көп окшойт. Арасынан сизге тиешелүүсү барбы?

– Бир туугандар чогулткан акчаны дайыма кеңешип иштетебиз. Бир жолкусун иним «мал алып койсоңуз, конок тоскондо же бирөөгө жетелей барганга керек» дегенинен 10 чакты кой алып кошуп койгом. Азыр үчөөбүздүкү биригип 70ке жетип калды.

Короо-жай боюнча, илгери бала кезде биз чоңойгон үй 8 сотых болчу экен. Кийин азыркы чоң үй турган жерди бир уйга алмашып алышыптыр. Ал кезде уй 8 миң сомго бааланчу дешти. Кийин дагы бир кошуна көчүп кеткендиктен, анын короосун сатып алдык. Ошентип кенен жерде жашап калдык.


– Айылдагы заңгыраган үй Эльмураттыкы деп көпчүлүк билсе керек?

– Айылдагылар биздин үйдү билишет. Кошуна айылга келген конокторго кызык болот окшойт, атайын келип үйдү көрүп кетишет. Арасында жаштар эле эмес, улуу муундагылар да бар (күлүп).


– Ак өргөөңөрдөн кут кетпесин!


Жер тилкесинин аянты – 24 сотых.
3 кабат үй, 12 бөлмөсү бар

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
KG Эльмурат: "3 кабаттуу үйдү 9 айда бүтүргөнбүз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Paprikafm
2019-04-01 09:33:22
Ошондо баарыңар чогуу жашайсыңарбы
0
Gul_gulum
2019-04-01 10:20:46
Paprikafm, сиз укмушсузго ар бир макалада эн биринчи сиздин коментиниз
+3
Paprikafm
2019-04-02 02:05:17
Gul_gulum,эрте менен биринчи мен окусам жазамбы, же сенден сурайынбы
-1
mela
2019-04-01 11:54:25
Ынтымактуу уйбулоо экен.Ата-энеси мыкты адамдар экен.Азаматтар!!!
+4
Pamirlan
2019-04-01 19:07:49
Насип кылсын, азаматтар,аялы жакты
+1
oshondoiraak
2019-04-02 00:36:29
Оа десең
0
Zhanybek88
2019-04-02 17:28:07
Ынтымактуу уй бүлөгө не жетсин азамат Элмурат
+1
Shaa-82
2019-04-03 11:00:55
Балдар болмосун ылдыйраактан кылбапсынарда коркунучтууго учунчу этаж
0
Kymbatym
2019-04-03 19:15:14
Тиникесин түстүүсүнө алмаштырып койсо болот экен актын түсү өчүп кетиптир.Бирок мен бир туугандардар тапканын бир үйгө топтогонун туура көрбөйм.Ар бири өзүнчө аракет кылышса болмок экен баары өзүнчө үйлүү болуп калышмак.Эми бул үй бирөөсүнө калат анан 2су үй жай кылышым керек деп жүрөт.
0
molorbaev
2019-04-06 09:43:06
Ынтымак бар жерде ырыс бар.
+1
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан