#ЧЕЛЛЕНДЖ: ЫРЧЫЛАР 10 ЖЫЛ МУРДА КАНДАЙ ЭЛЕ, АЗЫРЧЫ?

Жыл башында «10 жыл мурун жана азыр» деген челлендж интернет желесин каптап, көптөр архивдерин аңтарып жатып калышты. Так ошол челлендж кыргыз ырчыларынын да бүйүрүн кызытып, көптөгөн ырчылар сандыктагы сары майдай сакталган сүрөттөрүн жүктөшкөн эле. Биз дагы ырчылардын 10 жыл аралыктагы жетишкендиктерине, жашоосуна сереп салдык.


АЙЛАНЫП КАЗЫГЫН ТАПКАН АЙЖАМАЛ

Бир кездери «Жан, жан, жан, жолуктуң кайдан?» деп ырдаган Айжамал Кабылова турмуш жолуна аттанганда көп жигиттер «көзүнө жаш алышты» эле. Мындан туура 10 жыл мурун Айжамал Кабылова бакытка балкып, жолдошунун жанынан чыкпай карьера эмес, үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, чыгармачылыктан алыстап, атүгүл жолдошунун жанында болуу үчүн Орусияга да көчүп кеткен. «Кара кыздын агынан эмес, багынан. Жолдошу Азамат жакшы жигит» деп бул үй-бүлөгө суктангандар да, «Айжамал жакшы ырдайт, сахнага кайтса жакшы болот эле» деп капалангандар да чыкты. Ортодо жубайлар 1 уул, 1 кыздуу болушту. Чыгармачылык жагын айтсак, Айжамал айым бир кездери Гүлшайыр Садыбакасовадан өз алдынча кеткиси келип «АГК» тобунда ырдап баштады, кайра айланып казыгын тапты. Чыгармачылыкта жүргөн бир-эки кесиптеши менен кер-мур айтышканга да жетишти. Сахна адамдары сахнаны гана самайт тура. Акыры Айжамал кайра ырдайм деп Кыргызстанга кайтып келди. Таттуу түгөйлөрдү кайсы кара теке сүздү, белгисиз, айтор, көп узабай «бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты» деп ырдаган ырчы жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. Азыркы тапта Айжамал айым чыгармачылыгын Ош шаарында улантып, 2 баласын өзү тарбиялап келет. Жолдошу Азамат менен үй-бүлө очогун кайра тутантууга кам көрүп жүргөнсүйт.


ДИСКОТЕКАНЫ ТОКТОТКОН АЙГЕРИМ

10 жыл мурун «Дискотека түнкү Бишкекте» деп ырдап, так секире бийлеп жүргөн Айгерим Расул кызы азыр дискотекага барбайт. Кызыл өрүк менен сырдашпайт. Себеби азыр Айгерим 1 уул, 1 кыздын бактылуу энеси, сүйүктүү жар. Ал 10 жыл аралыгында эмнеге жетишти?

Башында Айгерим тасмага аралашып, өзүн актрисалык, ал эле эмес, режиссёрлук жактан сынап жетишти. Далай жигиттердин жүрөк оорусуна айланган ырчы айым 2014-жылы «индия киносундагыдай» сүйүүгө кезигип, Азамат аттуу мырзанын колун кармап, дүңгүрөтө той берип, ордолуу Ош шаарына келин болду. Ошондон бери Ош шаарында чыгармачылыгын улантып, ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, Хюрремдикиндей көйнөктөрдү атайын буюртма менен тиктирип тойлорду «жарууда»... Чыгармачылыктан тышкары ырчы ишкерлик менен алектенип, шакирт тарбиялап устат болууга камынып жүрөт. Жакында эле экинчи наристесин жарыкка алып келген Айгерим азыркы тапта бала жытына мас болуп турган чагы.


АНЖЕЛИКА АДАТТАГЫДАЙ ЭЛЕ БАКТЫЛУУ

Ырчы Анжелика 10 жыл мурун 1 кыздын энеси, жолдошу Урмат Бекболиевге назданган сүйүктүү жар эле. Экөөнүн бактысына элдин баары суктангандай сезилчү. Ал ошол 2009-жылдары тыныгуудан соң сахнага кайрадан кайтып, жаңыдан гана бизнестин эшигин кагып жаткан. Бул аралыкта ырчы айым көп ийгиликтерге жетишти. Ишкер катары ийгиликтүү болуп чыкты. Чыгармачылыгы да аксаган жок, тынбай иштеди. Ыр, клиптен тышкары теле жаатында да өзүн сынап баштады. Иштеп гана тим болбой, дагы 2 кыз төрөп, 3 кыздын апасы болду. Анжеликаны кумир туткандар көбөйдү. Бирок көз тийдиби же сөз тийдиби, айтор, ырчы айым ортодо устаты Айчүрөк Иманалиева менен чырдашты. Анан айымдарды бактылуу кылуу менен алек болду. Казакстандын шоу чөйрөсүнүн кыйындарынын бири Баян Максат кызынын курбусуна айланды. Андан соң көп жылдан бери түтүн булатып келген жолдошу менен ажырашып, өз алдынча кетти. Азыркы тапта Анжелика жалгыз бой эне, 3 кызын өзү тарбиялап келет. Ошондой эле «Kids star» тобун жетектеп, өзүн устат катары сынап жаткан чагы. Анын Инстаграм баракчасына үңүлгөн адамга Анжелика 10 жыл мурун кандай бактылуу айым болсо, азыр андан да бактылуу адамдай таасир калтырат.


БИЗДЕ ДАГЫ ДЕЛЕ МИРБЕК АТАБЕКОВ

«Сени гана» ыры менен эл оозуна алынып, Канат Култаевдин продюсерлиги астында Темир Назаровдун ордун баскан Мирбек Атабеков 10 жыл мурун кыздардын көзүн күйдүргөн бойдок жигит болчу. Андан бери ырчы мырза хит артынан хит жаратып, «бизде бир гана Атабеков» деп ырдагыдай деңгээлге жетти. 2013-жылы далай күйөрман кыздарын күйүткө салып, сүйгөнү Мээримге баш кошту. Бир кездери продюсери менен таксилеп жүргөн ырчы эбак эле унаалуу, үйлүү-жайлуу, эң негизгиси 2 баланын атасы болду. «Тийип-качып», «өчүп-жанып» ырдабай чыгармачылыкка олуттуу мамиле жасап жүрүп, акыры «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамын алды. Азыркы тапта Мирбек мырза эл аралык стандартка жооп бергидей жакшы музыкалык студия ачып, жаш таланттарга продюсерлик кылып артына мурас калтыруунун аракетинде. Коңшу казак элинде да тааныла алды. Чыгармачылыктагы «атасы» Канат Култаев менен кол үзүшпөй, урушпай-талашпай, жакшынакай эле иштешип жүрөт. Бирок жаш кездегидей эле «шоктугу» калган жок. Тагыраагы, «You are my destiny» сыяктуу «туздуу» кадрлары бар клиптерди азыр деле кээде тартып коюуда.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчылар 10 жыл мурун кандай эле, азырчы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Paprikafm
2019-04-01 09:39:44
Ачык ачык жазыпсыңар молодец
+3
Gul_gulum
2019-04-01 10:10:55
Ии жаман сооктон откоруп жазыптырго бирок азамат чынтыкты гана жазыптыр. Биз жаш кезибизде Мирбек деп суусайт элекго
+4
Aikan1966
2019-04-01 11:59:47
Айгерим сулуу бойдон,азамат.
+2
voennyi88
2019-04-02 22:55:00
Булсанда дагы Анжелика.
-1
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан