Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: «ТАБЫКЕМ ООРУП ЖАТКАНДА ДА КҮЧТҮҮЛҮГҮН КӨРСӨТТҮ»

Улуттук суусундукту жайылтып түбөлүк кылып берген, кыргыз жыттанган сөздөрү менен эсте калган Табылды Эгембердиев каза болгонуна 4 жыл болуптур. Элге такыр окшобогон креативдүү, күчтүү адамдын жүрөгүнө ээ болгон жубайы Жаңылсынзат айым анын сүйүүсү тууралуу маек куруп берди.


АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНАН ТУТАНГАН АШЫКТЫК

– 1990-жылдары Союз кулап, чоң саясий төңкөрүш болуп, демократияга суусап турган жарандар ачкачылык жарыялаган эле. Мен анда экинчи курстун студенти болчумун. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» деген кыймылды активдүү колдоого алган жарандардын бири элем. Ошол жерден Табыкем менен таанышып калдым. Ал учурда Табыке 39 жашта болчу. Анын оюнда да, менин оюмда да үй-бүлө куруп калабыз деген нерсе болгон эмес. Бирок ошондо эле дүйнө таанымыбыз, багытыбыз окшош болчу. Ошол кездеги окуяларды, эски системге карата таамай жазган макалалары байма-бай чыгып турчу. Эки тилде тең эркин жазчу. Көптөр журналист болчу деп айтып жүрүшөт, кесиби инженер куруучу болгон. Ортобуздагы 19 жашка карабай, экөөбүз тез тил табышып кеттик. 6 жыл өткөндөн кийин Табыкем сезимдерин ачык айтты. «Менде сага болгон жылуу сезим бар. Бул акылдын иши эмес, сезимдин иши» деди. Мен алгач каткырып күлдүм, уктап ойгонсом да түшүмө кирген эмес да. Албетте, кооптондум, корктум. Менден улуу адам, мурунку үй-бүлөсүнөн төрт баласы бар, мен турмушка чыкпаган кызмын. Апам да чалкасынан кетти. «Өзүм менен өзүм калайын, ойлоноюн» деп убакыт сурадым. Ошол учурда мага бир кеп айтты, «менин сунушумду сенин акылың кабыл албай жатат, бирок жүрөгүң мен деп эле жатат» деди. Таамай айтылган сөз болчу, акылым чын эле сезимге каршы турган эле. Баары бир жүрөк жеңди, 1997-жылы баш коштук. Сүйүүнү укмуш кооз сөздөр менен айтышат го, бирок биз эч айткан жокпуз, жүрөгүбүз менен билдирчү элек. Сезимибизди айтканга, сүрөттөгөнгө сөз табылбаса керек. Андай сүйүүнү, мээримди сезген адам гана мени түшүнө алса керек (ыйлап). Мен Табыкем тууралуу айтканда ыйлап жибербейин деп интервьюлардан качып жүргөм, даярмын деп ойлосом, азыр деле аны эстеш оор экен.


«КРЕАТИВДҮҮ ЭКОНОМИКАНЫ АЛ ЭБАК ЭЛЕ БИЛИП КОЙГОН»

– Ал китепти өтө көп окуган. Окуй берип, кийин гана ага кандай китеп жүрөгүнө жакын экенин сезип, ылгап окуй баштаган. Элден көп кадам илгери ойлонгон адам эле. Биз азыр «креативдүү экономика» деп сүйлөп баштасак, аны Табыкем 90-жылдарда эле баштап койгон. «Шоро» жана «Супара» чыгармачылыктын бизнеске айланган түрү. Биз баш кошо электе эле максым тууралуу айтып апасын көндүрө албай жүргөнүн айткан. Кайненем эски киши да, идеясын айтса, «ак сатылчу беле?» деп болбой коюптур. «Апа, бул нерсе унутулуп кетет. Бул суусундук эле эмес, ичкен адам атасын, апасын, айылын эстеп ичиши керек. Базарларга жарма, максым саткан келиндер жашырынбай эле кубанып сатышы керек» деп түшүндүрүп жүрүп отуруп апамды көндүргөн. Башында малын сатып, казанга бышырып, фляга менен алгач «Дордой» базарына чыккан. Чыгармачылык менен иштеген адамдар башкача да. Оюна бир идея келсе уктабай калчу. Түндөп-күндөп чиймесин чийип, эсептеп өзүнүн дүйнөсүндө жашаар эле. Кесиби инженер болгондуктан «Супаранын» долбоорун түнү менен чийип куруучуларга берип, ар бир ташы кандай турушу керек экенин көрсөтүп берип койдурган. Кандай койсо таштар бири-бирине байланышып, жер силкинсе туруктуу болорун так билчү.

Оюна келген идеяларын мага айтып бергенди жакшы көрчү. Мен кээде ишенчүмүн, кээде айткандары фантазия болуп кетчү, бирок ар дайым колдочумун.

Эркекке сүйүү чоң мотивация болот деп ойлойм. Анткени мага айтып алып, менин кубанганымдан, колдогонумдан ого бетер шыктанып кетчү. Кийин байкасам, мен дагы ал сүйүнүп калсын деп көп нерселерди кылчу экенмин. «Супаранын» сыртын Табыкем курду, бирок ички жасалгасын мен жасалгаладым. Ичимден эмне дээр экен деп турсам «Оо, Жаңыл, сонун кылып койгон турбайсыңбы?» десе ого бетер шыктанып калчумун.

Азыркылар көбү атактуу адамдын аялы жаш болсо акчасы үчүн турмушка чыккан деп ойлошот. Мен ошол учурдун күчтүү, таасирдүү, элди ээрчите алган курч адамына баш кошком. Биз баш кошкондо Кыргыз жеринде кыйын учур болчу. Балалуу болгуча батирлеп жашадык. Жок жерден бизнес кылып, түшкөн акчаны кайра өндүрүшкө салып өз эмгеги менен ушул деңгээлге жетти. Табыкемдин жан дүйнөсүнүн тазалыгын, башкача ой жүгүрткөнүн жакшы көрдүм болуш керек. Ал болсо «Сенин жолдо бирөөнүн акчасы жатса дагы албай басып кеткен, чынчылдыгың, жөнөкөйлүгүң жагат» деп айтчу. Экөөбүздү куулук-шумдугубуз жок, бетке айткан сапатыбыз, улут деген дүйнө таанымыбыз бириктирди.


КАРГАШАЛУУ АСБЕСТ

– 2014-жылы август айында ооруп калды. Жергиликтүү дарыгерлер диагнозун коё албай бир ай кармап коюшту. Азыр убакыттан уттуруп алдыкпы деп ойлоп кетем. Германиядан «асбест менен бир нерсе кылдыңыз беле?» деп сураса ошондо араң эстеди. Көрсө, 29-30 жаштарында кашар куруп, чатыр жабам деп шиферди аралаган экен. Майда чаңдар менен кошо асбест кирип өпкөгө туруп калыптыр. Ал өпкөнүн ткандарын кургатып салат экен. Мурун жөтөлүп калчу, бирок тамеки чеккен адам жөтөлөт да деп этибар албаптырбыз. Диагноз койгондон кийин 6 айдай жашады. 5 ай Германияда дарыланды, анан эле «Кыргызстанга кетем» деп туруп алды. Келгенден кийин бир айдан соң көзү өтүп кетти. Оорусун уккандан кийин нес болуп эле калдык, ал күндөрдү азыр жакшы деле эстей албайм. Ооруп жатканда күчтүүлүгүн көрсөттү. «Мен өтүп кетет окшойм, минткиле, тигинткиле» деп айткан жок. Эч нерсени билдирбей күлдүрүп, куудулданып оорусу тууралуу сөз кылбаганга аракет кылды. Антсе эле мен араң турам да, ыйлатпайын деди окшойт. Акыркы күндөрү жашоосундагы жакшы убактарды эстөө менен алек болду.


ЭРКИН ТАРБИЯЛАГАН ЭКЕН...

– Адам үчүн түпкүлүгү өтө маанилүү. Табыкем атасынын 50 жашында көргөн баласы. Бул жашта көргөн бала мээримге, сүйүүгө тоюп эркин чоңоёт эмеспи. Өзү кандай дүйнөнү кааласа ошол дүйнөдө чоңойткон экен ата-энеси. Анда адамга тиешелүү комплекстер такыр жок эле. Адам бир нерсе кылайын дейт, оюна толгон токой коркунуч келет эмеспи. Эч нерседен коркчу эмес. Апам аябай эмгекке бышырган экен.


ТАҢ КАЛА ТУРГАН ЖОРУКТАРЫ...

– Табыкемдей адам менен жашаган бир чети аябай кызыктуу болсо, экинчи чети оор болчу. Мисалы, бир жолу мага үйгө бир адам келиптир, ал келсе Табыкем келип учурашып коюп кетип калды. Таң калдым, эми ага бир аял келсе эмнеге келиптир деп сурайм да. Ал болсо эч нерсе дебейт. Барып «сиз эмнеге сураган жоксуз?» десем, «керек болсо мага айтмаксың да» деп койду. Оюна бир идея келгенде унчукпай эле калчу. Бул учурда үйдө эмне болуп жатканына деле кызыкчу эмес. Тиричиликке байланыштуу бир нерсени айтсам унутуп калат, өзүмө көңүл бурдуруп маанилүү бир нерсени айтып «сиз эстеп калдыңызбы, кайра айтсаңыз...» деп аны кайра сурайм. Эми элестет, чоң адамга улам ошентип жатканың. Ойлору чоң жактарда жүрсө жерди кайдан карайт ал киши. Тиричиликти өзүм башкарчумун.

Бир жолу 22 миң долларлык унаабызды уурдап кетишти. Анын ичинде чөнтөк телефону кошо жоголуп кетпейби, унаа туралуу эч сөз айтпайт да, кечке эки миң сомдук телефонуна кейиди үлүп). Эми ойлосом анын ар бир убактысы ченелүү болгон экен. «Супара», «Чуңкурчакты» куруп жатканда 9 ай бою куруучулар менен тамак ичип ошол жакта жашады. Мен ал жерде жашай албайм да, түнкү саат экилерде кетем. Анан «жеттиңби?» деп деле сурабайт, анан аялмын да, «эмнеге чалбайсыз?» деп сурайм. «Сен бир нерсе болсоң жүрөгүм сезмек» деп койчу. «Сен мени түшүнбөй жатасың, мен баарыңды ойлоп жатам, келечегиңерди ойлоп жатам» дечү. Айткандай эле, баарын даярдап коюп кетиптир. Бир аялды бактылуу кылган эркек чоң эрдик кылган болот дешет. Ал мени бактылуу кылды.


АТА КАТАРЫ...

– Жашы жогорулаганда көргөн бала ысык болот дешет го. Табыкем 50 жашка чыкканда кызыбыз төрөлдү. Балдарын жакшы көрчү, бирок балдарынын эркиндигин чектечү эмес. Атабыздын кебетеси, жүргөн-турганы менен кийимине чейин кыргыз болуп туруп, бирок «кыргызбайчылыктан» алыс болчу. Аялым деп менин, балдарым деп балдарынын укугун, эркиндигин чектечү эмес. Мурунку никесинен төрт баласы бар, бир кызы, тилекке каршы, каза болуп калды. Экөөбүздүн ортобузда 1 уул, 1 кызыбыз бар.




Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
alaialaibekov
2019-04-01 13:49:54
Ошондо кандай болуп калат?ажырышканда тийген болобу?
+1
Zyzy9477
2019-04-05 12:36:45
alaialaibekov,айтып жатат го, экинчи турмушумун деп. Түшүнүктүү эле го.
0
rahali
2019-04-02 16:22:40
Баалайм ушул адамды
+2
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан