2017-жылдагы Президенттик шайлоодон кийин шашылыш өлкөдөн чыгып кеткен "Республика – Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 21-март күнү социалдык баракчасы аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшөбүз" деп салам жолдоду.
Аз күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика – Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган.
Мындай саламга УКМК “Бабанов өлкөгө келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат” деген комментарий менен жооп кайтарды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай комментарий менен соттун милдетин аткарып алдыбы деген суроо жаралат. Анткени Бабанов жоопко тартылар, тартылбасын сот гана чече алат.
Белгилей кетсек, буга чейин Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголгон. 27-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынга тил илимдеринин докторлору, кандидаттары чогулуп, “бул сөздө андай маани жок, демек, Бабановго мындай айып коюлбашы керек” дешти. Мындан тышкары Бабановго өткөн жылдын 28-мартында "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши ачылган. Бул кылмыш иши боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев да айыпталып, камакка алынган эле. Бирок анын кылмыш иши соттон кайра тергөөгө жиберилип, Исаев абактан чыгып, парламентте ишмердүүлүгүн улантып жаткан кези.
26-март күнү саясатчы, “РАЖдын” дагы бир лидери Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабанов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды.
27-мартта Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча Бишкекте басма сөз жыйыны өттү. Анда адвокат Амантур Абдрахманов Бабановдун аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугун айтып, ага козголгон кылмыш иши кыскартылышы керектигин белгиледи.
Саясатчынын өкүлү Ислам Каргабаев: "Биз Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөштүк. Ал "өзүмдүн милдеттенмелеримди толук аткардым. Эч кимдин алдында күнөөм жок. Кандай болсо дагы өлкөгө келем деди",- деп билдирди. Демек, Бабановдун өлкөгө келиши жакында боло турган окуя. Ал кайсы тарапка кошулат, бийлик менен келишеби же экс-президент баштаган оппозициянын сап башына турабы? Көпчүлүккө ушул суроо кызык болуп турат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg