САДЫР ЖАПАРОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ ТЫНЧТЫК МИТИНГГЕ ЧЫГЫШАТ

27-мартта Садыр Жапаров негиздеген "Мекенчил" партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрдү. Жыйынга партиянын мүчөлөрү катышып, 23-апрель күнү “Мекенчил” жана “Ата Мекен” партияларынын өкүлдөрү Жогорку соттун алдында тынчтык митингин уюштурарын айтышты. Алар саясий себептерден улам камакта жаткан Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотоновдун эркиндигин талап кыларын билдиришти. Аталган партиянын мүчөсү Бекболсун Абсатаров: "Саясий куугунтук менен камалгандарды актасын деп талап кылабыз. Эки партиянын лидери камакта болгондуктан биригип митингге чыгууну туура көрдүк",- дейт. Ал эми партиянын теңтөрагасы Мелис Аспеков "Мекенчил" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы түбөлүк бириккен жокпуз" деп кошумчалады.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ошол эле жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-апрелге белгиленген.

Жакында эле АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктары боюнча отчётун жарыялады. Анда Кыргызстанда «саясий негизде» камакка алынгандар тууралуу маалымат берилип, укук коргоочулар камактагы мурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду саясий негизде камакта жатат деп эсептешери белгиленген.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан