МИРЗИЙОЕВ МИЛЛИАРДДАГАН ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮДӨ

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 24-март күнү Абу Дабиге иш сапары менен барып, ханзаада, шейх Мохаммед бин Заид ал-Нахаян менен жолукту. Эки тарап соода жана экономикалык мамилелерди кеңейтүүнү, энергетика жана инфраструктура багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөшүп, 10 миллиард долларлык макулдашууга кол коюшту.

Муну менен өзбек башчысы Шавкат Мирзийоев башка өлкөлөр менен мамиле түзүүнүн чебери экенин дагы бир ирет тастыктады. Ал буга чейин дагы ири державалар менен келишим түзүп инвестиция тартып келүүдө. Алсак, 2017-жылдын жазында Орусия менен жалпы 16 миллиард доллар суммасындагы 55 документке кол койгон. Ошол эле жылы АКШ менен 2,6 миллиард доллар өлчөмүндөгү келишимге кол койгон.

Ушул жылдын башында Өзбекстанда 2019-жыл "Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы" деп аталары белгиленген.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн көрсөткүчтөрүндө тыштан келген инвестиция акыркы жылы кескин азайган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан