ЗИЛАЛИЕВ АТАМБАЕВ МЕНЕН ЖЭЭНБЕКОВДУН ТИРЕШИ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕ КӨТӨРДҮ

Учурда камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кайрадан кыргыз элине кайрылуу жасап, аны менен бирге мурдагы жана учурдагы президенттерге да кайрылды: "Мени Атамбаевдин эң жакын тарапташы дешет. Ооба, ошондой. Бирок менин ал адам менен жолукканда бере турган суроолорум бар. Мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен да иштешкем. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда мени Жээнбековдун тарапташы дешчү. Бул да чындык. Азыркы учурда ойго келбеген абал түзүлдү. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда биринчиси (Атамбаев), анын досу Жээнбековго каршы иштеген жетекчилерге чара көрүп, жумуштан кетирген. А экинчиси (Жээнбеков), шайлоодон кийин өзүнүн шайланышы үчүн чуркаган көптөгөн жетекчилерди иштен кетирип, бир бөлүгүн каматып да жиберди. Мунун баарын коррупция менен күрөшүү деп түшүндүрүү аракеттери болуп жатат. Бирок көпчүлүгү бул жер "Сингапур" жыттанбай эле, баналдуу тирешүүгө окшоп жатканын түшүнүп калышты,- дейт Зилалиев.

Абактагы чиновник эки достун тирешинен карапайым эл гана жапа чегет дейт: "Силер өлкөнү коркунучтуу чекке алып келдиңер. Бул согуштан жалпы эл курмандыкка чабылды. Бир жылдан ашты, биз өлкөнү өнүктүрүүнү эмес, эки тараптын тирешин көрүп келе жатабыз, мындан жарандар жана алардын үй-бүлөсү запкы көрүп жатат".

Эскерте кетсек, Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин “терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” беренеси менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон. Ал эми 2018-жылдын 7-декабрында ага "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, кармалган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан