“Оо-уу, бир жыл кантип күтөбүз?” деп кейиген “Күүгүм” фильминин фанаттарынын бактысына аталган тасманын уландысы жарык көрдү. Ошентип, “Күүгүмдүн” 3-бөлүгү триумф менен кайрадан назарыңыздарда.
КЫСКАЧА...
Белла жашаган Сиэтл аймагында табышмактуу өлүмдөр көбөйөт. Жаңы жаралган вампирлер адамдарды кырып, өздөрүнө армия түзө башташат. Мунун башында сүйгөнү үчүн өч алгысы келген Виктория турганы Каллендердин үй-бүлөсүнө маалым эле.
Белла Эдварддан өзүн вампирге айлантуусун суранат. Ал эми буга чейин досу болуп келген Жейкоб да ага сүйүүсүн билдирип, Эдвардга турмушка чыкпоосун өтүнөт. Белла эки оттун ортосунда калат. Аны жалындап сүйгөн эки жигит тең жүрөгүнө жакын эле. Эки жигит бирин-бири жек көргөнү менен, Белла үчүн келишимге барып, вампирлер менен кубулма кишилер (оборотень) жаңы жаралган кан ичерлердин армиясына туруштук беришип, Викторияны өлтүрүшөт. Эдвард кандуу согуш башталар түнү Белланын колун сурап, алардын үйлөнүү тою жакынкы күнгө белгиленгени менен фильм аяктайт.
ЭКИ КОЧУШ ЭРОТИКА, БИР ЧАЙ КАШЫК ЮМОР
Тасманын жаратуучулары убадага ушунчалык бек экен. Айтылган датадан бир күн да кечиктирбей, “Күүгүмдүн” фанаттарына жаңы тасманы тартуу кылышты. Албетте, тасмада бир катар өзгөрүүлөр бар.
“Summit Entertainment” студиясы тандагандай, үчүнчү тасманын режиссёру да Крис Вайс болмок. Бирок анын убактысынын тартыштыгына байланыштуу Девид Слэйд үчүнчү бөлүмгө режиссёрлук кылды. Девид Слэйд өзүнө таандык юморду жана көбүрөөк эротиканы кошкону киносынчылардын көз жаздымында калган жок. Тасманын бет ачарынан кийин “Девид, азамат!” деген жарнамалар көчөлөргө илинип калганы буга далил боло алат.
“Күүгүмдүн” 3-бөлүгүндө Викториянын ролун ойногон актриса алмашып, Рашель Лефеврдин ордуна Брайс Даллас Ховард аткарган. Бирок бул алмаштыруу кино сүйүүчүлөрдүн иренжүүсүн жаратты. Маалыматтарга караганда, “Күүгүмдө” тартылып жүргөндө эле Рашель Лефевр “Барнинин версиясы” аттуу тасмага тартылууга келишимге кол койгон. Мындай чыккынчылыкты кечире албаган кино жаратуучулар ролду башкага бергенге аргасыз болушкан.
Баса, үчүнчү “Күүгүмдөгү” музыканын өзгөчөлүгүн сезүүгө болот. Фильмдин саунтрегин композитор Ховард Шор жазганы белгилүү болду. Аталган тасма 65 миллион доллар каражатка тартылган. Тасманын бет ачар күнү дүйнөлүк прокаттан 950 миллион доллар киреше түшкөн.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
ЖАҢЫ МОДА. СҮЙӨСҮҢБҮ? АНДА ТИШТЕ!
"Күүгүмдүн" таасири ушунчалык, вампир темасы жаштарды өзгөчө кызыктырып, ал тургай америкалык өспүрүмдөрдүн арасында сүйүүнү билдирүүнүн жаңы түрү пайда болду. Өспүрүмдөр бири экинчисинин моюнун тиштеп, өзүнүн сүйүүсүн жана туруктуулугун билдирүүгө өтүшкөн. Кызык бекен? Мына сага вампиризм!
Коомчулукту тынчсыздандырган маселе – вампирликти жаштар өзгөчөлүк, мыктылык деп түшүнгөнүндө. Психологдор "тасма балдардын писихологиясына терс таасир берет" деп коңгуроо кагып башташса, дарыгерлер бирин-бири алкымдан тиштөө медициналык жактан да коркунучтуу экенин айтышат.
“КҮҮГҮМДҮН” ФАНАТТАРЫ КИНОТЕАТРДА ТҮНӨШКӨН
“Күүгүм-3түн” бет ачары Лос-Анжелес шаарында болуп өткөн. Бул маалымат дайын болгондо эле кинотеатрдын алдына чатырларды тигип алып жашашкан. Бул жер кийин “чатырлардын шаарчасы” деген атка ээ болгон. Ашынган фанаттардын эмгегин сыйлап, кино жаратуучулар үч түн түнөгөн 550 адамга сыйлык беришкен. Ал эми Орусияда бет ачары болор күнү билеттер жогорку баада болгонуна карабай сатылып кетип, бир күндө 122,5 миллион рубль киреше түшкөн. “Бир күндө мынча билет сатылып кеткен окуя Орусияда буга чейин болгон эмес” дешүүдө оозун ачкан киносынчылар.
БИР ФАНАТЫ ДҮЙНӨ МЕНЕН КОШ АЙТЫШТЫ
Жаңы Зеландиянын 23 жаштагы тургуну аталган тасманы көрүп отуруп бул дүйнө менен кош айтышкан. “Ден соолугу чың, кечки сеанска кирген жигиттин өлүмүнө тасма себепкер болгон” деген ойду айтышууда. Анткени ал улам тура калып берилүү менен көрүп жатканына айрымдар күбө болушкан.
КАЙРАН ТИЛИМ КОР БОЛДУ
Аталган тасманын "Россия" кинотеатрына илинген жарнагы ката жазылганын көрүп, бул тууралуу бир канча ирет жазганбыз. “Россия” кинотеатрынын жетекчилиги мындай нерселерге эмнеге көңүл кош мамиле кылып жатышат?" деген суроого жооп издеп ал жакка жол алдык. Кинотеатрдын директору жок экенин угуп, жооптуу адамына кайрылсак: “Мамлекеттик тил комиссиясы бизге ушул котормону берген”,- деп кутулду. Бирок аталган котормону бизге көрсөткөн жок.
Кинотеатрдын кызматкерлери бул маселени чымын чакканчалык көрбөгөндүгүн байкап, таң болдук. Кыргыз тилин барктабагандардын айынан кыргыз тили кор болуп, “Күүгүм” тасмасы “Күүчүн” болуп канчага турар экен? "Элим-тилим" деп трибуналарда ооз көптүргөндөр эмнеге унчугушпайт? Мэриячы?
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg