Алга Кылычов: "БАКИЕВДЕР БИЗНЕСТИ ТАРТЫП АЛЫШЧУ. АЗЫРКЫ БИЙЛИК ПАРТИЯНЫ ТАРТЫП АЛУУНУ КӨЗДӨП ЖАТАТ"

Экс-президент менен учурдагы президенттин ортосундагы мамиленин бузулушу Кыргыз саясатындагы көп адамдын анык жүзүн ачыктап, кийинкилерге сабак болчу көрүнүшкө айланды. Алмазбек Атамбаевди тегеректеп жүргөн жоон топ саясатчылардын катары бир жылга жетпей суюлуп, позициясын өзгөртпөгөндөр аз болду. Алардын бири "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" активдүү мүчөсү, саясий кеңештин мүчөсү – Алга Кылычов.

– Саламатсызбы, Алга мырза? Сизди 2010-жылдын Апрель-Июнь окуяларында укук коргоо органдарына жардам берүү максатында түзүлгөн “Элдик сакчы” коомдук бирикмесинин ыктыярчысы катары тааныдык. Ал эми саясатка кантип, кандай максаттардан улам аралашып калдыңыз?

– 2010-жылы күч түзүмдөрү иштей албай калганда өлкөбүздө ар кандай мыйзамсыз иштер, рейдерлик жолу менен жерлерди тартып алуулар, талап-тоноолор болгон. Ошондо элдин кызыкчылыгын ойлогон жөнөкөй жарандар биригип “Элдик сакчы” коомдук бирикмесин түзгөнбүз. Биз улуттар аралык жаңжалдар токтоп, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшсө экен деген максатта иш алып барганбыз. Миңдеген жигиттердин катарында эле жарандык милдетимди аткаргам. Саясатка аралашып калганыма экс-президент Алмазбек Шаршенович таасир берди. Себеби 2010-жылда жогоруда айтылган элдик кошуундар менен иш-чараларды уюштуруп жүргөндө бир нече партиялардан “Элдик кошуун" деп билегиңерге байлап жүргөн белгиңерди чечкиле, биздин партиянын атынан гуманитардык жардам жеткирүүгө жардам бергиле. Биз силерди партиянын мүчөсү кылабыз, депутаттык мандат беребиз, кызмат беребиз” деген сунуштар түшкөн. Ошондо бул сөздөр менин эле эмес, бул бирикмедеги жигиттердин бардыгынын жүрөктөрүнө өтө оор тийген. Анткени кан төгүлүп, канча деген жигиттерибизден ажырап жаткан учурда биз элдин тынчтыгын сактап калалы деген максатта иш кылып жатсак, алар биздин аракетти саясатка айлантып, өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышты. Башка саясатчылардан айырмаланып, Алмазбек Шаршенович бизди саясатка чакырган жок. Ал адам ыраазычылыгын билдирип, биздин коомдук бирикмеге бензинден баштап кагазга чейин алып берип көп жардам берди. Биздин тилекти, биздин аракетти чындап түшүнүп, кол сунган адам ушул киши болду. Кийин ал өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз деген сыяктуу убадаларын аткарганда, чындап ишине баа бергем. Ачык эле айтайын, кумир катары баалап, ошонун артынан саясатка аралашып калдым.

– Шайлоодон кийин президент алмашып, Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда мамиле бузулгандан кийин Атамбаевди тегеректеп жүргөн жоон топ саясатчылар жаңы бийликтин колтугуна кире качышты. Сиз да тандоо абалына туш болдуңузбу? Кандай чечим кабыл алдыңыз?

– Өзүңүздөр билгендей, мен Атамбаевдин тарабында калдым. Биринчиден, Алмазбек Шаршеновичти чанып кетүүгө жигиттик намысым жол берген жок. Экинчиден, Атамбаевге болгон каралоолор жалган экенине көзүм жетип турган. Себеби экс-президентибиздин кылган эмгектерин бир заматта жалган сөз менен чанып кетүү акылсыздык. Ал эми бийликти көздөй качкандардын өздөрүнүн бизнеси бар же мурда коррупция иштерине аралашкан адамдар. Азыркы бийлик Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарды камап туура эмес жолго түшүп алышты. Мисалы, Кулматовду мектеп боюнча кармаганы уят нерсе. Ушул сыяктуу негизсиз нерселер менен ак адамдар кармалып жатканын көргөн арты таза эмес саясатчылар “башкаларды ак жерден эле камап жатышса, бизди жөн эле мясорубкага салат” деп ойлошту. Жыйынтыгында алар мамлекеттин кызыкчылыгынан, достуктан, жигиттик намыстан баш тартып, өздөрүнүн керт баштарын, бизнестерин сакташ үчүн бийликтин колтугуна кире качышты.

Буга чейин "Атамбаев Жээнбековду башкаргысы келди, эл аралык мамилелерди бузуп кетти" деп сындашты. Мына, карап көрөлүчү, Жээнбековдун Атамбаевдин таасиринен чыкканына бир жарым жыл болду, жылыш барбы? Президентке өлкөнү өнүктүрүүгө эмне тоскоол болууда? Бийлик Атамбаевди жамандоо менен алектенип жатып, өлкөнү өнүктүрүү керектигин унутуп койду. Бакиевдин бийлиги күч колдонуп бизнестерди тартып алышчу. Азыркы бийлик болсо партияны, коомдук бирикмелерди тартып алууну көздөп жатат.

– Учурда “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймыл жер-жерлерде жыйындарды уюштуруп жатат. Ошондой эле 3-апрелде курултай өткөрөрүн белгилешти. КСДП болсо жалпы республикалык курултайды 6-апрелде өткөргөнү турат. Элдин башы айланып кала турган болду...

– Ачыгын айтканда, бийлик 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо Атамбаев жетектеген партиянын жеңишин каалабайт. Ошондон улам алар КСДПнын иштерине эптеп мыйзамсыз жолдор менен болсо да бут тосууга аракет кылышууда. Өткөнкү президенттик шайлоодо партия Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыккан. Ошондо азыр “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын жетектеп жүргөн Сагынбек Абдрахманов партиянын чечимине каршы чыккан. Ошол позициясы үчүн ал КСДПдан чыгарылган. Ал чечимде ага-ини Жээнбековдордун колдору да коюлган. Ал эми Иса Өмүркуловду туура эмес жүрүм-туруму үчүн партиядан чыгарганбыз. Эми ошол партияда жок адамдар съезд өткөрөм дегени күлкү келтире турган нерсе. Алардын курултай өткөрүүгө эч кандай мыйзамдык дагы, моралдык дагы укуктары жок. “Тил – менин душманым” дегендей, бул кыймылдын артында бийлик турганын Абдрахманов байкабай айтып алды.

– КСДП оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. Бирок парламенттеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкпады. Партия расмий түрдө оппозицияга кеткенде ал партиянын атынан келген фракциянын көпчүлүк коалицияда калышы туура көрүнүшпү?

– Учурдан пайдаланып, партиялашы катары, шайлоодо чындап ага добуш берген тарапташы катары президент Жээнбековго кайрылам. Чындап өзүңүздү мыйзамдуу президентмин деп эсептесеңиз, коалицияны таркатыңыз. Президенттин мындай укугу бар. Себеби биздин тырышып отурган депутаттардын майлуу-сүттүү кызматтарда туугандары бар. Мен аларды бирден санап берем. Эгер алар коалициядан оппозицияга өтсө туугандары кызматта болбой калат. Ошол үчүн туугандарынын майлуу орундарын сактап калуу максатында коалициядан кетишейт.

– Бирок сиз айтып жаткан депутаттар 2015-жылы КСДПнын атынан келген да. Ал учурда алардын жаман иштери тууралуу маалымат жок беле?

– Атамбаев президент болуп турганда партияга кийлигишпеш керек болчу. Ал жанындагы жан-жөкөрлөрүнүн “баары жакшы” деген сөздөрүнө ишенген. Биздин үн болсо жетпей калган. Ачык айтайын, ошол кезде мен партиянын тизмесинде алдыңкы сапта болчумун. Бирок бир түндө эле арткы орундарга түшүп кеткем. Менин максатым – Жогорку Кеңешке барып мандат алуу болгон эмес, негизгиси, биздин партия парламентке өтсүн деген жакшы ойлорум болгон. Ошол эле учурда Жанар Акаевдин, Мээрбек Мискенбаев сыяктуу жаш, акчасы жок, карапайым адамдардын алдыңкы катарда болгонуна кубанып партияны колдоп бергем. Менин оюмча, ошол кездеги партиянын тизмегин Асылбек Жээнбеков, Икрамжан Илмиянов жана дагы бир-эки адам түзүшкөн.

– 17-март күнү Атамбаевдин катышуусунда Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Ал иш-чарага аз убакыт калганда интернетте социалдык тармактардагы фейк баракчалар аркылуу иш-чара болбойт деген маалыматтар таркады. Кимдердин уйкусун бузуп, тынчын алып жаттыңыздар эле?

– "Эл чогулбасын, Атамбаев чындыкты айтып коёт" деген коркуу сезимдери менен бийликтин кылган иш-аракети деп эсептейм. Дал ушул күнү менин бийликке болгон жек көрүүм күчөдү. Мени өкүндүргөнү, Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында маселелер болуп жатса, биздин УКМКнын кызматкерлери ал жактагы окуяны көзөмөлгө албай, жыл сайын өтүүчү Аксы окуясын эскерүүнү аңдып отурушту. Мээрбек Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана менин атымдан ачылган фейк аккаунттар аркылуу “келбегиле, чатак болот экен, кан төгүлөт” деген посттор жазылды. Албетте, саясат саясат менен, бирок ушу куран окутула турган жерде саясат кылуунун кереги жок эле.

– Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына, парламент көз карандысыз иштеп жатат деп жооп узатты. Учурдагы Жогорку Кеңешти көз карандысыз деп айтууга болобу?

– Азыр депутаттардын 99 пайызы көз каранды. Мисалы, ошол эле жаш Жанар Акаев өз кезинде жалындуу сүйлөп, оппозицияда болчу. Азыр эмнегедир анын көзү жумулуп калды. Ал президенттин жардамчысы Эрнис Толтоевдин жакын досу болгону үчүн сүйлөй албай жаткандыр. Учурда парламентте Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина сыяктуу ашып кетсе беш гана эркин депутат бар. Калганынын баары жүгөндөлүп калган эл өкүлдөрү. Бир эле мисал айтайын, КТРКнын Байкоочу кеңешине шайлоодо түшкө чейин уткан Чынар Капарованын добушу түштөн кийин Асылбек Жээнбековдун келиши менен жарым саатта өзгөрүп кетти. Анан кантип ошол депутаттарды көз каранды эмес дейбиз?

– 2016-жылы Баш мыйзамды өзгөртөм деген аракети үчүн Атамбаев убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүн өзүнө каршы оппонент кылып алды. Деген менен өлкөдө президенттик бийлик күчтүү бойдон кала берди. Тарапташтары менен мамиле бузганы керек беле?

– Кумир туткан иниси катары мен ал кишини туура түшүнүп жатам. Эгерде ал өзүн ойлосо ошол Конституцияга тийбей, башын оорутпай, Текебаев менен жаман-жакшы айтышпай эле, бийликти өткөрүп берип коймок. Азыр бийликте отурган Мавлян Аскарбеков Атамбаев өз бийлигин сактап калуу үчүн референдум өткөрүп жатат деп чыккан эле. Бирок Атамбаев бийликтен кетти, сактаган жок. Ал саясий кызыкчылыктан, достуктан дагы биринчи кезекте карапайым калктын кызыкчылыгын биринчи орунга койду.

– Жээнбековдук бийлик “Замандашты” шайлоого даярдап жатат дешүүдө. КСДП мындай атаандаштыкка даярбы?

– Мен “Замандаш” партиясынын мурунку лидери, ыраматылык Мухтар байке жок ошол кездегидей чоң партия катары санабайм. Азыркы бийлик каражат менен партияларды алып келип өз бийлигин сактап калам дегени курулай аракет. Акаев “Алга Кыргызстанды”, Бакиев “Ак жолду” кургандай, бүгүнкү бийлик дагы ушундай партия түзөм деп турган чагы. Бирок мындай жасалма партиялар бийлигин сактап калбайт. Муну мурдагы президенттердин тагдыры далилдеп берет.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан