Кундуз Жолдубаева, КСДПнын расмий өкүлү: "6-АПРЕЛДЕ АТАМБАЕВ СЪЕЗДДЕ ТАЗАЛАНГАН ЖАНА ЖАҢЫЛАНГАН КСДПны КООМЧУЛУККА ТАРТУУЛАЙТ"

– КСДП партиясынын айланасында акыркы маалда абдан көп окуялар болууда. Бизди кызыктырган башкы суроо – партиянын съезди качан болот? Сиздер 6-апрелде деп жатасыздар, Иса Өмүркулов менен Сагынбек Абдрахманов болсо 3-апрелде деп жатышат?..

– 3 апрелде Иса Өмүркулов жана Сагынбек Абдрахманов өткөрөбүз деп жаткан жыйын – съезд эмес. Бул мыйзамды одоно бузуп, акылга сыйбаган нерсени кылып жаткан маскарапоздук оюн. Элдин башын айландырып, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, партияны бөлүп-жарууга далбас уруп жатышат. Партиянын курултайын өткөрүүнүн жол-жобосу уставда так жазылган. Съездди ким чакыра алат? Партиянын саясий кеңеши чакырат. Саясий кеңештин жыйынын төрага же ал жок болгон учурда анын орун басарлары гана дайындайт. Анан курултайга делегаттар жергиликтүү партиялык уюмдар тарабынан партконференцияда шайланып келиши керек. Учурда Көлбаев деген адамдын атынан партиянын жергиликтүү уюмдарына жогорудагыдай конференцияны тезинен өткөрүү сунушу айтылган каттарды жиберишүүдө. Көлбаев аттуу адамды биз партиянын борбордук аппаратынан эч качан көргөн эмеспиз. Муну менен алар партия мүчөлөрүнүн башын айландырышууда. Сагынбек Абдрахманов болсо жер-жерлерге барып, конференция деп атап, партияга тиешеси жок адамдарды топтоп алып, чогулуштарды өткөрүп жатат. Жакында ушундай чогулушту Жалал-Абад шаарында өткөрдү. Барпы атындагы театрга чогулган элдин көпчүлүгү мектеп окуучулары менен бала бакчаларда иштеген кызматчылар экен деп бизге партиялаштар айтып келишти. Бул эмнеден кабар берет? Демек, жергиликтүү бийликтер жана бийликтин өкүлдөрү ачыктан ачык бул мыйзамсыз көрүнүшкө кол кабыш кылып жатат.

– Демек, КСДПнын съезди 6-апрелде болот?..

– Ооба. 6-апрелде Атамбаев съездде тазаланган жана жаңыланган КСДПны коомчулукка тартуулайт.

Съездди өткөрүү чечими 2018-жылдын 31-октябрында партиянын саясий кеңешинин отурумунда кабыл алынган. Ошол эле жыйында Иса Өмүркуловдун маселеси каралып, партия жана анын төрагасы менен байланышты жоготкондугу үчүн аны КСДПдан чыгаруу сунушун саясий кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдошкон. Чечим КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясына жөнөтүлүп, Иса Өмүркуловду фракциянын лидерлигинен чакыртып алуу сунушталган. Бирок көрүп турганыңыздардай, чечим аткарылган жок. Эми муну ошол эле КСДПнын тизмеси менен келип, мандат алып отурган депутаттардын абийирине койдук. Эртең эле шамал башка жакка сого баштаганын сезгенде, баары кайра тизилип «Форумдан» чыкпай калар күн келет. Ошондо айрым «урматтуу» эл өкүлдөрү менен бет карашарбыз.

– Феликс Кулов жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына берген маегинде Атамбаевден партияны тартып алышса – бул рейдерлик болот деп айтты. Кулов атагандай рейдерлик чындап эле ишке ашат деп ойлойсузбу?

– Азыр партиянын айланасында болуп жаткан иш-аракеттердин баары бир гана максатта жасалып жатат: бул КСДПны рейдерлик жол менен тартып алуу. Чындыгында Иса Өмүркулов да, ошол эле Сагынбек Абдрахманов да бийлик менен тыгыз байланышкан чоң күчтөрдүн каалоосун аткарып жатат. Болгондо да бул ыплас көрүнүштөргө президенттик аппараттын тиешеси болуп жатканын бүгүн ачык айтышыбыз керек. Эң өкүнүчтүүсү, бул буйрукту аткарып жаткандар мурда өзүлөрү «Форумда» иштеп кеткен адамдар. Албетте, алардын артында ошол эле КСДПдан чыккан ири чиновниктер, депутаттар турат. Бирок бул аракеттердин баары мыйзамсыз. Партиянын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, мөөрү жана башка бардык мыйзамдуу документтери биздин колубузда. Өткөн жумада бул мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча КДСПнын төрагасынын орун басары Асел Кодуранованын атынан Юстиция министрлигине кат жолдодук. Соттошо турган болсок, албетте, биз утабыз, эгерде адилеттүү сот болсо. Андай болоруна көзүбүз жетпейт. Бирок биз унчукпай, кол куушуруп отуруп калбайбыз. Эл аралык сотторго кайрылабыз. КСДП эл аралык Социнтерндин мүчөсү, дагы башка уюмдарга кирет жана эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар башка саясий партиялар, бирикмелер менен келишими бар. Кыргыз коомчулугу деле мындай кырдаалда унчукпай отуруп калбайт деген ойдобуз. Катардагы партиялаштар да күрөшсүз карап отурушпайт.
40 миңден ашык мүчөсү, 25 жылдык тарыхы, айкын, так идеологиясы бар КСДПны оңой менен жок кыла алышпайт.

– Жер-жерлерде съездге делегаттарды шайлоо боюнча партиялык конференциялар өтүп жатат деп жогоруда айтпадыңызбы. Буга бут тосуулар да болуп жатканын билдирдиңиздер эле. Абал азыр кандай?

– Ооба, тоскоолдуктар болуп жатат. Мисалы, Балыкчыда болуп өткөн облустук партконференцияга райондордон келе жаткан делегаттарды жолдон тосуп кайтарууга аракеттер болду. Жер-жерлерде партиялаштарга «съездге барбагыла» деген кысым көрсөтүүлөр, ал тургай коркутуп-үркүтүүлөр болушу мүмкүн. Биз муну билип эле турабыз. Бирок кысымга карабай, КСДП партиясынын чыныгы съездин, башта дайындалгандай, 6-апрель күнү өткөрөбүз. Жеңиш кимдики болорун али дагы көрө жатарбыз!

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан