ЖУРНАЛИСТ, КООМДУК ИШМЕР БАБЫРБЕК ЖЭЭНБЕКОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Суук кабар. Кесиптешибиз, сөз эркиндиги, адилеттүүлүк үчүн өмүрүнүн көп күнүн арнаган журналист Бабырбек Жээнбеков 68 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Маркумду акыркы сапарга узатканы жакындары, кесиптештери, бир топ саясатчылар, коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү келишти.


АКЫН, ЖАЗУУЧУ, ЖУРНАЛИСТ ЖАНА ОТЛИЧНИК...

Бабырбек Жээнбеков 1951-жылы 1-сентябрда Талас облусунун Киров районуна караштуу Арал айылында туулган. 1968-жылы Алымкул Үсөнбаев атындагы мектепти артыкчылык менен бүтүргөн. Мектепте сабактарды мыкты окуп гана тим болбостон, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулардын катарында болгон. Агайдын журналистикага болгон шыгы окуучулук кезинде эле байкалган. Мектептин гезитине редакторлук кылып, макала жазганы буга далил. Жаш кезинен колунан калемин түшүрбөгөн Бабырбек агай макала жазуу менен чектелбей, көңүлгө эргүү келгенде ыр, аңгемелерди да берилүү менен жазчу. Анын ырлары райондук, облустук гезиттерге жарыяланып, мактоого татыганын замандаштары белгилейт.


ТЕРГӨӨЧҮЛҮКТӨН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Бабырбек Жээнбеков 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Карьерасы прокуратурада, милицияда тергөөчүлүк кызматынан башталган. Андан соң көптөгөн жылдар бою адвокат болуп иштеген. 2004-2005-жылдар аралыгында ал журналистикага кадам таштайт. 2005-жылы уулу Равшан Жээнбеков оппозицияга өткөндүгүнө байланыштуу, ага карата куугунтук башталат. Ушул окуядан кийин өлкөдөгү саясий процесстерге активдүү катышып, саясатка аралашып, “Алиби” гезитин ачат. Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге активдүү аралашып, журналист, коомдук ишмер катары элге таанылат.


ОППОЗИЦИЯДА

Бабырбек Жээнбеков сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн, өз пикирин айта билген, бийликтеги адамдарга жакпай калбасын деп тартынып калбаган басылманын башчысы катары элге таанылган. Бакиевдин доорунда оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын тескөө күч алгандыгы маалым. Андай кысымга оппозициялык маанайдагы “Алиби” гезити да туш болгон.

Бийликтин кемчиликтерин, туура эмес иштерин айтып, макалаларды байма-бай жарыялап турган учурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Алиби” гезитин бир макала үчүн 1 миллион сом айыпка жыгат. Айыпты төлөй албай калып, гезит өз ишин токтоткон. Бирок сөз эркиндиги үчүн күрөш токтоп калган жок. Бабырбек Жээнбеков “Алиби” басылмасы жабылганынан 1 жума өткөндөн кийин “Ачык саясат” деген оппозициялык маанайдагы гезитти чыгара баштайт. 2010-жылдын 16-мартында “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттерине саясатчы Равшан Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына жолдогон бийликке карата сын көз караштагы кайрылуусу басылат. Ушул макаланы себеп кылып Башкы прокуратура гезиттерди чыгарууга тыюу салууну сунуштаган. Жыйынтыгында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган гезиттерди басып чыгарууга тыюу салган. Ошондой эле аталган басылмалардын башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Башкы прокуратурага чакырылып, Равшан Жээнбековдун кайрылуусу боюнча түшүнүк кат жазган. Аз убакыттан кийин, 7-апрелде эл митингге чыгып, элдик толкун Бакиевдик бийликти өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз кылган.


МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА

2013-жылдын 7-мартында Бабырбек Жээнбеков ал кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалат. Бул агенттикти жетектеп турганда ал электр энергиясынын баасын көтөрүүгө каршы чыккан. Электр энергиясынын баасын 2 сом 20 тыйынга көтөрүүдөн мурун ал тармактагы уурдоолорду азайтуу керек деген.

Бул агенттикти ал бир жылдан ашык жетектеп, 2014-жылдын 5-июнунда кызматтан бошотулган. Кызматынан кетишине "Кудайберген" базарынын ээсинен пара талап кылуу фактысы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалганы себеп болгон. Бирок анын кызматтан кетишин көпчүлүк саясий себептер менен байланыштырат. Жээнбеков жогоруда айтылган электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча жана “Манас” аба майданына байланыштуу талаш маселелерде бийликти сындаганы жумуштан кетишине негиз болгону айтылат. Мындан тышкары анын уулу Равшан Жээнбеков бийликти кескин сындап келгенинен улам кызматтан бошотулушуна түрткү болгон.

Бабырбек Жээнбеков адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, сөз эркиндиги, адам укуктары үчүн көп жыл күрөшкөн журналист, коомдук ишмер катары элдин эсинде калат.


“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бабырбек Жээнбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына, уулу Равшан Жээнбековго терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан