Cауд Арабияда өтүп жаткан "Көчмөндөр ааламы" фестивалына өлкөдөн миңден ашык маданият жана спорт өкүлдөрү катышты. Ага жалпысынан дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн өкүлдөр келишкен. Аталган фестивалда оор кырсыкка учурап бутун сындырып алган каскадёр, жаачы Асланайым Аширова мекенине келди. Цирк өнөрпозунун ден соолугун сурап кыскача маек алдык.
– Асланайым, ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?
– Рахмат. Азыр үйдө эс алып жатам. Учактан аябай кыйналып, бутум ооруп келдим. Келгенден бери Сауд Арабияга алып барган уюштуруучулардын бири да байланышып “Кандай жетип алдың?” деп абалымды сурашкан жок.
– Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов абалыңызды сурап, ооруканага барганы маалым...
– Ооба, мен мекенибизге учар алдында Азамат Жаманкулов ооруканага келип акыбалымды сурады. Ага абалымды түшүндүрүп, “менин Кыргызстанда уланта турган дарылануума ким жоопкерчилик алат?” деп сурадым. Ал мага “Сиз бул жакка өлкөбүздүн желегин көтөргөнү келип кырсыктап калдыңыз. Албетте, жардам көрсөтөбүз, көз жаздымда калтырып койбойбуз” деп айтты. Бирок алигиче эч ким кабарлашкан жок.
– Дарыгерлер эмне деп жатышат?
– Дарыгерлер "бир жылдан кийин бутуңа туруп басып кетесиң" деп жатышат. Бутумдун сынган жеринин 70 пайызына темир салынды. Кечээ ооруканага барып таңууларды алмаштырып келдим. Мындан ары дагы эмне болорун убакыт көрсөтөт.
– Сакайып кетиңиз!