«Кыз-Бурак» тобунун экс-солисти, ырчы Азалия учурда Египетте өтүп жаткан "Miss Eco International" сулуулук сынагына катышып жатат. Ырчы сынак тууралуу буларды билдирди:
– "Miss Eco International" сынагы 11-мартта Египетте старт алган, ал 30-мартка чейин уланат. Сынакта бир нече этап бар. 23-мартта "Таланттар шоусу" деген этабына катышып, легендарлуу "Кино" тобунун "Кукушка" аттуу ырын жандуу үн менен аткардым. Сынакка катышып жаткандардын баары эле бийлегенди жана ырдаганды билишет да деген ойдо болчумун. Өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн кыздардын тизмесинен Кыргыз өлкөсүнүн аты аталса ишенбей, сахнага чыкпай отура бериптирмин. Кайра-кайра кайталап чакырганда гана ишендим. 67 мамлекеттин сулуулары катышып жаткан сынакта 15 таланттуу, сулуу кыздардын катарына киргениме кубанып жатам. Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Мага ишенген бардык күйөрмандарыма рахмат!- деди ырчы Азалия.