ЖЕҢИШ МАЙРАМБЕК УУЛУ УУЛДУУ БОЛДУ

«Бир тууганчик», “Напарниктер” тасмасы менен белгилүү болгон актёр Жеңиш Майрамбек уулу экинчи ирет ата болду. Наристе 20-март күнү жарыкка келип, ата-энесин кубанычка бөлөдү.

"Буюрса, экинчи ирет ата болуп жатам. Албетте, аябай кубанычтамын. Наристебиз борбор шаарыбызда салмагы 3 килограмм, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Ысымын азырынча коё элекпиз. Улуу балабыз Алимдин ысымын чоң ата-чоң энеси койгон, бул жолу да кеңешип туруп коёлу деп жатабыз. Келинчегим менен уулум төрөтканадан чыгышты, экөөнүн тең ден соолугу жакшы. Улуу балабыз бөбөгүн эмизгенде эле бир аз кыжалат болбосо, кызганганы анчалык билинген жок",- деп Жеңиш Майрамбек уулу кубанычы менен тең бөлүштү.

Биз дагы өз кезегинде наристеге бактылуу өмүр каалайбыз.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Paprikafm
2019-04-01 09:21:36
Акылдуу ыймандуу жигит болсун, өмүрү узун болсун
+1
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан