СУЛУУ КЫЗ ЖУМУШ ИЗДЕЙТ

Репортаж

“Кыздарга чоң маяналуу жумуш берилет. Келишимдүү кыздарга жумуш...” Ушундай жарыяларга чалып, эмне иш экенин билүүгө ынтызарландык. Бул чакырыктардан эч ким эч нерсени шекшибейт. Мына тузак. Кыздар үчүн жумуш дегендин баары интимдик тейлөө экен. Бири болбосо бири укалоо же үй жыйнап, бала багуу болсо керек деген оюбуз таш капты.

Жарыялардын бирине телефон чалсак, трубканы алган айым "23 жашка чейинки гана кыздар керек" деп койду. Жашка басым жасаларын билбеген биз “жашыбыз отуздун тегерегинде" деп балп эттиргенбиз. Андан кийинки жумуш берүүчүгө европа улутундагы селкилер жарамдуу болуп, биз дагы чийилдик. Кийинки иш берүүчү менен борбордун бир жеринде жолуктук. Ал Одиссей машинасы менен келип, жаныбызга токтоду. Биз экөө элек. Башы менен машинага отургула деп жаңсап койду. Сыртынан караганда каадалуу көрүнгөн бул жигитти мындай иш менен алектенет деп үч эмес, 300 жолу уктасаң да түшүңдө көрбөйсүң. Шартка жараша иш менен камсыз кылуучуларды сүрөткө тарта албадык. Бирок сумкабызда диктофон иштеп жатты.

“КЫЗДЫГЫҢ 1000 ДОЛЛАРГА ӨТПӨЙТ”
– Мурун иштеп көргөн жок элек, акча керек болуп, ушул ишке кириптер болгону турабыз.
– Иштеп кетесиңер. Эркек менен жатып жүрөсүңөрбү?
– Курбум кыз бойдон (жанымдагы шеригимди жаңсап). Кыздык кымбат турабы?
– Сен кызсыңбы? 100 пайыз кызсыңбы, тигилген эмеспи?
– Ооба.
– Акча кир нерсе, бүгүн бар да, эртең жок. Кыздыгыңды чоң акчага сатсаң сатасың, бирок “эмнеге ушинттим экен?” деген өкүнүч өмүр бою калат. Андан көрө жигитиң барбы, ошого арна.
– Жигитим жок да, мага акча керек.
– Канча сурайсың?
– Канчалык кымбат болсо, ошончолук жакшы, 1000 доллар.
– Өтпөйт. Азыр кыздык 300-400 доллар. Белгилүү бир врач сурап калчу эле, ошого сүйлөшүп көрөйүн. Бирок мен кардар тапкыча 2-3 күн күтөсүң.
– Күтөбүз. Эми кантип иштөө керектигин айтып бериңизчи?
– Кардарлардын көбү жалгыз жашаган эркектер, бойдок жигиттер же аялы алыска кеткендер. Алар мейманканага же үйүнө чакырышат. Айтылган жерге машина менен өзүм алып барам. Саатына 1000-1500 сом. Мага кардар таап берген да адам бар. Акчанын 20 пайызы ага кетет. Калганын иштеген кыз менен бөлүшөм. Мисалы, 1000 сомдон 200 сом кардар тапканга, 400 сом мага, 400 сом кызга. Эгер 1 саат 1500 сомго бааланса, 600 сому силерге калат. Бир саат өткөндө кайра барып алып кетем да, башка кардарга таштап коём.
– Милиция кызматкерлери тийишпейби?
– Бул жагын өзүм бүтүрөм. Мисалы, саунада иштесеңер, ал жерге 4-5 эркек мас болуп алып кириши мүмкүн. А биз жалгыз эркектерге барабыз. Ошондуктан коркунучтуу деле эмес. Алты жылдан бери эле ушинтип иштеп келе жатабыз. Чыгам десеңер, кечинде 7де телефон чалгыла, машина менен барып калам. Жаныңарда сөзсүз презерватив болсун. Анан телефонуңарга дагы бир номур сатып алганыңар оң. Ал номурду кечкисин гана иштетип, кээде кардарларыңар сурап калса бересиңер. Бир эле номур менен жүрө берсеңер, кардар менен тууганды алмаштырып алышыңар мүмкүн да.
– Мейли, муну деле ойлонуп көрөлү. А кардарга турмушка чыккан кыздар болобу?
– Андайлар узакка жашашпайт. “Сен мынча эркек менен жаттың да, анттиң да, минттиң да” деп кажы-кужу болуп жатып, ажырашып кетишет.
– Жумушка чыкпай калсак эмне болот?
– Жакса иштей бересиңер, жакпаса чыгып кетесиңер. Бизде катуу талап жок. Жумуш кечки 7ден таңкы 6га чейин.

“Кечке чейин ойлонуп көрөлү” деп машинадан түшүп кеттик. Темир тулпарын буруп жатып, бизге кошумча маалымат бере кетти. “Кыздар, силерди менде иштеп калсын дегеним жок. Бирок “салондорго” барбай эле койгула. Сауналарга иштесеңер болот”. “Салон” деген эмне, байке?” деген сурообузга “квартираларды же үйлөрдү “салон” деп коюшат. Алар “норма аткарылбай жатат” дешип, 1-2 жумалап камап коюшу мүмкүн” деп жолуна түштү.
Андан кийинки жумуш берүүчү “эгер бош болсоңор келип кеткиле, толук түшүндүрүп берейин” деп үйүнө чакырды. Айтылган дарек менен барсак, заңгыраган эки кабаттуу "хан сарай". Жогоруда билерман мырза айткан “салондордун” бири го деп боолголоп койдук. Дарбаза алдында видеокамера орнотулуптур. Коңгуроону бассак, азиат улутундагы, жашы 35-40тар чамасындагы айым тосуп алды. Короосу кенен, балаты, гүлдөр менен кооздолгон. Үйгө баш багарыбыз менен ичинде жүргөн кыздар чыгып кетишти. Өзүн администратормун деп тааныштырган айым иштин чоо-жайын түшүндүрүп кирди.

“БИР СААТТА ЭКИ ЖОЛУ "ИШТЕЙСИҢЕР"
– Кыздар, укалоону билесиңерби?
– Чала-була билебиз.
– Эч нерсе эмес, биздин кыздардан үйрөнүп аласыңар. Бизге ар түрдүү кардарлар келет. Алар менен эч качан урушпагыла. Сылык сүйлөп, жагымдуу күлсөңөр эле экинчи жолу силерди кайра тандайт. Башкалар эмгек акыны эки-үч күндө бир беришет, а бизде күнүнкүсү күнүгө берилет. Бир күндө онго жакын кардар тейлейсиңер. Саатына 1300 сом. Кыздар бул акчанын жарымын алышат. Кардарлар менен сүйлөшүп бергеним үчүн мага 50 сом төлөшөт. Андан сырткары ай сайын үйдү оңдоп-түзөө иштерине 500 сом, кассага 1000 сом беришет. Кассага дегеним, кээде жумушка кечигип келишет же айтпай-дебей, келбей калышы мүмкүн. Ошондо айып катары кармап калабыз. Айыпка жыгылбаса, ал акча тура берет.
– Кардарды кайсы кыз бош болсо эле тейлей береби?
– Келген кардарды кыздар көшөгөнүн аркасынан шыкаалап, тааныш эмеспи карап турушат. Таанышы болсо, ал кыз барбайт. Кардар беш-алты кыздын ичинен жактырганын тандайт. Бир сааттын ичинде эки жолу моокумун кандырышыңар керек. Үчүнчү жолкуга жетишсеңер, анда анын акчасы толугу менен силердики болот.
Жума, ишемби, жекшемби күндөрү кардар көп келет. Ал күндөрү баарыңар иштейсиңер. Ал эми башка убакыттарда кезектешип беш күн иштеп, эки күн эс алсаңар болот.
– Иш убактысы канчадан канчага чейин?
– Бул жерде жашап, күнү-түнү иштеген кыздар бар. Айрымдар күндүзгү 12де келип, түнкү 12де чыгып кетишет. Кээ бирлер түнкү 12де келип, таңкы 6да бошошот. Эгер бул жерде жашайм десеңер, акча төлөбөйсүңөр. Бирок тамак-ашы өзүңөрдөн.
Кардар чыгып кеткенден кийин бөлмөнү жана душту тазалайсыңар. Тазалагыңар келбесе, үй кызматкерине бөлмө үчүн 50 сом, душ үчүн 100 сом берип койгула.
– Уруп-соккон кардарлар болсо кимге айтабыз? Сиз күнүгө иштейсизби?
– Уруп-сого баштаса кыйкырып, ыйлап-сыктабай, “кечирип койгула, мен жакпай жатсам, башка кыз алыңыз” деп түшүндүргүлө. Ага да көнбөсө, чыгарып жиберүүгө аргасызбыз. Бул жерде мен же башка администратор болот. Биз деле алмашып турабыз. Айрымдар “администраторуңар ким?” деп такый берет. Анда “мен билбейм. Келгениме эки эле күн болду” деп мени үй кызматкери кылып койгула. “Кожоюнуңар ким?” десе, “билбейм, жаңы келдим” деп кутулгула. Кыскасы, биз жөнүндө да, өзүңөр тууралуу да эч нерсе айтпагыла.
– Бизди кардарлар такыр эле жактырбай, өтпөй калсак эмне болот?
– Мындай эч качан болбойт. Биздин кыздар күнүнө 3000-4000 сом, дем алыш күндөрү 5000-6000 сом табышат. Бул сумманы бир ай кафеде иштеп, араң табышыңар мүмкүн. Жүргүлө, залды көрсөтөйүн.

Кенен, таза конок бөлмөсү. Кире беришинде сыра, суусундуктар салынган муздаткыч турат. Тегерете коюлган булгаары дивандар. Дивандардын так ортосунда бир кыз уктап жатат. Ал кыз ойгонуп кетпесин деп администратор акырын сүйлөп бизди кайра сырткы бөлмөгө алып чыкты.

– Аналдык секс болушу мүмкүнбү?
– Аналдык секс бул – арттан кошулуу билесиңер да. Ал 3000 сом турат. Аны да билиш керек. Бизде европа улутундагы бир кыз кошулчу, ал азыр башка жакка которулуп кеткен. “1500 сомго дагы 500 сом кошуп берем. Кел, арттан кошулабыз” десе да, алданбагыла.
– Сиздердики элиталык үй деп саналат да?
– Ооба. Бизде сауна да бар. Бирок азыр иштебей турат.

"Хан сарайдан" чыгып алып, дагы бир жумуш берүүчү менен кездешүүгө бардык. Турганыбызга беш мүнөт болгондо, жаныбызга бир кыз келди. “Силер иштейли дедиңер беле?” “Ооба, сен да иштейсиңби?” деген сурообузга татынакай жаш кыз башын ийкей жооп берди.

“АТА-ЭНЕМЕ ТИГҮҮЧҮ БОЛУП ИШТЕЙМ ДЕП КОЙГОМ”
– Эже азыр келет. Заказда калып кала турган болсоңор, саатына эки жолу “бүтүрөсүңөр”. Презерватив сөзсүз колдонушуңар керек.
– Жок, биз бүгүн калбайбыз. Эже менен силердин кийингениңерди, баскан-турганыңарды көрөлү, бир аз өзүбүздү даярдап алган соң анан эртең иштейли деп сүйлөшкөнбүз.
– Машинага отурганда эле өзүңөр чакырык ала баштайсыңар. Кыздардын баары эле “үйрөнөлү дегенбиз” деп келип, иштеп кетишет. Биз сауналарга барабыз. Бир саатка калсаңар 1500 сом. Анын 500 сомун саунанын ээсине бересиңер. Күндүн биринчи чакырыгы болсо, 1000 сом айдоочунуку. Калган чакырыктардын 500 сому саунага, 1000 сому өзүңөрдө калат.
– Иштегениңе канча болду? Жакшы эле таап жатасыңбы?
– Жарым жыл болду. Жакшы эле табам. Мурун тапкан акчамды дароо жок кылчумун. Азыр чогулта баштадым. Өткөн аптада 20 000 сом таптым. Топтогон акчама бизнес ачсамбы деп жатам.
– Саунада тааныштарың болуп калсачы?
– Биринчи көз айнек тагынып алып, акырын карап көрөсүз. Таанышыңыз жок болсо киресиз. Кыздар тизилип турабыз, анан тандап алышат.
– Окуйсуңбу же иштейсиңби?
– Окуйм.
– Окууңдун акысын өзүң төлөйт экенсиң да?
– Ооба.
– Ата-энең акчаны кайдан алып жатасың деп текшербейби?
– Зачёт-экзамендеримди өзүм бүтүрөм, а окуумдун акчасын ата-энем төлөйт.
– Сенин бул жерде иштегениңди ата-энең билбейт да?
– Ата-энем билбейт. Аларга тигүүчү болуп иштейм деп койгом. Бирок жигитим билип калган. Ал иштебей эле кой дегендиктен, эки ай үйдө отурдум. Көп акчага көнүп калган жаным жигитим Орусияга кеткенде кайра чыгып алдым. – Жигитиң билип калгандан кийин таштап кеткен жокпу?
– Таштаган жок. “Иштебей эле койчу” деп акча берип жүрдү.
– Күнүнө канча кардар тейлейсиң да канча табасың?
– Ар түрдүү. Болжол менен 4-5 кардарга кирем. Кээ бирөөлөр “чай пул” деп 500 сом, 1000 сом берет. Ошентип отуруп күнүнө 6000 сомго чейин таап каласың.
– Сен кыздыгыңды саттың беле?
– Жок, жигитиме арнагам.
– Канча убакытка чейин иштейин деп жатасың?
– Июлдун аягына чейин иштейм. Эркектерден көңүл калып калат экен. Мурда баарынан жашы мен болчумун да, ошондо бир байке “сен иштебей эле койчу, балама алып берем” деп тийбей акча берген. Бирок кийин ал сөзүн унутуп эле каалоосун аткарып жүрдү.

Жаш кыздан “машинага отургандан кийин чакырык алып иштей баштайсыңар” дегенди уккан биз кожойкени күтпөй эле куйругубузду түйдүк. Мындай шумдуктардан кийин заман бузулганбы же адамбы деп эс-мас болдук. Көчөдө зыңкыя басып, “бапке” көтөргөн мырзаларды же суйкайган сулууларды ак эмгеги менен адал акча таап жатат деп айтыш кыйын болуп калыптыр. Качан эле кыргыздын кыздары өз денеси менен күн көрчү эле? Баарынан да тогуз ай көтөрүп, келечегинен көптү үмүттөнгөн эне кызынын ушундай иш менен “шугулданганын” билсе, сай-сөөгү сыздап, күйүп кетет го.
Арам акча эч качан адамга жакшылык алып келбейт. "Эсиң барда этегиңди жап" дегендей, жаман жолго түшкөн кыздарга акыл айтып, "ушунчаңарда тыйылгыла" деп талап коюу ар бирибиздин милдетибиз.

Венера Камалова
koom@super.kg


Бир собол

"СУЛУУ КЫЗДАРДЫ ЖУМУШКА ЧАКЫРАБЫЗ"
ДЕГЕН ЖАРЫЯЛАРГА КАЙРЫЛДЫҢЫЗ БЕЛЕ?

Бул суроону кыргыздын келишимдүү кымча белдерине узаттык.

“Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү
Бакыт кызы Жамиля:

– Мындай жарыяларга бир да жолу телефон чалып көргөн эмесмин. Өзүм модель болгон соң эгер жумуш керек болсо, моделдик агенттик аркылуу таап алам. Бизди, мисалы, клубдардын ачылышына, мода көрсөтүүгө, офис менеджерликке чакырышы мүмкүн. Ага да кастинг аркылуу тандап алышат.

“Мисс Бишкек-2009” сынагынын жеңүүчүсү
Адинай Кемелова:

– Жок, албетте, кайрылган эмесмин. Анткени келишимдүү кыздарды жумушка чакырабыз деген жарыялар чынында, ыплас иштер. Кыздарды сауналарда, мончолордо иштетишет. Ошондуктан көп акчалуу деген чакырыктарга көңүл да бурбайм.

“Супер сулуу-2010” сынагынын катышуучусу
Назира Нуржанова:

– Мен жаңы эле окуумду аяктадым. Эми жумушка кирсемби деп жатам. Буга чейин жумуш табыш керектиги жөнүндө ойлонгон да эмесмин. Баскан-турганымды, кийим-кечегимди бүт ата-энем каржылачу. Ошол себептен мындай жарыяларга ишим түшүп көргөн эмес.

“Дүйнөнүн сулуусу-2010” сынагынын катышуучусу
Жамиля Бакытбек кызы:
– Буга чейин көп эле жумуш издегем. Бирок жарыялар аркылуу эмес, тааныштардан сураштыргам. Чынында, мындай жарыяларга бир да жолу кайрылып көрбөптүрмүн. Эмне болгон жумуш экенинен да кабарым жок. Бала багуучу же үй кызматчысы талап кылынса керек.

Модель
Асел Мурзалиева:
– Иштейин деп бир эле жолу моделдик агенттикке баргам. Мени жумушка алгысы келгендер агенттик аркылуу сүрөттөрүмдү, видеолорумду көрүшөт. Жактырышса, киного, клипке тартылууга же мода көрсөтүүгө алып
кетишет.

Бийчи
Алтынай Шаршенова:

– Чынында, иштегенге убактым жок. Анткени окууга барам, андан чыгып алып, бийге жөнөйм. Ошентип эле күндүн кандай батканын билбей калам. Күн да батат, өзүм да чарчайм анан кайдагы жумуш? Бирок ошол эле учурда күндүзү окуп, кечкисин кафеде иштеген кыздар бар. Менин азырынча иштегенге көңүлүм жок.


«Супердин» сурак бурчу

"ЖОГОРКУ МАЯНАЛУУ ЖУМУШ" ДЕГЕН
ЖАРЫЯЛАРГА КАЙРЫЛЫП КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ?

Зебикан,
48 жашта, оператор:

– Мен өзүм андайларга кайрылып көргөн эмесмин. Анткени Күрпсай ГЭСинде иштеп, жетишерлик айлык алам. Эгер ал мамлекеттик жумуш болсо, аракет кылса болот. Бирок менин балдарым көп акчалуу жумуш издеп жүрүп, Орусияга кетишти.

Элиза,
18 жашта, студент:
– Азыр окуп жүргөнүм үчүн айта албайм. Кийин ошондой жарыя көрсөм, барып көрмөкмүн. Бирок укканыма караганда, алар өп айлык берилген жумушка орноштурам" деп алдап коюшат экен. Бардык сөздөргө карабастан, бизде жогорку маяналуу жумуш бар экендигине ишенем.

Анарбек,
57 жашта, куруучу:

– Азыр жумушсуз жүргөндүгүмө карабастан, андай жарыяларга кайрылган жокмун. Ал эми буга чейин иштеген мекемеге 10-15 адам чогулуп, маянаны көбөйтүү жөнүндө арыз жаздык. Бирок жооп боло элек. Ал эми баягы гезиттердеги "көп маяна беребиз" деген сөздөргө ишенбейм.

Салтанат,
31 жашта, мугалим:
– Мен университетте сабак берем, анан буга окшогон жарыяларга маани бербейм. Анткени мамлекеттин абалын беш колдой билебиз. Өзүңөр деле элестетсеңер, кантип ушундай шартта Кыргызстанда жогорку маяналуу жумуш болсун? Мен буга ишенбейм.

Турсунбек,
47 жашта, айдоочу:

– Мен, кызым, аялым жарыяда айтылган дарек боюнча барып көрдүк. Бирок көбүнчө косметика же тармактык соодага кызматкер талап кылынат экен. Мунун пайдасы жок болсо керек. Тааныштардын андай жумуштан көп өтпөй чыгып кеткендерин угуп калып жүрөбүз.

Асанбек,
82 жашта, пенсионер:

– Биздин убакта маяналуу жумушка билими жана күчү менен кабыл алынчу. Азыр көп акчалуу жумушка алынгандар да болот, кээде болбойт. “Асмандагы” акчага сөз берип, аны иш жүзүндө аткарган адам жок. Жогорку маяналуу жумуш болсо дагы, ага акчанын күчү менен өтсө керек.

Айнура,
23 жашта, кабарчы:
– Башынан жогорку маяналуу ишке чакырса да барбайм деп келем. Андан көрө акчасы аз болсо да өзүмдүн журналисттик кесибим жагат. Ар бир адам өз адистиги боюнча иштеген жакшы.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jooshbay
2010-07-20 10:07:43
кызык буну баары эле билет жон эле козун жумуп журушот ко
!!!!
0
Саби
2010-07-20 12:02:41
Силер бул жакка кыздарды кызыктыргандай эле жазып коюптурсунар.Эгер жаш кыздар муну окушса кунуно кыйналбай 6000 мин сомдон таап, жашап бутума туруп албайымбы деген ойлор кетсе керек.
0
ZAMIRKA
2010-07-20 18:32:41
Жашоонун жаманын да, жалганын да,кызыгында.кыйынчылыгын да озубуз жаратабыз да.
0
MiYan
2010-07-21 12:44:16
Мх..х! Мындайды ойлогула деп койущат.Ойлогондо заман кыстап жатат да.Акча жетишпей.Жумуш жок.Эгерде КР экон-сы которулсо,балким мындайлар азаймак!Ким билет.Замандын оордугу.Эмне кылсын аларды деле тущунсо болот да.
0
Kagan
2010-07-22 03:14:34
мм баардыгы ата-эненин тарбиясы жана алардын козомолундо... же Ыймансыздыкта...
0
Akjol
2010-07-22 05:40:34
Ата энени куноолобогуло,ата эне эч качан жаман тарбия бербейт.Ал ар бир адамдын озунон.Кыздар ушундайга барбайле коюшса,иш деген толтураго.Эч эле болбой кетип атса куйоого тийгиле куйоон багат.
0
тилек
2010-07-22 16:49:27
Мм...да чындап эле "Саби" айткандай жаш кыздар кызыгат болуш керек. Эмнеси болсода ар бир инсанга ыйман берсин.Замандын оордугуна шылтоо туура эмес болуп калатко. Биздей болуп Россияга иштесе да болот болуш керек. Ар бир адамдын озунон.
0
MiraL
2010-07-23 05:28:45
http://askimam.ru/news/2009-02-26-4. ушул ссылкада бул темага караштуу маалымат бар.ИншаАллах жардамы тиет.
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан