ЭНЕ УУЛУН САБАГАН АЙЫЛДАШЫН ӨЧ АЛУУ ҮЧҮН ӨЛТҮРГӨНБҮ?

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылынын 37 жаштагы тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Аны өлтүргөнгө шектелип 54 жаштагы аял кармалды. Аял баласын сабап койгону үчүн өч алуу максатында айылдашына бычак сайганын айтып көрсөтмө берген. Өч алуу болгонбу же маркумдун өлүмүнүн башка да себеби барбы, териштирип көрдүк.

“ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛДЫ”

Каргашалуу окуя тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов маалымат берди:

– 2019-жылдын 10-март күнү саат 16:10 чамасында Түп райондук ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облустук ооруканасынан бычак жаракатынан каза болгон жаран тууралуу маалымат келген. Түп РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Териштирүүдө окуя мындайча болгону белгилүү болду: 10-мартта саат 15:40 чамасында Михайловка айылынын 1982-жылы туулган тургуну К.У. айылдашынын үйүнө барып, үй ээси менен уруша кеткен. 1965-жылы туулган Ш.Т. аны бир жолу көкүрөк тушка бычак менен сайып жиберген. К.У. оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон. Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү аял 2 айга камакка алынды. Шектүү күнөөсүн моюнуна алып, баласын сабап койгону үчүн К.Удан өч алмакчы болуп ага бычак сайганын айтып көрсөтмө берген. Шектүү да, маркум да буга чейин соттолгон эмес.

“ШЕКТҮҮ КҮЙӨӨСҮНҮН ӨЛҮМҮН БАЙКЕМДЕН КӨРҮП ЖАТЫПТЫР”

Маркум Каныбек Усупов үй-бүлөдө 13 баланын 10унчусу болгон. Агасынын жашоосу, анын өмүрүн алган окуя тууралуу 32 жаштагы иниси Нурбек Усупов маалымат берди:

– Биз 13 бир тууганбыз. Баарыбыз өз турмушубузду куруп кеткенбиз. Үйдө калып апамды, каза болгон улуу байкемдин 3 баласын караган ушул байкем болчу. Өзү 37 жашка чыккан. Бирок үй-бүлө кура элек эле. Ушул апрелде үйлөнүү алдында турган.

Буга чейин да 4 эркек бир тууганыбыздан айрылганбыз. Бири жүрөгү ооруп каза болсо, бири асынып алган, дагы бир байкем киши колдуу болуп ооруканада көз жумган. Аны ким сабап, эмне болгону белгисиз бойдон калды, эч ким жоопко тартылган жок. Атабыз 1997-жылы каза болгон.

Каныбек байкем айылдын четиндеги кашарда бирөөнүн малын багып иштечү. 3 бала машина айдап баратса, байкем иштеп-жашаган сарайдын жанында унаасы тыгылып калыптыр. Алардын бирөө байкемдин таанышы болот. Ал байкеме жолугуу үчүн жашаган жерине кириптир. Сырттагы эки бала күтүп отуруп чыдабай артынан барган экен. Ал балдар тосмону ашып киришиптир. Байкем ошого жини келип, “кандай келсеңер ошондой кеткиле” деп аларды кууптур. Тиги балдар “жүр, сүйлөшөбүз” деп байкемди эшикке чакырышыптыр. Эшиктен агам шектүү катары кармалган аялдын баласын сабап коюптур. Анын бетинде көк ала тактар бар экенин көргөндөр айтышты. Ошол күнү эле сабалган баланын апасы бир колуна электрошокер, бир колуна бычак кармап алып сарайга барып, байкеме кол салган экен. Байкеме бычак шилтегенде спорттук костюмун тытып кеткен. Бул учурда аялды башка адамдар токтотуп калышкан. Андан кийин байкем шектүү аялдын баласы менен жолугуп, бул конфликтти өздөрүнчө чечишип алышат. Апасы арыз жаз десе, сабалган бала арыз жазбай коюптур. 10-мартта аял арыз жазам деп коркутуп байкемди үйүнө чакырган экен. Байкем арыз жазып койбосун деп кечирим суроо үчүн барыптыр. Жанында эки бала болгон. Байкем “Балдар менен келдиң деп ызы-чуу чыгарып жибербесин. Силер отуруп тургула, өзүм бүтүрөм” деп үйгө жалгыз кириптир. 15-20 мүнөттөн кийин шектүүнүн баласы байкемди жетелеп чыгыптыр. Байкем унаага отуруп “ооруканага айда” деген бойдон эсин жоготуптур. Бычак оң капталына төшүнөн ылдый сайылып, боорго тийип өтүп жүрөккө тийген. Достору байкемди биздин айылдагы ооруканага алып барышса, врач жок болуп калып, Караколго алып кетишет. Ал жактан врачтар агамдын каза болуп калганын айтышыптыр.

Шектүү аялдын кызы “Инимди мүрзөгө көмүп салыптыр. Ал жактан көргөндөр чыгарышыптыр” деп маалымат берип жатат. Андай болгон эмес.

5-6 жыл мурда агамды өлтүрдү деп шектелип кармалган бул аялдын жолдошун өлтүрүп кетишкен. Өлтүргөндөр табылып, жазасын алышкан. Бирок ал аял ошол ишти байкем кылган деп шектеп жатыптыр.

Байкем мурда баңгизатын колдонгону үчүн соттолуп, 1,5 жыл отуруп чыккан. Кийин баңгизатын колдонбой калган. Экинчи тарап байкемдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтып жатышыптыр. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бирөөнүн малын багып иштебейт да.

Шектүүнүн баласы кылмыш болгон учурда ошол үйдө болуп жатат. Эмнеге баласын кылмышка катыштыгы бар деп карашкан жок? Бул адамдарды сырттан тааныйбыз. Колунда бар адамдар экенин билебиз. Жазадан качып кетпейби деп чочулап жатабыз. Кармалган аял күнөөлүү болсо мыйзам чегинде жаза алышын талап кылабыз.

 

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nurkyz1977
2019-04-01 10:02:21
Шектуу да маркум да мурун соттолгон эмес деп жатышса,бир тууган иниси байкем банги затын колдонгону учун 1,5 жыл отурупчыккан деп жататко тушунуксуз.
+14
Gul_gulum
2019-04-01 10:36:59
Nurkyz1977, мен да ошонусуна тан калып жатам кимисине ишенишимди деле билбейм
+6
taalay25
2019-04-03 12:44:15
Nurkyz1977,СИЗОдон эле чыгып кеткен окшойт
+1
talych.kg
2019-04-04 23:45:41
Азыр бироону куноолош кыйын!бир нерсе деп коментарий жазгандан кооптоносун!деги эле мурла кантип жургонбуз интернет жок!азыр катуу осурсан хит болосун го
0
Miru-suli
2019-04-05 02:07:05
Эх заман эмене болуп баратат
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан