Гүлнур Асанова, ырчы, актриса: «ЖАМАН ЭНЕРГИЯНЫН БААРЫН МАЛЬДИВ АРАЛДАРЫНА ТАШТАП КЕЛДИМ»

Ырчы жана актриса Гүлнур Асанова жакында эле чет өлкөлөрдөгү эс алуудан кайтты. Анын Мальдив аралдарында эс алуусу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. «Ким менен барды? Кайсы акчасына барды? Кандай эс алды?» Бул суроолордун баарына өз оозунан жооп угасыз.

– Cалам, Гүлнур! Быйылкы жылды өзүңө саякат жылы деп жарыяладыңбы?
– Саламатсыздарбы? Чын эле сиз айткандай, быйылкы жылды саякат жылы деп жарыялап, ошону ийгиликтүү баштап келдим.

– Жакында эле Мальдив аралдарында, Дубайда, Шри-Ланкада эс алып келдиң. Эс алуу кандай өттү? Кандай таасир, кандай идеялар менен келдиң мекениңе?
– Удаасынан 3 жерге барып, жакшы эс алып, жан дүйнөмдү азыктандырып, жакшы энергия менен келдим. Эс алуу абдан жакшы өттү. Тропикалык жер болгондуктан телекөрсөтүүлөрдөн көрүп, кыялданып жүргөн жер-жемиштер, суу алдындагы жандыктар, бак-шактар баары көз алдыңда жайнап, төгүлүп турат. Мисалы, биз кокос ичүүнү кыялдансак, ал жакта жерде төгүлүп, соолуп кор болот экен. Балким, бизде деле айрым жемиштер бааланбай жаткандыр. Биз аквариумда баалап багып жаткан балыктардын баары океанда бутуңа илешип жүрөт экен. Куйругу аркылуу адамдарды, жаныбарларды токко урдурган скаттардан кооптондум эле. Ал жээкке кээ бир мезгилдерде эле сүзүп келгендиктен көрө алган жокмун. Акулалардын балдары таңга маал, түн бир оокумда жээкке келет экен, аларды көрдүк. Нан же бир нерсе таштап койсоң тим эле жабалакташат. Краб болсо мен ойлогондой жай кыймылдуу эмес, ылдамдыгы укмуш экен. Көлөкөңдү көрөр замат жылт коёт. Аны көрүп ушунун ылдамдыгын мен үйрөнүп алышым керек дедим. Анткени мен чоң таш бакалардай шашпай жүрө берем да үлүп).
Эң жакканы – тейлөө кызматтарынын аябай жогорку деңгээлде экендиги. Мени көбү индия кыздарына окшотуп жатышты.

– Сен кыргыз ырчыларынан алгачкылардан болуп Мальдив аралдарында эс алдың окшойт, ээ?
– Чыгармачылыктагы досторумдун баары «сен Мальдив аралдарына биринчи барып келдиң. Кандай экен? Биз барсак болобу? Кемчиликтерин, жакшы жактарын айтсаң. Абасы, табияты кандай экен?» деп жатышат. «Менин кыялым болчу» дегендер да болду. Ниет кылса кыялдар орундалат. Мен деле көп жылдар бою Мальдив аралдарында эс алууну кыялдангам. Быйыл Кудай буюруп барып келдик. Дельфин, акула, чоң таш бакаларды, айтор, бардык жаныбарларды көрсөң болот. Мындай кереметтерди көрүп, жаратылыштын кооздугуна дагы бир ирет тамшандым. Жаман энергиялардын баарын Мальдив аралдарына таштап, деңизге сырларымды айтып, катып келдим. Курбум «деңиз сырларды терең катат» десе чыгып алып эле деңизге сырларымды айта бердим.

– Чет өлкөлөрдө эс алууң эл арасында талкуу жаратты. Кай бири «өзү эс алды» дешсе, кээ бирөө «демөөрчү тапкан го» деп да чыгышты. Жообун өз оозуңдан угалы.
– Жакын курбу кызым экөөбүз 3 жылдан бери кыялданып жүргөнбүз. 3 жылдан бери топтогон каражатыбызга барып келдик. Мальдив аралдарына алып барган демөөрчү бар бекен үлүп)? Канча адам болсо, ошончо ой болот да. Демөөрчү тууралуу ойлогондорду, айткандарды деле туура кабыл алам. Андай сөздөр айтылыш керек болчу.

– Жакын курбуң менен эс алып келдим деп калдың. Дос күтүү жаатында кандай талаптарды коёсуң? Кандай адамдарга ачылып сырыңды айта аласың? Мырзалар менен да достошо аласыңбы?
– Дос дегендин мааниси өтө терең. Бардыгын эле дос деп айта бериш мүмкүн эмес экен. Албетте, көп курбуларым, досторум бар. Бирок арасында ишенген, сырымды айткан, сырымды каткан, кыйын кырдаалда колдоп турган бир-эки эле досторуң болот. Убакыттын өтүшү менен ошол досторуң ар дайым жаныңда болуп калат экен. Жадакалса эс алууга да чогуу барып дегендей. Досторго болгон талабым чынчылдык эле. Чынчыл болуп, менин жан дүйнөмдү түшүнүп, колдоп турса мен үчүн бул бакыт.

– Бир кездеги эң жакын курбуларыңдын бири болгон актриса жана ырчы Асема менен таарынышып жүргөнүң чындыкпы?
– Чындык же жалган деп тастыктап айткым келбейт. Анткени мен ал баракты жаап койгом. Жогоруда айткандай, жакшы энергия менен келдим, азыр ошол баракты ачкым келбей турат да.

– Тасма талаасында мурдагыдай активдүү иштебей жаткандай туюласың.
– Анткени мен өзүм кыялданган сценарийди азыр окуй элекмин. Ачык айтыш керек.

– Киночулар сага кайгылуу айымдардын образын көп сунушташат окшойт. Анткени көп эле тасмаларда ыйлап жүргөнүңдү көрөбүз. Бул нерселер өзүңө да байкалабы?
– Сөзсүз түрдө байкалат. Кайгылуу образ десе эле дароо түшүнөм. Анткени мурдагы тартылган кинолорумдан улам мага бул образ калган. Көбүнчө ушундай сунуштар болгондуктан баш тартпай аткара бергем. Азыр баш тартам. Ал образга кайткым келбейт, кыйналып ыйлагым келбейт.

– Өзүңдү чыгармачылыктан тышкары бизнес жаатында да сынап жатасың. Болчудайбы?
– Чыгармачылыктагы көп айымдар бизнесте ийгиликтүү. Чыгармачылыгын да, ишкерлигин да чогуу алып кетип жатышат. Бизнесимди алып кете аламбы же орто жолдо чарчап таштап саламбы, бул эми Кудайдын буйругу. Азыр бизнесим укмуш деп айтпайм, жакшы эле, шүгүр.

– Мурунку жолдошуң менен азыр мамилең кандай?
– Ий, бул теманы да такыр эле жапкам. Ал жөнүндө сүйлөгүм да келбейт. Эмнеге анын баарын чукуп чыгам? Жерди казгам да, анын баарын көмүп койгом.

– «Көздүү мончок жерде калбайт» дейт эмеспи. Колуңду сураган мырзалар болуп жатса керек?
– Болуп жатат, бирок мен жеке жашоомду кулпулап койгом. Аны ачпайм го азырынча. Өзүм да даяр эмесмин дегендей.

– Интернетте дайыма хейтерлерге жооп кайтарасың. Кээде аларга арнап билдирүү жазасың... Алардын сөздөрү сага катуу тиеби?
– Интернеттен ар нерсени жазгандарга убагында жүрөгүм ооруган, кээде теригип ыйлагам. Кийин "6 миллион калкыбыз бар, демек, 6 миллион пикир күтүшүм керек. Эмнеге теригем, эмнеге таарынам?" деп чечкем. Бирок чектен ашкан, улам «кара тизмеге» салып койсоң башка баракча ача калып баягы эле сөздөрдү жазып жаткандарга жиним келет дагы, кээде «сабыр кылгыла» деп жооп жазып коём.

– Негизи эле жашоодо эмоционалдуусуңбу?
– Курбуларым «Мурун аябай сабырдуу болчусуң. Күлүп тура берчү элең. Азыр болсо тарс-турс болуп кетесиң» деп айтып калышат. Жашоонун ысык-суугуна кабылып жатып такшалат экенсиң. Мурда көп учурда жооп кайтара албай ичимден сызып калып калчу экенмин. Азыр жоопторду айтып-айтып алам, бирок жакшы уктайм. Ошого үйрөнүп алдым.

– Келечекке кандай максаттарды коюп жатасың? Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
– Мен негизи чыгармачылыкта мындай кылам деп алдын ала жар салып айткым келбейт. Эс алуудан жакшы энергия топтоо менен катар чыгармачылыкта буларды кылам деп өзүм үчүн тизмектеп койгом. Аны сөзсүз түрдө аткарам.

– Маегиңе рахмат, иштериң ийгиликтүү болсун!


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлнур Асанова: “Жеке жашоомду ачыктаганга даяр эмесмин”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
vikidiki
2019-04-08 09:42:54
Жакшы. Буюрсун. Ийгилик. Эми Анжелика апчебиз Мальдив аралына тытып кетпесе болду"кайда журдум биринчи болуп барбай? "-деп.
+10
Nestana95
2019-04-08 19:43:01
vikidiki,жардыныз..дал озун айтып
+2
meni_kut
2019-04-08 10:11:04
Мурда чачы узун орулгон башкача сымбаттуу болчу,суктанчу элем.Суйлогонун уккандан бери,суктанбай деле калдым,характери детский сыяктуу экен.А суйлобосо ото акылдуу,оор басырыктуу,бир сырдуу корунот.
+2
Sajakat14
2019-04-09 03:34:02
meni_kut,азыр дагы сымбатуу.
-2
Tyty1990
2019-04-08 11:05:21
Эмне кылып чарчашат байкуштар. Жаш эле туруп кайра кайра эле эс ала беришет.
+9
jibek.shami
2019-04-08 11:33:48
жаман энергия эмне буюм бекен таштап келгидей
+2
airiz_92
2019-04-08 14:02:51
jibek.shami,буюм окшойтда таштап келгенине караганда...
+2
barakcha
2019-04-09 08:20:46
Катып койдум,комуп койдум,кулпулап койдум,жаап койдум эле дейт го?
+9
DNurgiza
2019-04-09 15:32:45
barakcha,чын эле, суроолорго толук жооп бербептир.
+3
Jikos
2019-04-09 09:53:46
Гулнурдун инстаграмдагы аккаунту кандай, ким билет?
0
babi92
2019-04-09 18:26:35
Чыгармачылык ийгилик, анча-мынча ообу жокторго караганда таланты бар
0
Sagyn.91
2019-04-10 01:53:16
Маек берип бутпой койду го. 10 жыл мурун Эл суймончулугуно арзыган актриса эле, азыр баркын жоготуп алды.
+3
bond02
2019-04-10 10:49:43
Бул да бир пиарчы.
0
Urmat7055
2019-04-10 15:52:18
Чон ташбакамын дегени жакты да чын эле эч шашылбай журотко анан да ото кок беттей корунот
0
pero5184
2019-04-10 18:19:27
Бул кыздай боло албай канчасы жүрөт бирок бир жүмада ажыоашканына эч түшүнө албайм
0
Umakg
2019-04-12 14:59:47
Озум алайынчы сени Гулнура мага тиесинби купя кат жаз
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан