Көңүл ачуучу музыкалык оболордун биринде жагымдуу үнү менен угармандарга жылуу маанай тартуулаган ди-джей – Чыңгыз Мырзаев. Бул жигит учурда саясатка да кадам таштасам деп турат.
АКЫРКЫ УЧУРДА...
– Өзүмдүн, жакындарымдын аманчылыгын тилеп калдым. Чөнтөгүң толо акча, жумушуң күүлдөп жүрүп турса бирок үй-бүлөң чачыранды болсо, мына сарсанаа.
Биз бул дүйнөдө конокпуз. Ошондуктан эл үчүн кызмат кылган адамдардын катарына кошулсам деп көп ойлоно баштадым.
САГЫНУУ...
– Окуучулук күндөрдөгү дискотека өңдүү оюн-зооктордон башым чыкпай жүргөн кезди сагындым.
Быйыл Улуттук университеттин юридикалык факультетин аяктайм. Убагында студенттик күндөрдүн кадырына жетпептирмин. Кайрадан студенттик күндөрдү баштан өткөргүм келип жатат.
– Чыңгыз, жакында эле баарыбызды ойго салган түштүк окуясы болуп өттү. Мобилизация деп көптөгөн жаштар өз ыктыярлары менен тартипти орнотууга жөнөгөнү турушту. Алардын катарында болдуңбу?
– Чынын айтыш керек, алардын арасында болбодум. Бирок мени андай нерселер менен иши жок деп айтуу туура эмес. Эфир аркылуу жарандарды ынтымакка, достукка үндөп жаттык. Эртең мененки “Таңкы тополоң” деген уктуруубуз бар эмеспи, анын ордуна бир тууган, Ата Мекен, эл-жер темасындагы ырлар жаңырды. Кырдаал мындай болуп жатса, биздин таң атпай каткырганыбыз туура эмес болчу.
– Негизи, аскерде кызмат өтөдүң беле?
– Үйдө үч кыз, бир эркекпиз да. Апам: “Сен аскерге кетсең, артыңан ашпозчу болуп барып алам”,- дей берчү. Жалгыз бала болгон үчүн го дейм, альтернативдик кызмат өтөгөм. Иштеген акымдын 20 пайызын ай сайын берип турчумун. Азыр аскердик билетим бар.
– Ушул жашка келгени канча жумуштун даамын татып көрдүң?
– Чаткалдагы Чакмак-Суу мектебинде 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумуна тапшыргам. Окуумду бүткөн соң жогоруда аты аталган мектепте көркөм жетекчи жана музыка мугалими болуп эмгектендим. Ошол эле учурда айылдык клубдун жетекчиси болуп да иштечүмүн.
– Баса, он жылдыкка барбаптырсың го. Классташтарыңды көргүң келген жокпу?
– Камчыке жайкы эс алууга чыккан. Ди-джейлер саналуу гана. Жумуштан кол бошобой, бара алган жокмун. Албетте, классташтарымды сагындым, көргүм келди. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңди. Буюрса, 15-20 жылдыкты өзүм уюштурсам деген оюм бар.
– Камчыке демекчи, сени "Камчы Сарыбаевдин ди-джейлигин жактырбайт" дешет го...
– Камчы байке экөөбүз аздыр-көптүр эфирде чогуу отурдук, бир туугандай эле болуп калдык. Байкемдин бир окуяны баштаса убакыттын тардыгына карабай, бапылдап калмай жайы бар (күлүп). Колум менен крест көрсөтүп убакыт бүттү десем да, буркан-шаркан боло бергенде жамаатыбыз менен күлүп калабыз. Ар кимдин өз күйөрманы бар дегендей. Камчы байкени жакшы көргөн угармандары аз эмес. Агабыз, негизи, ичине эч нерсени батыра албаган, оюн бетке айткан ак көңүл адам.
– Жакшы. Эфирден сөз таппай көпкө чейин ы-ы-ы деп каласың го. Бул изденүүнүн жоктугунанбы?
– Кээде маанайың чөгүңкү болот, кээде жаңылышасың, сүйлөп жатып компьютерден ыр издейсиң. Ошондо бир аз ы-ы-ы деп пауза кармаган учурлар жок эмес. Адам чарчайт, кээде көкүрөктө сөз бөксөрөт. Сөз байлыкты көбөйтүш үчүн китептерди окуйм, интернет булактарына кирем. Көңүлүмө жаккан сөз жолуктурсам, телефонумдун эскертүү китепчесине дароо жазып алам. Бирок моюнга алыш керек, кээде изденүүгө убакыт таппай калам.
– Той алып баруудагы ставкаң 700 доллар турбайбы, ээ? Жаңы уюшулган "Тамадалар борборуна" мүчө катары кирбей коюптурсуң. Себеби эмнеде?
– Ставкабыз той ээсинин сүйлөшүүсүнө жараша 500 доллар менен 700 доллардын ортосунда. Бул музыканттар менен бирге барган баабыз. Кээде тааныштардыкын бекер деле алпарып каласың. "Сөз келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт" дейт. Гезитиңиздерге жарыяланган Эшенкул агабыздын сын-пикирин окуп калдык. Жаштар үйрөнсүн деген ою жакшы. Агалар көч башы болуп үйрөтсүн, кемчилик болсо айтсын. Бирок биздин чын эле жакшы тамада, жакшы алпаруучу болушубузду кааласа элге “тиги тигиндей, бул мындай” дебестен, адамдын өзүнө "иним" же "балам" “тигини тигинт, муну минт” дегени туура болот беле? Жаңылбас жаак болбойт. Окуп алып, атам менен тең кишинин айтар сөзү эмес эле, тилде сөөк жок дедим. Анан "агабыз 25 жашында эмне кылып жүрдү экен?" деген суроо туулду. Эл чакырат, биз барып кызмат кылабыз. Мен өзүмдү мактап же мени чакыр дебейм. Кеңешип, "жакшылыгыбызды башкарып бер" дегендерге эмнеге биз жок дешибиз керек? Жашырганда эмне, баарына жашоо керек. Ар кимдин өз ырыскысы бар. Буюрса барабыз, буюрбаса айла жок. "Тамадалар борборуна" барайын деген оюмду ошентип бырчалап коюшту. Акыйлашуу жигиттин жумушу эмес, бирок өз пикиримди айтканга акым бар деп ойлойм.
– Акыркы учурда ырчылыкка караганда тамадалыкка көп ыктап калдың. Ырчылыкты таштоо оюңда жокпу?
– Калп айткым келбейт. Чын эле алпаруучулукка ыктай баштадым. Бирок ырчылыкты да таштабайм. Азыр аранжировкасы бүтө элек үч ырым бар. Акча болсо убакыт жок, убакыт болсо акча жок дегендей кеп.
– Бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү?
– Бир көрүп жактыруу мүмкүн. Адамды сүйүш үчүн бир көрүп эмес, жакындан таанып сүйлөшүү кажет го.
– Күйөрман кыздарыңдын көп экени талашсыз. Чектен ашып, сага “кол салгандар” болду беле?
– Күйөрман деген чыгармачылыгыңды гана жактырыш керек деген ойдомун. Ал эми жеке жашооңо мурдун салганы туура эмес. Үйгө чейин чалып, бир туугандарымдын, ата-энемдин тынчын алган кыздар көп. Кыргыз кызы сылык, ийкемдүү болушу абзел. Чектен ашып баратса, "чоң кыз, эсиңе кел" деп ачык эле айткан аша чапкандыкка кирбейт го.
– Телефон номуруңду сураган эле кыздарга бере бересиңби?
– Көбүнчө кыздар менен тойлордо таанышып калам. Менин номурумду сурашканда “келиңиз, мен сиздикин жазайын” деп алып калам, бирок бирөөсүнө да чала элекмин. Айрым кыздар тың болушат го “агам үйлөнмөк эле номуруңузду бериңиз” дешет. Акчаны жакшы көргөн жаным алданып, берип коём.
– Буга чейин канча кыздын жигити болгонсуң?
– "Кыз-жигит болуп сүйлөшпөйлүбү?" деп эки кызга сөз айткам. Үчүнчүсү болобу же болбой эле үйлөнүп аламбы, убакыт көргөзөт.
– Өткөн күздө эле үйлөнмөк элең го...
– Калың топтоп бүтөйүн, анан үйлөнөм. Мен каалаган сумманын жарымын араң чогулттум.
– "Семире албай жүрөм" деп көп айтчу элең, толуунун аракетин көргөн жоксуңбу?
– Аракет кыла электен мурун "кантип толом?" деп ар кимден эле сурай берчүмүн. Айрымдар "көп тамак же"дешсе, кээ бирлер "спорт менен машык" дешти. Анан толоюн деп дарыканадан семиртүүчү дары сатып алдым. Ал дарыны бир күнү үч маал унутпай ичтим. Эртеси такыр эсимден чыгып кетиптир. Анан кайра ичтим да, кайра унутуп калдым. Ошондо эжем “сен дары ичип кыйратпай эле койчу” деп меникин төгүп салып, идишке өзүнүн дарысын салып алган.
– Дарыңды унутпай ичсең, эмгиче курсак байлап калмак экенсиң да. Кандай учурда чыгармачылык эргүү келет?
– Ар кандай учурда. Компьютерге 70-80дей барак ыр жазган элем. Бирок техниканы жакшы түшүнө бербегендиктен өчүрүп алдым. Ошондон кийин "духум" түшүп калды. Отуруп алып кайрадан эстейин десем да болбоду. Жазган ырларымды эфирде окуюн деп атайын “Сезим сырлары” деген программаны алып чыккам.
– Ичкиликке кандайсың?
– Маанилүү күндөрдө гана анча-мынча сыра иччүмүн. Азыр таптакыр оозума албайм. Анын үстүнө дайыма рулда жүрөм. Негизи эле мастарга катуумун.
– Кичине кезде бөтөлкөгө сагыз сатып алып чайнаган күндөрдөн эске салбайсыңбы?
– Эсимде, чын эле бөтөлкөгө сагызды кыздар сатып алышчу. Биз балдар кечинде эки бөтөлкөгө бир кино көрчүбүз. Айыл боюнча эки эле адамда видеомагнитофон бар эле. Төрт бөтөлкө алып келип, экөөсүн кийинки киного деп катып койсок тааныштар “берип турчу” деп сурачу да. Ошондуктан бир кино көрүп бүткөндөн кийин үйгө тызылдап барып, кайра эки бөтөлкө көтөрүп келчүмүн.
– Анан кинодогу каармандарды туурап мушташасыңар...
– Ойноп мушташчубуз. Бирок оюнга караганда, чындап мушташканым такыр эсимден кетпейт. Жаңы студент болгондо досум экөөбүзгө өзбек-кыргыздардан турган чөнтөкчү балдар тийишишти. Кеч кирип калган. Окуу жайда кароолчудан башка эч ким жок. Сомодой болгон 5-6 бала досума тийбестен, мени төпөштөп кетишкен. Алардын “ал эмес, бул тийишти” деп сабагандары бүгүн да көз алдымда. Кийин бир майрамда экөөнү кармаганбыз.
– “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кириптирсиң. Саясатка баш багууңа кимдир бирөө түрткү болдубу?
– Бир нече саясий партиялардан сунуштар түшкөн. Сиз айткан партиянын катарына кирейин деп чечкем. Бирок ата-энем бир аз каршы болуп турат.
– Жашоодогу девизиң...
– Девизим: “Сенин колуңдан келет!” Өжөр, анан намыскөй жагым бар. Бир нерсеге киришсем, аягына чыкмайын жаным жай албайт.
– Рахмат маегиңе. Жылдызың жанып жүрө бер.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg