Айымжан Айылчиева: «ТҮШТҮК КОРЕЯДА ОКУП ЖАТАМ»

Ырчы Айымжан Айылчиева учурда Түштүк Кореяда билим алууда. Анын Кореядагы жашоосу, окуусу тууралуу кыскача маек курдук.

– Айымжан, биринчиден, өтүп кеткен туулган күнүң менен куттуктайбыз! 21 жашыңды башка өлкөдө, жаңы чөйрөдө кандай тостуң?
– Рахмат, 26-март күнү түнкү саат 12де досторум жатаканага торт алып келип куттукташты. Күндүз сабакта болуп, сабактан кийин боулинг ойнодук. Жума күнү болсо Сеулда окуган курбумдукуна бардым. Экөөбүздүн туулган күнүбүз удаа болгондуктан, эс алуучу жайды ижарага алып, досторубуздун курчоосунда көңүлдүү белгиледик.

– Эми окууң тууралуу айтып берсең. Кайсы программа менен, канча убакка кеттиң?
– Бул жакка бир семестр, тагыраагы, 4 айга келдим. Келгениме бир ай болду. Мен негизи Борбор Азиядагы Америка университетинде окуйм. Түштүк Кореяга башка өлкөлөр менен студенттер аркылуу тажрыйба алмашуу программасы боюнча эки кыз келдик. Азыр Түштүк Кореянын Йонъин шаарында, Кёнхи университетинде билим алып жатам. Бизде студенттер өзү каалаган багытты тандашат.

– Ал жакка корей тилин өздөштүрүп кеттиң беле? Тил жагынан кыйынчылык болгон жокпу?
– Чынында, корей тилин билбей эле келгем. Сабактар англис тилинде өтүлөт, андыктан окуудан кыйналбайм. Бирок университеттен тышкары баары корей тилинде сүйлөшкөндүктөн кыйынчылыктар болуп жатат. Учурда корей тилин өздөштүрүп жатам.

– Айымжан, маегиңе рахмат! Кореядан ийгиликтүү билим алып кел!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
vikidiki
2019-04-08 09:46:23
Азамат! Корей кыздарга окшош го озу дагы.
0
Stervashka
2019-04-08 14:18:39
vikidiki,тооба козудору жымшык болсо эле болду кореянкаларга окшош. Эчкандай окшоштугу жок.
0
vikidiki
2019-04-08 21:05:12
Stervashka,Сага деле жазган жок элем.
0
datkayimjan
2019-04-08 12:33:30
Ушу кыз мага аябай жанара да
+4
Asyl10
2019-04-12 16:02:47
Кайсы соц.тармактарды караба элдин баары чет олколоп саякаттап,окуп,иштеп, чет жакка турмушка чыга койуп,кооз жайларда жашоолору бир соонун болуп, менин жашоом эле бир боппоз,бир нукта,кызыгы жок отуп жаткандай сезилет мага. Эмнеге менин жашоом кызыксыз, уктамай,турмай, окууга бармай,келмей,уй жыйнамай,тамак жасамай,уктамай,турмай... Менде эле ушундайбы :-( же мага окшоп боппоз жолдо бир кыл жашоодо жашагандар да барбы? Баары эле жыргап жашап мен эле боз чычкандай болуп жашап журомбу?
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан