КУУДУЛ АЛТЫНБЕК АЖАЛИЕВ КЫЗДУУ БОЛДУ

«Жоролор» тобунун куудулу Алтынбек Ажалиевди саясатчы, президенттерди катыра туураган пародист катары жакшы тааныйбыз. 28-март күнү Алтынбек көптөн күткөн кызын бооруна алып, бактысы ташып турган чагы.
«Кызыбызды балдарым менен 7 жыл күттүк. Уулдарым чай ичкен сайын апасына аман-эсен көз жарып алыңыз, эгиз кыз төрөп алыңыз деп баталарын берип турушчу. Алардын батасы Кудайга жетип, келинчегим аман-эсен көз жарып, кыздуу болуп кубанып отурабыз. Кызыма Насыйкат деген чоң апамдын атын койдук. Учурда келинчегим менен кызымдын абалы жакшы»,- дейт куудул. Наристенин бешик боосу бек болсун дейбиз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zyzy9477
2019-04-08 10:44:51
Конвертке эле ороп чыкса болмок экен, ка-ап!
+1
Nurkyz1977
2019-04-08 12:36:42
Бешик боон бек болсун! Бирок озунду талантту инсан деп эсептебейм,сага караганда Союузбек эн таланттуу куудул. Сен эс алып, клоун болбой эле башка жумуш издечи.
-4
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан