АЙНУРА САЛАХИДИНОВА ЭЛГЕ ТОЙ БЕРДИ

1-апрель күнү ырчы Айнура Салахидинова уулдарынын сүннөт тоюн, кызынын тушоо тоюн жана үй тойду бириктирип элге чоң той берди. «Эки ай бою даярданган тоюбуз көңүлдөгүдөй болду» деген ырчы айым төмөнкүлөргө токтолду:

– Былтыр уулдарыбызды сүннөткө отургузганбыз. Ошондон тартып тааныштар, достор «качан той бересиңер?» деп башташты. Шартка байланыштуу пландарыбыз жылып отуруп, минтип 1-апрель кызымдын туулган күнүнө туура келди. Элди кайра-кайра чакырып кыйнабайлы деп уулдарыбыздын сүннөт тоюн, кызыбыздын тушоо кесүү жана үйдүн тоюн бириктирип, элдин батасын алдык. Тойго достор, тааныштар, кесиптештер келди. Жалпы коноктун саны 350гө жетти. Кесиптеш досторум кезектешип ырдап жатышкандыктан, той-концертке айланып кетти»,- дейт кубанган Айнура.
Эске салсак, Айнура Салахидинова 2012-жылы турмушка чыккан. Жолдошу Санжар Энназаров экөө учурда эки уул, бир кыздын ата-энеси.

 Кыстарылган видео 
Айнура Салахидинова бир күндө 3 той берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
vikidiki
2019-04-08 09:44:05
Кут болсун тоюнар!
0
mela
2019-04-08 13:30:48
Отурган кыз ордун табат дейт...Куйоосу аябай колдойт экен!!!Жакшылыктар коп болсун!!!
+1
Benazir08
2019-04-10 10:08:49
Бактылуу болушсун. Тойлор бизге да жуксун
0
karona12
2019-04-12 21:38:57
Айнура живой ырдай албайт экен кыргыз радиосуна келип кетти эски достор манкаланып дорулдап ун деген такыр жок.
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан