Кыргыз ырчылары казак боордоштордун репертуарын байытып келатканы кубандырат. Эсиңиздерде болсо, буга чейин Джоннинин «Күттүм, ай» аттуу ыры казак, өзбек тилине которулуп ырдалганын жазганбыз. Эми ырчынын «Сүйө албадым» деген ырына казактар «куда түшүптүр». «Менин ырым чыккандан бир айдан кийин Асанали деген казак музыкалык продюсер байланышты. Анын колунда иштеген Артур Толепов деген ырчы мырза ырымды жактырып калганын, уруксат берсем, ырдайын деген ою бар экенин айтты. Мен канчалык ырды көп адам ырдаса, ошончолук жакшы деген ойдомун. Андыктан сатпай бекер эле уруксатымды бердим,- дейт Джонни.