Кыргызстандагы белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын добуш алып, экинчи орунду ээлеген. Ал шайлоодон кийин Сооронбай Жээнбековду жеңиши менен куттуктап, биринчилерден болуп шайлоонун жыйынтыгын таанып, дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал сыртта жүргөндө ага карата укук коргоо органдарынын мурдагы жетекчилери тарабынан саясий негизде эки кылмыш иши козголгон. Андан соң Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөнүн стабилдүүлүгүн ойлоп, элди кайраштыруу менен бийликке умтулбастан, тескерисинче, элдин башын бириктирүүгө аракет кылып, президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековго мүмкүнчүлүк түзүп, кайтып келген эмес. Бүгүнкү күндө Бабанов жигиттик сөзүнө турду деп айтууга болот.
Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө чыгып кетпегенде өлкөдө баш аламандык болуп, кайрадан мөөнөтсүз митингдер башталышы толук мүмкүн эле. Себеби 600 миң деген шайлоочу чынында оюнчук эмес, алар Өмүрбек Бабанов үчүн коркутуп-үркүтүүлөргө, кара пиарга карабастан добуш беришкен. Шайлоодо популярдуу талапкердин жеңип чыкпаганына капаланышып, көчөгө чыгабыз деп да чакырык ташташкан эле. Ошонун баарын алдын ала сезген Өмүрбек Бабанов сыртка чыгып кеткен. Учурда анын артынан кээ бир саясатчылар ар кандай ушактарды таратканы менен, жалпы коомчулук анын келишин күтүп жаткандыгына баарыбыз күбө болуп турган чагыбыз. Алмазбек Атамбаев президенттикти өткөрүп бергенден кийин телеканалдардын бирине маек берип, Бабановго карата кылмыш иши негизсиз козголгондугун айткан жайы бар.
Негизи Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келе турган кабары анын Нооруз майрамы менен элибизди куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө” деп социалдык түйүндөгү баракчасына жазганынан улам чыкты. Анын бул билдирүүсүн окуган шайлоочулары саясатчынын мекенге кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдиришти. Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келип, УКМКнын сурагына барууга даяр экенин анын тарапташтары айтышты.
БАБАНОВДУН МУРАСЫ
Өмүрбек Бабанов саясатка аралашканга чейин эле ийгиликтүү бизнесмен катары миңдеген жумуш орундарын түзгөн. Он миңдеген Кыргыз жарандары Бабанов түптөгөн бизнестерде иштеп, үй-бүлөсүн багып келүүдө. Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган кезинде кадрдык реформаларды жасоого жетишкен. Анын жыйынтыгында бири-бирин кайталаган органдар жоюлуп, бюджетте миллиондогон акчалар үнөмдөлгөн. Азыр ишке ашырылып баштаган “Коопсуз шаар” долбоору да Өмүрбек Бабанов тарабынан демилгеленген. Андан сырткары дыйкандарды колдоо максатында арзандатылган насыя бере баштаган. Бабанов өкмөт башчы кезинде дыйкандар биринчи жолу 7 пайыздык үстөк менен насыя алышкан. Муну менен катар республиканын айыл өкмөттөрүнө ветеринардык врачтар үчүн 1000 ветеринардык комплекттер сатылып берилген. Республиканын бардык аймактарында малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу 300 пунктту түзүүнү демилгелеген. Биринчи ирет экологиялык нормаларды сактаган көз карандысыз текшерүү жүргүзүүнү демилгелеген. Анын алкагында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна текшерүү жүргөн. Бул компаниянын экологиялык ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Ал комиссияда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын башчылары, атуулдук коомдун өкүлдөрү болгон.
Кыргызстандын атуулдары Казакстан Республикасында 30 күндөн 90 күнгө чейин катталбастан жүрүү мөөнөтүн узартууга жетишкен. Бабанов өкмөт башчы болгондо 2012-жылдын 7 ай аралыгында курулушка кирген мектептердин саны 91 болгон. Ал өкмөт башчы болуп турган кезинде чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлор менен тыгыз иштешип, бюджетти көтөрө алган.
БИЙЛИК БАБАНОВДУ ЧАКЫРСА...
Саясатчы Өмүрбек Бабановдун жасаган иштерин санай берсе аягына чыгуу кыйын. Ушундай эмгекчил инсан өлкөгө кайтып келсе, аны мамлекеттик кызматка дайындап, билимин пайдаланса президент эч качан адашпаган болот. Анткени Өмүрбек Бабановдун өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган арбын идеялары бар экендиги маалым. Эгерде ал өкмөт башчы болуп келе турган болсо, мамлекеттин казынасына азыркыдан да көбүрөөк акча түшүрө ала тургандыгы талашсыз. Себеби Өмүрбек Бабанов кайсы тармакта реформа жүргүзүү керектигин, көмүскө экономиканы ачыктоонун жолдорун жакшы билет. Жалпы кыргыз элине таанымал саясатчылар да Өмүрбек Бабановдун кайтып келишин, кайрадан саясатка аралашуусун каалай тургандыгын массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып келишет. Анткени саясатчылар да Бабановдун саясатта өз орду бар экенин, мамлекет үчүн бир топ ийгиликтүү иштерди жасагандыгын жакшы билишет. Бабанов өкмөттү жетектеп турганда 44 өлкө менен визасыз режим түзгөн. Башкача айтканда, биздин жарандарыбыз 44 өлкөгө ээн-эркин кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. Мындай кадамга азырынча бир да премьер-министр жете элек, бул да болсо Бабановдун иш билги кадр экендигинен кабар берет.
САЯСИЙ БУЙРУК
Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр айылында шайлоо алдындагы үгүт ишинде сүйлөгөн сөзүнө карата кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында анын сүйлөгөн сөзүнө филологиялык экспертиза дайындалган. Эксперттик топтун мүчөсү болгон филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөзүндө улуттар аралык кастыкты козутуучу сөздөр айтылбагандыгын далилдеп берген. Ү.Култаева атайын маалымат жыйын өткөрүп, эмне үчүн экс-депутатка карата козголгон кылмыш иши мыйзамсыз экендигин коомчулукка фактылар менен түшүндүрүп берди. Эгерде Бабановдун сөзүндө улуттар аралык кастыкты козутуучу кептер айтылган болсо, филология илимдеринин доктору мындай ачык билдирүү менен чыкпайт болчу. Мындан улам Бабановго карата козголгон кылмыш иши буюртманын негизинде болгон деген бүтүмгө келүүгө болот. Учурда коомчулук Өмүрбек Бабановдун кайтып келишин күтүп жатат. Анткени Бабанов Кыргызстанга керек.
Мирсулжан Намазаалы