Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурлан Насип, ырчы: «КЫЗЫМДЫН КИНДИГИН ӨЗҮМ КЕСТИМ»

№857 4-10-апрель, 2019-жыл


27-март күнү Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова ата-эне статусуна ээ болушту. Ырчылардын кубанычына ортоктош болуп, бул жолу Нурлан Насип менен аталык сезимдери тууралуу маек курдук.

– Нурлан, бешик бооңор бек болсун! Кызыңар Аваз менен Айдананын үлпөт тоюнан кийинки күнү төрөлдү. Асел көбүрөөк бийлеп койсо керек, ээ?

– Рахмат, кубанычка мас болуп эле жүрөм. Тогузунчу ай болуп, өзүбүз деле “мына, бүгүн-эртең төрөйт” деп күтүп жатканбыз. Асел тойдун эртеси эле саат 11лерде “ичим” деп калды. Дароо эле төрөтканага жеткирдик. Кечки саат тогуздарда кызым төрөлдү. Мен жанында болдум. Ичине кирген жокмун, коридордо басып жүрдүм. Аселдин кыйналып жатканын угуп аябай жаман болдум. Аял кишинин ушунчалык кыйналып жатканын сезгенден кийин ого бетер баалап калат экенсиң. Бала төрөлгөндө ыйлайт го, ошону угуп алып кошо ыйлагым келип кетти (күлүп). Эгерде мындан жаш кезимде ата болсом, андай эмоциялар деле болбосо керек эле. Отузга келип калганда ата болуунун ырахатын, кадырын сезип калат экенсиң.

– Бала төрөлгөндө атасынын көкүрөгүнө жаткырышат эмеспи. Төрөлүп эле кимдин колуна түшсө ошого жакын болот деп айтышат экен, силерде кандай болду?

– Аселдин эле көкүрөгүнө жаткырышты. Бирок дарыгерлер “киндигин өзүң кессең сага окшош болот” деп киндигин мага кестиришти. Кызымдын киндигин кесип, колума алдым. Эми ал эмоцияларымды түшүндүрүп айта албайм, ар бир ата аны өз жон териси менен сезсин дейт элем. Кичине бала өзгөрө берет дешет го, бирок азыр карасам биз тарапка окшош экен. Асел “мага эч бир жери окшобойт экен” деп айтып жаткан. Кыз киши атасы жакты тартат дешет экен го.

– Дария деген өзгөчө ысымды ким тандады?

– Салт боюнча чоң ата-чоң энеси коюшу керек экен. Бул укукту биз эбак эле бергенбиз. Алар тандап берген 4-5 аттын ичинен баарыбыз ушуга токтолдук. Дария – жеңүүчү деген маанини билдирет экен. Мусулманча да жакшы маанини билдирет. Кыргызча болсо өмүрү дарыядай узун, ыйманы дарыядай таза кыз болсун деп ушул атты тандадык.

– Жакшы, Дария азыр үйгө чыгып келсе керек?

– Салт боюнча төрөгөндөн кийин “бели катысын” деп апасынын үйүндө болушу керек экен. Төрөттөн бир аз кыйналып калды, өзүнө келгенче деп кайненемдин үйүнө чыгарып барганбыз. Азыр ошол жакта, бошосом эле жандарына барам, кээде видео байланыш аркылуу кабар алып жатам. Сөзүбүз эле кызыбыз болуп калды.

– Бойдок Нурлан ата Нурланга айланганда кандай өзгөрдү?

– Мурун эле балалуу болбой эмне кылып жүрдүк деген ой келди (күлүп).

Буга чейин Асел экөөбүз болсок, эми үчүнчү жакын адам кошулду, бул биздин байланышыбызды дагы да бекемдеди. “Кичинекей үшүп калбасын, бир нерсе болуп кетпесин” деген кооптонуу болот экен. Төрөлгөндө эле анын келечегин ойлоно баштайт экенсиң. Кызыма кандай тарбия, кандай билим берүү керек, келечегин кандай куруп бериш керек деген таттуу ойлор башталат экен. Балалуу болгондон кийин жашоонун кызыктуу, таттуу экенин сезет экенсиң. Менимче, кызыктуу жашообуз эми чындап башталды окшойт (күлүп).

Ата-энемдин неберелери көп, бирок биздин кызыбыз аларга баарынан ширин болсо керек. Кайненемдин биринчи небереси, ал аябай кубанып толкунданып жүрөт. Кызыбыз боюнда болгондо Асел да өзгөрдү. Мурункудан да жумшак, боорукер, мээримдүү болуп калды.

– Адатта түгөйлөрдүн сүйүүсү балага өтүп кетет дешет...

– Асел экөөбүз сүйүшүп баш коштук да, эч кайда өтүп кетпейт, өзгөрбөйт деп ойлойм. Балага болгон сүйүү башка, ата-энеге болгон сүйүү башка, аялга болгон сүйүү башка да. Бирине-бирин жолтоо кылбай сүйсө болот. Баланы мага төрөп берип, багып жаткан келинчегимди ого бетер баалап сыйлап калам го деп ойлойм.

– Үй-бүлөдө баары жакшы окшойт, чыгармачылык аксап жаткандай сезилбейби?

– Иштеп жатабыз, ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат, Асел кош бойлуу болуп гастролго барбай калды, өзүм гастролдоп келдим. Үй-бүлө кургандан кийин бир аз алаксуу болушу мүмкүн. Эми кичинекейди аман-эсен чоңойтуп алсак, билекти түрүп чыгармачылыкка киришебиз деп турабыз.

– Ырчылар үйлөнгөндөн кийин күйөрмандарын жоготуп алуу коркунучу бар эмеспи. Мисалы, казак ырчысы Кайрат Нуртас төрт балалуу болгончо үй-бүлөсүн жашырып келбедиби? Сенде бул тууралуу кооптонуу болду беле?

– Күйөрмандар өзүмчүл келишет. Жакшы көргөн ырчысын менчиктеп алат. Өзүбүзгө келсек, Асел экөөбүздө тең күйөрмандарды жоготуп алуу коркунучу бар болчу. Бирок бул үчүн баш кошпой коймок белек. Тескерисинче, биздин күйөрмандарыбыз биригип кетти окшойт.

– Экөөңөр тең эл көзүндөгү адамсыңар да, үй-бүлөдөгү бардык нерсени эл менен бөлүшүүгө туура келгени сени ыңгайсыз кылабы же жагабы?

– Мурун бул тууралуу ойлончу деле эмесмин, турмуш кургандан кийин көп нерсени элге алып чыкпоо керек деп абайлап калдым. Анткени элдин көзү-сөзү деген бар. Көп учурда үй-бүлө тууралуу интервью бергенден да сактанып калдым. Бир чети азыр замандын талабы болуп калбадыбы, замандын агымынан чыгып кайда бармак элек.

– Сөз соңунда кызыңа тилектериңди айтып алсаң болот...

– Кызым, сени биринчи колума алганда “бул жарыкка кош келдиң” деп айттым. Сенин жашооңдо таттуу күндөрүң көп болсо экен деп тиледим. Ыймандуу, билимдүү кыз болсоң экен. Апаңдын назиктигин, сулуулугун алсаң, менден эмгекчилдигимди алсаң жакшы болсо керек. Эң негизгиси сага жакшы тарбия, сүйүү бергенге аракет кылабыз.

– Маегиңе рахмат. Кызыңардын келечеги кең болсун!

"Кызымды биринчи колума алганда “бул жарыкка кош келдиң” деп айттым".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
08.04.2019. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
22-05-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Омуру узун, бактылуу кыздардан болсун Дария!
08.04.2019. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
12-06-2015
Соӊку аракети:
23-04-2019 16:50
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу кыздардан болсун Дария.
08.04.2019. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
21-05-2019 23:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош&Жалал-Абад
+10
Эркекткр Нурландан улгу алгыла;). Молодец, молодецсинер. Эркек аялды ушинтип турса назик сулуу болосунда конечно.
08.04.2019. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
21-05-2019 14:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурлан чынында озгоруптур. Молодец ✊
08.04.2019. 14:16 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
21-05-2019 20:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы интервью болуптур. Нурлан өзү жасалма эмес ичи таза бала. Өмүрлүү болсун кызыңар.
08.04.2019. 15:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
08-04-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун душевный маек болуптур.
09.04.2019. 00:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
09-07-2014
Соӊку аракети:
09-04-2019 00:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Omuru uzun kyz bolsun.
09.04.2019. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
22-05-2019 11:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
Woow chynygy erkek dep ushunu ait,Bashka erkekterge ulgu bolo turgan ekensin.Ushundaiyndan jazba.Saga okahogon erkekter kop bolso,kyrgyz kyzdary kor bolboit .Rahmat ,senin uibulondu syilaibuz,Kyzyn baltyluu,ech oorubai,omurluu kyzdardan bolsun
09.04.2019. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
19-05-2019 16:06
Жынысы:
Белгисиз
-4
Каяктагыны баштапсың эми мода болот
09.04.2019. 15:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
22-05-2019 14:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
-1
Наристени туура эмес кармап алыпсың деп айтышпаптыр да.
09.04.2019. 22:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
22-05-2019 01:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
Кызын ата-энеси менен бирге болсун ар дайым,омурлуу,бактылуу болсун
10.04.2019. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-02-2019
Соӊку аракети:
22-05-2019 12:46
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurlan.kg Asel.Info кылып ачып алышса болмок экен булар , супердин ар бир санынан чыгат башка шоу бизнес окулдору жокпу.
10.04.2019. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
20-05-2019 06:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу кызтболсун Дария
12.04.2019. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
16-05-2019 19:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Пальто алыптыр дегенге Караганда Жакшы жанылык дагы бир кыргызга кобойду
13.04.2019. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
21-05-2019 17:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
0
Чын эле баланы туура эмес кармапсыз. Мен да баламды ошентип кармап кочодо кетип жатсам бир улуу байке айтты эле. Кудай сактасын (набыт болгон баланы ошентип кармайт экен)
13.04.2019. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2019 09:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
+1
Акырындык м-н баланы кармаганды үйрөнүп кетет. Жалпы жаштарга, өзгөчө жигиттерге сураныч, кош бойлуу маалда курсакты сылап сүрөткө түшпөй эле койгулачы? Кыргыз, кыргыз боюнча эле калсак. Адепти сакташ керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: