Алишер, Таттыбүбү, “Таң эрте” берүүсүнүн алпаруучулары: «БИР ЖЫЛДА БИР ТУУГАНДАЙ БОЛУП КАЛДЫК»

“Апрель” телеканалы негизделген бир жыл ичинде коомдо болуп жаткан оң-терс көрүнүштөрдү кеңири чагылдырып калың журттун ишенимине кире алды. Телеканалда коомдук-саясий берүүлөрдөн тышкары эртең менен маанайды көтөргөн “Таң эрте” берүүсү бар. Алишер менен Таттыбүбү ошол берүүнүн тизгинин колго алгандар.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Алишер Анарбек уулу

Туулган жылы, күнү, айы – 1998-жыл, 27-ноябрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары

Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин драма актёру бөлүмүнүн студенти

Бою – 177 сантиметр

Салмагы – 86 килограмм

Артыкчылыктары – тобокелчил, лидер, бетке айтканды жактырат

Кемчиликтери – эмоционалдуу, бир нерседен бат тажайт, шашма

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Таттыбүбү Садырбекова

Туулган жылы, күнү, айы – 1994-жыл, 22-август

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылы

Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети

Бою – 163 сантиметр

Салмагы – 57 килограмм

Артыкчылыктары – ийкемдүү, жөнөкөй, сынды туура кабыл алат

Кемчиликтери – бүгүнкү күн менен жашай албайт, тобокелчил эмес, жалкоо


– Таттыбүбү, Алишер, “Апрель” телеканалы 1 жашка чыгыптыр, куттуктайбыз! Алишер, телеалпаруучулук дебютуң ушул жактан башталды окшойт? Алгачкы эфир эмнеси менен эсиңерде калды?

Алишер: – Чоң рахмат. Ооба, мен телеге чейин радиодо иштечүмүн. Бир күнү “жаңы телеканал ачылып жатат” деп кастингге чакырышты. Былтыр телеканалдар жаандан кийинки козу карындай болуп жайнап ачылып кетпеди беле. Ошондой эле бир канал болсо керек деп ойлогом. Сунуштап жатышкандан кийин барып көрөйүнчү дедим. Даректи туура эмес түшүнүп алып алгач башка жакка барып алыптырмын. Мен келгиче убакыт өтүп, бирок күттүрүп койсом да баары кубаныч менен тосуп алышкан. Жетекчилик менен сүйлөшкөндө дароо эле мен алгебра эмесмин, жөнөкөй суроо бериңиздер, мен жөнөкөй эле жооп берем дегем (күлүп). Кечинде үйгө барганда кастингден өткөнүмдү айтышты. Ошентип жумушка алынгам. Радио, телевидениени чогуу алып кеткенге аракет кылдым. Кийинчерээк жетишпей, радиону таштадым. Менин эсимде калганы, алгачкы эфирде баарын ыйлатканбыз.

Таттыбүбү: – Ооба, анткени “Таң эрте” алгачкы берүү болгон. Биз телеканалдын ачылышына 2 жарым ай даярдандык. Башка телеканалдардагы берүүлөрдөн өзгөчө кылалы деп күнү-түнү иштедик. Мен да ошол таасирдүү учурду эстеп калыпмын. Түз эфир бүткөндөн кийин продюсерибиз Айдай Самиева көзүнө жаш алып ыйлаган эле. Биз чоң телеканалдын биринчи эфирин ачып бергендиктен, баары аябай сарсанаа болушкан. Жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болгонуна кубанып, көздөрүнө жаш алышты окшойт.

– Ошондо башка телеканалдардан кандай өзгөчөлүгүңөр бар?

А.: – Байкасаңыздар, башкаларда телеалпаруучулардын отурушу, сүйлөгөнү окшош, стандартка салынган. Биз ошол нерседен качабыз. Маалыматтык, таанып-билүүчү жана маанайшат берүүлөрдү чыгарабыз. Мисалы, көпчүлүктө “алпаруучу түптүз отуруш керек, минтип сүйлөш керек” деген талаптар болот эмеспи. Биз болсо конокторго чек койбойбуз, эркин, жакын адамы менен сүйлөшүп жаткандай атмосфера түзүп беребиз.
Т.: – Алишер аябай эмоционалдуу. Телеалпаруучулардын кулагында режиссёрлор сүйлөп турган кулакка таккыч (наушник) болот эмеспи. Бизге "режиссёрлордун бөлмөсүндө уруш-талаш болуп турат, ага көңүл бөлбөй өзүңөрдүн жумушуңар менен алек болушуңар керек" деп дайым айтышат. Бирок Алишер ал жакта эмне болуп жатса аралашып кетет. Жини келгенде кулагындагысын алып салат.
А.: – Ооба, ошондо кыйынчылыктын баары Татуга түшөт (күлүп). Мен ал жактан үн чыгып турса алаксып кетем, ошондуктан кээде наушникти алып салам.

– Эртең менен адам ойгонуп, үнү калыбына келгиче деле убакыт керек. Үнүңөр, келбетиңер ойдогудай болушу үчүн эмне кыласыңар?

Т.: – Мына, бир жыл болуп калды, бизде таттуу уйку жок. Мен дайыма эртең менен уктап калган жокмунбу деп чочуп ойгоном. Түнү дагы канча саат калды деп ойгонуп саат карай бермей адатым бар. Адатта керилип, дене боюңду созуп турасың го, бизде андайга убакыт жок. Мен көзүмдү ачарым менен жумушка шашам. Эртең менен саат 5те турам, 5 жарымда айдоочу алып кетет.

Кээде боёнуп жатканда уктап кетем. А бирок эфир башталарда уйкум ачылып, куюлушуп сөздөр келе берет. Бул эфирдин өзүнчө касиети болсо керек. Мен жомокту айткан жокмун, чындыкты айтып жатам. Эфирдин өзүнүн сыйкыры бар.
А.: – Мен Татудан (Таттыбүбүнү жакындары ошентип аташат) эртерээк 4:45те турам. Таттуу уйку түнкү саат 3 менен 5тин аралыгында болот дешет эмеспи. Биз ошонун аягына чыкпай калабыз. Бирок адам баарына көнөт экен. Жумушка байланыштуу той-топурларга аз барып калдым. Кээде ушунун мага кереги барбы деп кетем. Анткени досторум чогулуп ойноп-күлүшөт. "Жаштык кезде эс алып, көңүл ачып алыш керек" дешет. А мен болсо жумуш деп тытынып жүрөм. Бирок ошол досторум эс алып бүткөндөн кийин “Алишер, мага акча берип турасыңбы?” деп чалышат. Ошондо мен туура жолду тандаптырмын деп калам.

– Учурда экөөңөр телеалпаруучулуктан тышкары сериалга үн коштоп жатыптырсыңар. Ошого да токтоло кетсеңер?

А.: – Буга чейин, тагыраагы, окуучу кезимде “Даңазалуу доор” сериалында жаш балдардын үнүн коштогом. Кийин жарнамалык роликтерди окуп кошумча каражат таба баштадым. Үн коштоонун түйшүгү да чоң экен. Мурун мага оңой сезилчү. Баары өнөктөштөн көз каранды болот. Кээде аныкы сонун баратса, сеники окшошпой калат же тескерисинче дегендей.
Т.: – Алгачкы жолу мен "5-каналда" иштеп жүргөндө эки түрк сериалын кыргыз тилине которгонбуз. Буюрса, “Апрель” телеканалына жаңы сериал которуп жатабыз. Жашоодо Алишер кичинекей бөбөгүмдөй болсо, тасмада менин атам.
А.: – Баары эле мени кичинекейсиң дей беришет. Чынында андай эмесмин, мен чоң жигитмин.

– Адатта жаш, бойдок өнөктөштөр түгөйлөргө айланып кетишчү. Силерде мамиле кандай?

Т.: – Алишер менин инимдей эле. Үйдө кичинекейлер оюнчуктарын калтырып кете берет эмеспи. Алишер да ошондой, эфир бүткөндөн кийин анын оокаттарын чогултуп эле жүрөм. Бир жыл ичинде экөөбүз бир туугандай болуп калдык.
А.: – Тату болсо менин досум, эжем. Эфирде мени дайыма толуктап, колдоп турат.

– Көпчүлүк "телеалпаруучу эфирде кооз сүйлөп, жылмайып отурса болду, башка түйшүгү жок" деп ойлошот. Чынында кандай?

Т.: – Бизди эфирге кооз кийинип келип, сүйлөп койсо эле иши бүттү дегендер адашат. Биз эфирден тышкары ар кандай рубрикада сюжет даярдайбыз.
А.: – Ооба, мен, мисалы, эфирден кийин окуума барам. Түштө кайра жумушка, чогулушка келем. Чогулушта кийинки күнгө пландар коюлуп, эртеңки күндүн камын көрөбүз. Кошумча дагы бир радиодо жарнама окуйм. Ошентип эле күнү-түнүбүз жумушта өтүп калат.

– Маегиңерге рахмат. Ар дайым элге позитивдүү маанай тартуулап жүрө бергиле.

"Биз шаблондон чыгып, эфирди жандуу кылганга аракет кылабыз".

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Апрель” телеканалы 1 жашта. Эфирдеги кызыктар, сырлар, ыйлар...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
PROS
2019-04-11 07:28:25
Коомчулукка оң жана терс көрүнүштөрдү тартуулаганына ишенбейм, эмнеге Текебаев менен Жапаров себепсиз түрмөдө жатканын айтышпайт, эмнеге музейдеги коррупция боюнча, Датка-Кемин көмөк чордонундагы жана түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы коррупция боюнча ооз ачпайт?! Эмнеге Жер-Үй алтын кениндеги тендердик махинация боюнча ооз ачпайт?! Эмнеге?!
+5
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан