Окурмандын ою
– Өткөн саныңарда Игорь Трофимов аттуу неме Ош шаарынын коменданты Курсан Асановго жалаа жааптыр. Анын катында айтылган маалыматтар ойдон чыгарылган деп эсептейм.
И.Трофимов К.Асановдун артынан түшүп, аны жамандап жүргөнүн эл аздыр-көптүр билет. Бир нече жыл мурун Кара-Суу РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Абдурахман Абдуллаев акча үчүн кытай ишкерлерин өлтүргөн. Ал Анвар Артыковдун күйөө баласы экендиги гезиттерге жазылган. Ошол кезде К.Асанов Кара-Суу РИИБинин башчысы болуп туруп, өз колунда иштеген А.Абдуллаевдин кылмыштарынын бетин ачат. Анда И.Трофимов А.Абдуллаевге актоочу болуп, бирок сот ишинде утулган. Ал эми күнөөлөнгөн адам өмүр бою камакка кесилген.
Ошентип, алган акчасын актай албай калган И.Трофимов ызасына чыдабай, К.Асановго байланыштуу түрдүү ушактарды чыгарып жүрөт. Жанагы “баш кесерлери, можахеддери бар” деген кеби да ошондой ушактарынын бири.
Ал эми Ош шаарындагы кан төгүүнү тартипке салууга К.Асановдун салымы чоң. Атылган ок, ыргытылган ташка карабай, бронежилетсиз бардык операцияларда анын катышып жүргөнүн көргөндөр арбын. Ош комендантынын эр жүрөктүгү, жетекчилик касиети, чечкиндүүлүгү жана адилеттүүлүгү Оштогу кандуу коогалаңды токтото алды.
Жылдыз Кочкорбаева, Ош шаары.