Мурдагы вице-премьер-министр, учурда тергөө абагында жаткан Дүйшөнбек Зилалиев билдирүү таратты. Билдирүүдө УКМК кызматкерлери ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунушташканы жазылат. Зилалиевдин айтымында, акыркы 4 айдын ичинде ал бир дагы жолу суракка чакырылган эмес:
– Буга чейин жакындарым жана туугандарым аркылуу мага кысым көрсөтүп келишти. Жакында УКМКнын кызматкери мени чакырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштады. Мага "кытай компаниясынан кайсы бир лицензия маселесин чечип берүү үчүн Икрамжан Илмиянов аркылуу Атамбаевге 1 миллион доллар бердим" деп көрсөтмө берүү сунушу түштү. Эгер ушундай көрсөтмө берсем, мен күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалашты. Макул болгон жокмун. Эми мага карата козголгон кылмыш иши адилеттүү чечилерине үмүт жок.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция жана башка кылмыш иштери аркылуу Атамбаевдин оозун жабуу учурдагы бийликтин колунан келген жок да, ошондуктан мен аркылуу бул ишти жасагысы келип жатат. Мына, коррупция менен күрөш!- деп жазат Зилалиев.
УКМКнын басма сөз кызматы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тараткан маалымат чындыкка туура келбейт деп билдирүү таратты. Ошондой эле ал тергөөгө көмөктөшүүгө макул болбой жатканы айтылды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg