Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак-Тилек-Автожол” өткөрмө бекетинде Казакстанга кире албай, тыгында турган оор жүк ташуучу унаалардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, кезек чакырымдап созулуп кетти. Чек арадагы бул көйгөй 19-мартта башталган. Мындай тыгындын пайда болгонуна казак чек арачылар тарабынан текшерүүнүн күчөтүлгөнү себеп болууда. Кыргыз өкмөтү ал жерге барып, маселенин чоо-жайы менен тааныша элек.
1-апрелде Казакстандын Финансы министрлиги Кыргыз-Казак чек арасындагы абал тууралуу түшүндүрмө берди. Түшүндүрмөдө чек арада жүк ташуучу автоунаалардын өтө албай турганына алардын текшерүүдөн өтүүгө каршы болуп жатканы себеп болгону айтылат. Казак бийлиги тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар текшерилип жатканын билдиришти. Жүк ташуучу унаа башкарган айдоочулардын айтымында, казак чек арачылары жүктү түшүрүп алып аябай кылдат текшерүүдө. Казак тараптын мындай кылдат текшерүүсү жаңы көрүнүш эмес. Буга чейин да чек арада мындай кырдаалдар болуп келген. Мисалы, 2017-жылы октябрда казак тарап текшерүүнү күчөтүп, муну Кыргызстан аркылуу өткөн аткезчиликти азайтуу аракети менен түшүндүргөн эле. Кыргыз Республикасы да, Казакстан дагы ЕАЭБдин мүчөлөрү. Буга чейин бир нече ирет Казакстан, Орусия тарап Кыргыз Бажы кызматында ири контрабанда бар экендигин кыйытып айтып, мындай көрүнүштөрдү жоюуну талап кылып келишти. Атүгүл контрабандага шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Казакстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, азыр сот процессинде жүргөн кези. Казакстандын кескин чара көрүүгө өткөнүнө караганда Кыргыз тарап Бажы кызматындагы күмөндүү иштерди жойбой жаткан көрүнөт. Бажы кызматындагы күмөндүү иштерге Райым Матраимовдун ысымы кошо айтылып келет. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Матраимовдун үй-мүлкүнө байланыштуу иликтөө жүргүзөрү мындан бир нече ай мурун айтылган. Азырынча жыйынтык жок.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg