Орусиядагы кыргыз мигранттарынын арасында саясатчы Адахан Мадумаровго каршы жасалма колдорду топтоо жолу менен аны каралоо аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу Москвадагы мекендештер кайрылуу жасашты.
"Биз, Москвада убактылуу иштеп жүргөн мекендештер Адаxан Мадумаровго болгон каралоого каршы экенибизди билдиребиз. "Адаxан Мадумаровду Баткен окуясынан кийин колдобой калдык" деген жасалма колдорду коюп, уюштурулган каралоону четке кагабыз. Мадумаровду сырттагы жүз миңдеген мекендештер колдой турганын "Мен макул эмесмин" кыймылына топтолгон 300 миңге жакын кол менен далилдеп бере алабыз.
Эгерде ал далил болбосо, интернеттен канчалык көп колдоочулары бар экендигин таап көрсөңүздөр болот. Мадумаровдун байма-бай көтөргөн маселелери туура, калыс кеп гана болуп калбастан, ал абалдан чыгуу жолдорун президенттин маңдайына барып айтып, "жалпы мыйзамсыздыктарды токтоткула" деп кол чогултуп, мекендештерге эртеңки келечекке үмүт берип, дем берип жаткандыгы үчүн биз колдойбуз",- деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, 13-мартта Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушунан улам Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан. Ал окуядан кийин интернетке "Адахан Мадумаров Ак-Сай айылындагы жер тилкесин Тажикстан тарапка 49 жылга берип койгон" деген маалыматтар таратыла баштаган. Мадумаров бир адам өзү билип башка өлкөгө жер берип салуусу мүмкүн болбогон көрүнүш экендигин, тийиштүү документтер парламенттер тарабынан ратификацияланып, президенттер тарабынан кол коюларын, андыктан “Мадумаров жерди берип салган” деген калп маалымат экендигин айтып, "мындай иш азыркы бийликтин көрсөтмөсү менен болуп жатат" деген.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg