7-апрелден бери “Убактылуу өкмөт же декрет” деген сөздөр көнүмүшкө айланды. Эми УӨнүн ордуна жаңы өкмөт келди. Аны айрымдар техникалык өкмөт деп атап жиберишти. Ошол “техникалык” же “винегрет” өкмөт жөнүндө "салат-баян" курабыз.
“Винегрет” десе, айрымдар салатты элестетсе, акылдуулар “ар кошкон” деген мааниде түшүнүшкөн чыгар. Өкмөттү мындай деп атаганыбыздын себеби бар. Анткени чындап эле бул өкмөттүн курамында кимдер гана жок? 1-хан, кийинки хандын тушундагылар, УӨнүн курамындагылар, жаңылар дегендей...
Ошентип, президенттик администрациянын жетекчилигине Эмилбек Каптагаев дайындалды. Ал эми 14-июлда президент Роза Отунбаева өкмөттүн 23 мүчөсүнүн 22син дайындады. Биринчи вице-премьерликке “убактылуу эс алууда” көп эле убакыт өткөзгөн салмактуу саясатчы Амангелди Муралиев келди. Эки вице-премьерлик кызмат илгерки Александр Костюк менен өткөнкү эле Өктөмхан Абдуллаевага буюрду. Андан сырткары ушул эле тепкичте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыпка келтирүү боюнча дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев да турары айтылды.
Роза Отунбаеванын айтымында, эл аралык тажрыйбада колдонулуп келгендей, техникалык өкмөттүн мүчөлөрү саясаттан тышкары болушат. Бирок буга чейин жаштарды мамлекеттик кызматка кызыктыруу иш-чаралары жана аларды “бийлик эшелонуна” кошуу сөздөрү кайрадан көмүскөдө калгандай. Муну менен азыркы оор мезгилде чоң жүктү мойнуна алган техникалык өкмөттүн курамын таарынтуу оюбуз жок. Албетте, арасында эки бийликте тең иштеп, өзүнүн мыкты адис экендигин тастыктай алгандар бар. Алар ошол себептен улам кайра бийликке келишкен чыгар. Канткен күндө да эл алдында айтылган убадаларды жерге таштабай, иш жүзүнө ашырышса, калкка да, башкага да жагар эле деген пикир айткыбыз келди.
Министрлер кабинетин төмөндөгү аткаминерлер толуктады: