Аксай Мукамбет уулу, “Музаман” тобунун солисти: «ЭСТОНИЯДА МЕНИ ЭКИНЧИ МУСЛИМ МАГОМАЕВ ДЕП БИЛГЕНДЕР БАР ЭКЕН»

“Музаман” тобунун жигиттеринин ар бири тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. Мисалы, Аксай Мукамбет уулу эл арасында “экинчи Магомаев” атыгып жүрөт. Жайлоодо төрөлүп, балалыгы талаада өткөн Аксай келечекте эл аны Муслим Магомаевге теңеп калат деп ойлогон да эмес.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү, айы – 1990-жыл, 20-июнь

Туулган жери – Ат-Башы району, Талды-Суу айылы

Кесиби – Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин хор-дирижёрлук бөлүмүн аяктаган

Учурда – Кыргыз улуттук филармониясынын, Кыргыз Республикасынын Чек ара ансамблинин солисти

– Аксай, атың кыргызда чанда кезигет экен. Маанисин чечмелеп бересиңби?

– Ооба, чынында эле Аксай деген ысым кыргызда аз, бирок бар. Мен Ат-Башынын Ак-Сай жайлоосунда төрөлгөм. Ошондуктан чоң атам Аксай деген ысым бериптир. Ата-энем метеорологдор. Мен төрөлгөн кезде алар жумушуна байланыштуу жайлоодо жашашкан экен.

– Ырчылык өнөрүң качан байкала баштаган?

– Жаштайымдан кыңылдап эле жүрчүмүн, бирок мага эч ким деле көңүл бөлгөн эмес. 1994-жылы Ат-Башыдан Токмоктун Жаңы-Турмуш айылына көчүп келдик. 9-класста окуп жатканда Темир Назаров, Султан Садыралиевдер катуу чыгышты. Алардын ырын ырдап жүрүп талантым ачылып кетти көрүнөт. Баары эле “Аксай ырдайт” деп сынактарда мени сахнага чыгарып коюшчу.

Мектепти бүткөндө “ырчы болуп эмне кыласың, ырчылар кыйратып коюптурбу?” дегендер чыкты. Мен сүрөттү жакшы тартып, сынактарга катышып жүрчүмүн да, үйдөгүлөр архитектор болосуң дешти. Менин көңүлүм ал нерсеге такыр тартпай койду. Бир жолу эжемди “жүргүлөчү, Искусство университетинде сынак болуп жатыптыр, барып көрөлү” деп жетелеп келдим. Сынакка кирип ырдап, өтүп кеттим. Ошентип, чыгармачылык сапарым башталган.

– Калың журтка “Музаман” тобу катары таанылдыңар. Эмнеге жеке ырчы катары эмес, топ катары чыккансыңар?

– Биз Алымкул, Тариел үчөөбүз курсташпыз. Университетте башка студенттерге караганда үчөөбүздүн үнүбүз жакшы болчу. Бир күнү “келгиле, чогуу ыр жаздырып көрөлү” деп, Шамшыбек Өтөбаевдин “Ата Журт” аттуу ырына токтолдук. Анда топ болобуз деген ой жок болчу. Үчөөбүз үч үн менен ырдап көрдүк, ыр жакшы чыгып, радиолордон берилип баштады. ЭлТР телеканалынын жаңы жылдык “Көгүлтүр от” берүүсүндө үчөөбүз ырдамакпыз, титрге аты-жөнүбүздү жазса узун болуп кетти, алар кыскартып эле салбайсыңарбы дешкенде, ошол жерден “Музаман” (музыка заманы) дегенге токтолгонбуз. Ошол боюнча топ болуп калдык. Андан кийин ушунча таанылып жатсак, улай берели деп башка ырларыбызды чыгардык.

Бизди мэриядагылар, Маданият министрликтегилер билишчү. Кандай жогорку даражадагы иш-чара болбосун бизди чакырышчу. Аларга деле уят кылбаган ырчылар керек да. Ал эми калың журтка “Дадагаң болуп кетейин” аттуу ырыбыз менен алындык. Ошондон кийин тойлорго чакыруу көп болду.

– Бизде, байкаганым, профессионалдуу ырлар жазылса, элге жакшы алынбай, көбүнесе жеңил ырлар хит болот. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?

– Биздин өлкө Италия эмес да, классиканы баалаган. Биздин эл чынында жеңил ырларга жакын болуп баратат. Анткен менен илгери биздин ата-энелерибиз классикалык ырларды угушчу. Ал кезде “Дадагаң болуп кетейин” сыяктуу ырлар эфирге чыкчу эмес. Анда ырдын сөзүнө, обонуна көңүл бөлүшчү, баары комиссиядан өтчү. Азыр андай жок да. Эл обону татаал ырларды укпайт.

– Сени “экинчи Муслим Магомаев” деп атап жүрүшөт. Магомаевдин чыгармачылыгы менен качан таанышкансың?

– Муслим Магомаевдин репертуарындагы ырларды 4-курстан тартып аткара баштадым. Анын үнү, тембри меникиндей экен. Ырларына кызыгып, жаттап, мамлекеттик иш-чараларда жалаң Магомаевдин ырларын ырдап жүрдүм. Улуттук филармонияда “Магомаевдин ырлары” деген концерт бердим. Ошондон кийин баары мени Магомаев деп калышты. Алпаруучулар да сахнага “экинчи Магомаев” деп чакырышат. Бир жолу интернеттен Эстонияда элге жүргүзүлгөн “Кыргыз өлкөсү тууралуу эмне билесиз?” деген сурамжылоону көрүп калдым. Бир аял “Кыргыз өлкөсүндө экинчи Магомаев, Аксай деген жигит бар” деп айтыптыр. Видеону көрүп алып аябай кубандым.

– Жакшы экен, эми кезекти үй-бүлөңө берели. Сени жубайыңдын артынан чуркап жүрүп үйлөнгөн деп уктук...

– Ооба, Айчүрөк экөөбүз окуу жайдан таанышканбыз. Мен 3-курста окуп жатканда ал хореография факультетине келди. Суйкайган сулуу кызга дароо эле көзүм түшкөн. Жарым жылдай байкаштырып жүрүп, жазында сүйүүмдү арнап баштадым. Ал мени катардагы бир сары бала деп, такыр жактырбай койду. Мурун башка кыздар менен сүйлөшкөнүмдү угуп калыптыр, ал да кошумча болуп, жанына жолотпой, тоготпой жүрдү. Анткен сайын менин сүйүүм күчөп, ага жетсем деп эки көзүм төрт. Инисинен сураштырып үйүнө далай бардым. Алгачкы жолу барганда бир жарым ай бою чогулткан акчама 3500 сомго килейген мамалакты, торт, гүлдү көтөрүп барсам жолукпай койгон. Университетте болсо жанынан чыкпайм, кайда барса ошол жакка барам. Ошентип, кечке көзүнө көрүнүп жүрүп сүйдүрүп алдым окшойт (күлүп). Экөөбүз 3 жарым жыл сүйлөшүп, баш коштук.

Сүйүүбүз башта кандай болсо, азыр деле ошондой. Көр оокат деп жүрө берсең сүйүү тарап кетет деп ойлойм. Ошондуктан биз өзүбүзгө көңүл бурабыз. Бат-баттан жетелешип, кыздарыбыз менен эс алып, көңүл ачып турабыз.

– Бактыңарга көз тийбесин. Кичинекей кезде азыркыдай жашоону элестетчү белең?

– Албетте, мындай жашоо кыялымда бар болчу. Биз эс тарткандан баштап талаада иштедик. Кызылча, жүгөрү семичкеден башыбыз чыкчу эмес. Бизде Ысык-Көлдө эс алуу деген түшүнүк жок болчу, каникулубуз талаада өтчү. Кээде дунгандардын талаасында эртең мененки 8ден кечки саат 6га чейин кызылча отоп, акысына 70 сом алат элек.

Ал эми Бишкекке келгенде 1-курста курулуштан башым чыккан жок. Ошонун баарын башымдан өткөргөн соң баарына тобо кылам, акчанын баркын билем, жөнү жок чачпайм. Азыр жашообуз мурункуга салыштырмалуу жеңил. Мисалы, 15 мүнөт ырдасам 200 доллар алам. Ырчылыктын артынан 1 жарым жыл ичинде 1 бөлмөлүү батир алдым. Кудайга шүгүр дейм баарына.

– Маегиңе рахмат, Аксай. Кыргыздын атын алыска таанытып жүрө бер!

“Жубайым экөөбүз көр оокатка кирип кетпей, сүйүүбүздү дайым багып турабыз”.
“Университетте башка студенттерге караганда үчөөбүздүн үнүбүз жакшы болчу”.
“Орусиянын Голицыно шаарында аскердик ансамблдер арасында єткєн "Чек ара ырлары" деген сынакка катышып, биринчиликти алгам”.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
vikidiki
2019-04-08 09:52:39
Азаматтар! Таланттары таш жарат го.
+2
aliya-leyla
2019-04-08 13:21:56
Ата журтту чынында ото таасирдуу ырдашкан
+2
Targarien
2019-04-11 00:17:32
Аялы ошончолук чуркагыдай ашкан сулуу деле эмес экен
0
fonarik
2019-04-11 16:14:19
Жапжаш эле немелер турбайбы. Улуу көрүнүшөт.
+1
Abdizhapar
2019-04-11 22:08:56
Ашыкча эле мактаныптыр го опкосу жок
-1
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан