Концерттин аталышы – “Сезимдеги аккорддор”
Өткөн күнү – 30-март
Өткөн орду – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Баасы – 400-500 сом
Башталышы – 19:00
Алып баруучулар – Мирлан Самыйкожо жана Керемет Сабыржан кызы
Мыкты номерлер – Түмөнбай Колдошовдун аккордеон менен ырдаган ырлары жана Аскат Мусабеков менен ырдаган “Мекен жер” дуэти
Көрүүчүлөрдүн саны – Залдын 100 пайызы
Ырчы Түмөнбай Колдошовду “азыркынын Рыспайы” деген сөздү көп угам. Легендарлуу обончу, аткаруучулар Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин жолун улантуучу ырчынын Бишкекте уюштурган концертине барбай, өткөрүп жиберүүнүн өзү күнөө эмеспи, Кыргыз драма театрына шашып бардым. Эл көп. Театрдын ичине кирсем зал 100 пайызга толуптур, ал эми сахнада эч бир жасалга жок. Кадимки эле театрдын көшөгөсү тартылып, 5 букет гүлдөн башка нерсе көзгө урунбады. Концерт билетте жазылгандай саат 19:00дө башталды. Көптөн бери убагында башталган концерт көрбөгөн жаныма бир чети өөн учурап кетти.
“Чү” дегенде эле аккордеондорун көтөрүп сахнага 10 киши чыга келди. Көрсө, булар Максат Кулуев баш болгон, Ишен Назаров төш болгон учурда Бишкек менен Ошто эмгектенишкен жети дубандын маданият өкүлдөрү экен. Алар концерттин “кожоюнунун” ырларын жандуу попурри ырдашты. 2 шаарга “көпүрө” болуп Түмөнбай өзү ортодо туруп ырдады. Эл дүркүрөтө кол чаап, концерт башталбай жатып эле зал шаңга бөлөнө түштү.
Андан соң алпаруучулар сахнага чыгып эл менен амандашып, Түмөнбай тууралуу түмөн ыр саптарын окушуп, концерттин күнөөкөрүн сахнага чакырышты. Бүгүнкү күндөгү өнөрдүн шумкары, өнөрдүн тулпары атыккан ырчы сахнага чыгып “Бир сезим” аттуу ыры менен концертти ачты. Анан “Урматтуу уюштуруучулар, залдын жарыгын күйгүзүп койгулачы! Бөкөнбай Боркеев агабыз “Рыспай Абдыкадыров дайым сахнага чыгып ырдаганда микрофондун тушуна келип залдан бир сулуу кызды издейт эле. Анан ошол кызды карап ырдай берет болчу” деп айтмакчы, мен дагы бирөөнү издеп жатам, түшүнбөй жатасыңар да!” деп элди күлдүрдү. Жанымдагы кыз-келиндер “апей, бул дале бойдокпу?” деп күбүр-шыбыр боло түшүштү. Филология илимдеринин кандидаты, белгилүү ырчы, обончу мырзанын “намёгу” кыз-келиндердин бүйүрүн кызытты окшобойбу. “Ой, бул жапжаш эле бала, 1986-жылкы” деп экинчиси оозду жыйгыча Түмөнбай сахнадан башынан өткөн окуяларын айтып, алардын сөзүн бөлдү. “Бир ирет Назира Кадыева “Биз сенин ырларыңды угуп чоң киши экен деп жүрсөк, жапжаш эле бала турбайсыңбы. Атың дагы Түмөнбай, фамилияң дагы Колдошов экен, эски-ии” дейт” деп элдин боорун эзди. Андан соң арты-артынан бирде шаңдуу, бирде кайгылуу ырларын ырдады. Тамадалыкка “тапталып” жатканбы же куудулдукка кызыгып жүргөнбү, айтор, Түкө, ар бир ырынын ортосунда өзү сүйлөп элди күлдүрүп да жатты. Аткаруучунун концертине маданият министри Азамат Жаманкулов жана коомдук фонддордун мүчөлөрү келишти. Мындан тышкары Ала-Бука районунун акими тарабынан ырчыга "Ардактуу атуул" грамотасы тапшырылды. “Сиздин “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” деген ырыңызды баалап жүрчүмүн. Жакында Оштон афишаңызды көрүп Бишкекте да концерт уюштурса жакшы болмок деп ойлодум эле. Наам сурап министрликке кайрылбоо да чеберчилик. Сиз наамды өзүңүз сурабасаңыз, анда быйыл биз өзүбүз бул жагын чечип берели” деп министр мырза “обещать” этти. Бул сөздөрдөн кийин эл токтоосуз, дүркүрөтө кол чабышып, артта турган Мирлан Самыйкожо “эл кол чаап жатат, наамга татыктуу окшойт” деп министрдин чарбагына таш ыргытты.
Концертке Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова, Маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков, ырчылар Мээрим Карыпова, Айпери Кулбаева, Динара Тилекеева, Үмүтай Абдышевалар конок катары катышып, айрымдары Түмөнбай менен дуэт ырдашты. Бул чыгармачылык кечеде чыгармалардын 99 пайызы жандуу үн менен аткарылгандыктан, дээрлик 4 саатка созулган концерт эч кимди зериктирген жок. Белгилей кетчү нерсе, Түмөнбай ар бир ырын аткарып бүткөн сайын коноктордон, сулуулардан гүл алып жатты. Эртең эми Ошко “Түмөнбайдан түркүн гүл” деген гүл сатуучу дүкөн ачса да жарашчудай болуп калды. Мага жакканы – ырчы ар бир ырын жазган акындын аты-жөнүн атаганды унуткан жок, эл сурантпай ар бир ырында шатырата кол чапты. Концерт бүткөн соң да эл ордунан жапырт туруп “Браво” деп бир топко кол чабышты. Көрсө, эч кандай жалтырак-жултурагы жок, жарыгы жок эле жандуу ыр менен жан дүйнөгө ырахат тартуулап, жакшы концерт берсе болот тура. Колдошовду колдогону келген эл ыраазы боло, түйшүктөрүн унутуп, черлери жазылып түн бир оокумда үйлөрүнө сапар тартышты. Ал эми Түмөнбай издеген сулуусун залдан таптыбы же “Ошто дагы жок-жок, Бишкекте да жок-жок” деп ырдап кетти бекен?..
Толик сынчы