САТИРАДАН САЯСАТКА. УКРАИНАДА КУУДУЛ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГОНУ КАЛДЫ

31-март күнү Украинада президенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы көпчүлүктү таң калтырып жаткан учур. Азыркы президент Пётр Порошенко, айтылуу саясатчы Юлия Тимошенко жана башка саясатчыларды артта калтырган 41 жаштагы куудул Владимир Зеленский болууда.

2-ТУР БОЛОТ

Кыргыз өлкөсүндөгү акыркы жылдары болуп жаткан окуялар Украинаныкына окшош. Саясий кризис, митинг, президенттерди тактан кетирүү жана өлкө ичиндеги болуп жаткан жаңжал сыяктуу окуялар эки өлкөдө тең катталып келет. Эки өлкө тең болуп өткөн саясий кырдаалдардан запкы чегип, экономикалык абалдары оор бойдон. Бирок Украинада шайлоо алда канча таза өткөнү байкалууда. Антпесе куудулга добуш бергендердин саны учурдагы президенттен кантип ашмак?

Ушундай маалда кезектеги Украинанын президенттик шайлоосуна 39 талапкер катышып, бул рекорддук көрсөткүчтү түздү. Буга чейин дагы беш талапкер шайлоонун алдында өз талапкерлигин алып салган. 2004-жылы 24 талапкер ат салышкан эле. Президенттик шайлоого азыркы президент Пётр Порошенко, “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко, Юрий Бойко, Анатолий Гриценко сыяктуу саясатчылар ат салышты. Булардын катарында акыркы убакытта популярдуулугу өскөн 41 жаштагы куудул жана актёр Владимир Зеленский да бар эле.

Шайлоонун эртеси күнү эсептөөлөрдүн жыйынтыгында Зеленский шайлоочулардан 30 пайыздан ашык добуш алып алдыңкы орунга чыкты. Экинчи орунда 16 пайыздан жогору добуш алган Пётр Порошенко жана үчүнчүдө Юлия Тимошенко 13 пайыздан ашык добуш алды.

Украинанын Борбордук шайлоо комитети билдиргендей, 1-турдук шайлоодо эч бир талапкер шайлоочулардан 50 пайыздан жогору добуш албаган соң шайлоонун 2-туру өтөт. 2-тур 21-апрелде өтүп, ага Зеленский менен Порошенко ат салышат. 1-апрелде куудулдун жеңиши эч кандай тамаша болгон жок.

ЭЛ КЫЗМАТЧЫСЫ. СЕРИАЛДАН ЧЫНДЫККА

41 жаштагы Владимир Зеленский бою кыска, кырылдаган үнү бар, энергиясы ашып ташкан талапкер. Ал Украинанын Кривой Рог шаарынан, атасы профессор, техникалык илимдердин доктору, ошол эле шаардагы Экономикалык институтта окутуучу. Зеленский студент кезинде МГИМОдо окугусу келген, бирок ал ойлогондой болбой, атасы сабак берген институттун юридикалык факультетин бүтүргөн. Зеленский үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулу бар.

1990-жылдардын аягында КВНге аралашып, көп убактысын Москвада өткөрүп калат. Бирок Александр Масляков менен жылдызы келишпей, 2000-жылдардын башында Украинага келет. Ал өз мекенинде куудул, шоумен катары атагы чыга баштайт. Анын башкы “фишкасы” саясий сатира эле. Ал “Квартал-95” деген студиянын лидери, шоумен, актёр, продюсер да болуп эмгектенет. Аталган студия күлкү жараткан шоулордон тышкары кино, комедиялык сериалдарды тартышат. Зеленский “Эл кызматчысы” (“Слуга народа”) деген сериалда башкы каармандын ролун аткаргандан кийин саясатка аралашууну чечкен. Бул сериалда Зеленский аткарган каармандын катардагы мугалимден президент болуп калышы баяндалат.

Зеленский 2018-жылдын 31-декабрында түз эфирде президенттикке ат салыша тургандыгын жарыялап, “Эл кызматчысы” деген партиянын атынан талапкер катары катышат. Мындай сценарий атайын түзүлгөнбү же дал келүүбү, айтор, популярдуу болгон сериалдын башкы каарманынын эл арасында кадыр-баркы бар экени көрүндү. Башкысы, каарман бул сериал эмес, чыныгы жашоо экендигин түшүнсө болгону.

УКРАИН ЭЛИ ЖАҢЫ ЖҮЗГӨ СУУСАП ТУРГАН МААЛЫ

Куудул талапкер шайлоо алдындагы сөздөрүндө бийлик элде болуусун, башкача айтканда, референдум өткөрүү, адилеттүүлүк жана коопсуздук башкы орунда болушу керектигин айтып жатты. Ошондой эле ал “кыялдагы Украинаны” ишке ашырууну көздөп жатат. Анда коррупциясыз, жогорку маяналуу жумуштар, пенсия, ылдам интернет жана сапаттуу жолдор. Анын шайлоо программасы юмордун көптүгү менен да айырмаланды.

Бирок көп нерсе жөнүндө убада бергени менен, аны кантип аткаруу керек тууралуу так айта албай келет. Зеленский Украинанын чыгышында болуп жаткан согушту токтотууну убада кылат, бирок аны кантип токтотуу керектиги жөнүндө кенен сүйлөп бере албайт. “Бардыгы сүйлөшүү жолу менен чечилет” деп гана тим болгон. Саясий жааттагы алсыз жактарын көрсөтпөш үчүн ушундай форматтагы суроолордон буйтап кутулат деп баа беришет саясий серепчилер.

Ал көбүнчө орус тилинде иш алып баргандыктан, аны Украинанын чыгыш жана түштүк орус тилдүү эли колдошот. “Украин эли кайра эле башын көтөрүп чыга келген баягы Тимошенко сыяктуу саясатчылардан тажап бүткөн. Эл амбициясы күч, жаңы жүздөрдү көргүсү келет” деп белгилейт серепчилер. Зеленский дал ошондой көрүнүп жаткан чагы.

Зеленскийди колдогондор өзүнө окшогон жаш, жөнөкөй, эл менен сүйлөшө алган талапкерди көргүсү келгендер. Алар Зеленский кандай президент болорун сериалдан көрүп коюшкан...

“БАТЫШЧЫЛ, БИРОК ОРУСТАРГА КАРШЫ ЭМЕС”

Пётр Порошенко Зеленскийди Игорь Коломойский аттуу украин олигархынын марионеткасы деп атаган. Мунун айтканынын себеби куудул Коломойскийдин “1+1” телеканалы менен тыгыз иштешет. Эл арасында да "Зеленскийдин артында Коломийский турат" деген кеп жашайт. Бирок Зеленский бул сөздөр чындыкка коошпой тургандыгын айткан.

Зеленский Крымды Орусиядан кайтарууга аракет кыларын жана акчалай компенсация доолай тургандыгын айткан. “Орусиянын бийлиги алмашкандан кийин Крым бизге кайтарылат” деп ишенимдүү түрдө белгилейт.

Зеленский акыркы жылдарда Украинада эң таанымал жүздөрдүн бирине айланган. Ал кайсы социалдык сурамжылоого катышпасын алдыңкы орунда болуп келген. Порошенкодон дээрлик 15 пайыздай көбүрөөк добуш алган Зеленскийде 2-турду утуп алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бирок ушундай керектүү учурда административдик ресурстар иштеп кетери божомолдонуп жатат.

“Зеленский – компромисс жараткан талапкер. Патриот, бирок фанатик эмес. Батышчыл, бирок орустарга каршы эмес (русофоб)" деп мүнөздөйт украин басылмалары.

Шайлоонун жыйынтыгы эсептелип жаткан учур. Зеленский ишенимдүү түрдө биринчи орунда.
Зеленский 2-турда президенттик шайлоодон утулуп калса да, "Эл кызматчысы" партиясы менен парламенттик шайлоого катышары айтылууда..

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан