6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева 77 жашында дүйнө салды. Жыл башында «Супер-Инфо» гезити актрисанын үйүндө конок болуп, тилекке каршы, бизге берген ошондогу маеги акыркысы болуп калды. Күтүлбөгөн жерден актрисанын каза табышы баарыбызды капага салып кайгыртты. Актрисанын жашоосу, тагдыры тууралуу жакындары эскеришти.
АКТРИСА ЖАНА МУГАЛИМ
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева 1942-жылы 20-июнда Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң Токмоктогу Маданий агартуу техникумунда окуган. Андан кийин Ташкенттеги Островский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүрүп, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына жумушка алынган. Аталган театрда 20 жылдай эмгектенип, пенсияга «Тунгуч» театрынан чыккан. Ошондой эле ал көп жылдар бою Кыргыз драма театрынын алдындагы актёрлук студияда, Кыргыз улуттук консерваторияда мугалим болуп эмгектенип келген.
Жаркын Балыкбаева «Боз салкын», «Айыл өкмөтү», «Белгисиз маршрут», «5000 сом», «До+Фа» жана башка тасмаларда эпизоддук ролдорду аткарса да ийине жеткире ойноп, ар бир ролу элдин эсинде калды.
Актриса Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы экенин баары билсе керек. Төрт жыл мурун актриса жолдошунан айрылып, биздин гезит аркылуу эскерди эле, тилекке каршы, бул ирет Жаркын Балыкбаеванын өзүн жакындары эскеришти.
Эрмек Мойдунов менен Жаркын Балыкбаеванын артында 2 уулу, неберелери калды.
«АЛ ӨЛӨРҮН БИЛГЕН ЖОК»Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актриса:
– Биз кыргыз элинин театр сахнасынын дагы бир чоң канатынан ажырадык. Айла жок дагы деп айтууга туура келип жатат. Анткени кийинки кезде сахнанын чоң-чоң таланттарын узатып калдык.
Жаркын экөөбүздүн таанышканыбызга 40 жылдан ашты. Мен Кыргыз драма театрында иштеп жүргөндө Жаркын Ташкенттен окуусун бүтүрүп, бизге жумушка кирди. Эски ырларды ырдачу, кебетеси ушунчалык кишиге жагымдуу болчу. Өзү да жайдары, жароокер, тамашакөй жан эле. Анын айланасы кыраан-каткырык болуп жатып калчу.
Артисттер апенди сыяктуу болот да. Жаркында да ошол сапат бар болчу. Бир нерсени туура эмес жасап алса, аны балдар, өзгөчө Мурат Мамбетов аябай туурачу. Ошого деле такыр ызаланчу эмес, каткырып күлүп койчу. Оңою менен жини келчү эмес, жини келсе да бир бурк этип алчу да, кайра тарап кетчү.
Үй-бүлөлүк мааракелерде дайым чогуу болчубуз. Экөөбүз чуркачубуз, саунага барчубуз, сууда сүзчүбүз, бийлечүбүз, эмне гана кылган жокпуз. Жаркын өмүрү өткөнчө иштеди. Өлөрүн билген жок, "киного түшөт элем" деп жүрдү. Экөөбүз тең иштегендиктен көптөн бери көрүшө элек болчубуз. Аны каза тапты дегенди угуп абдан нес болдум.
Жаркын курбум 77 жаш өмүрүн бекер өткөргөн жок. Кичинекей ролдорду ойносо да мүнөзүн ачып, ролдорун ушунчалык жоопкерчилик менен аткарчу. Ал өмүрүн театрга, киного, педагогикага берип кетти.
«СЕН МЕНИН АКТРИСАЛЫК ЖОЛУМДУ АЧТЫҢ ДЕЧҮ»Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
– Биздин «Айыл өкмөтү» тасмабызга улгайган көп кемпирлер керек болчу. Ал учурда биз билген Алиман Жанкорозова, Даркүл Күйүковалардын көзү өтүп кетиптир. Кайсы театрда ким калды деп актрисаларды сураштыра баштадык. Ошондо Жаркын Балыкбаева менен таанышканбыз. Эженин ойногону укмуш болчу, өзү да куудулданып турат эле. Дароо жактырып, кайнененин ролуна алдык. Сүйлөшө келсек, эже илгери «Көчө» тасмасына тартылган экен.
Таттыбүбү Турсунбаева экөө Ташкенттеги окуу жайда чогуу окуганын көпчүлүк билсе керек. Бул жакка келгенде Таттыбүбү Турсунбаева жылдыз болуп, Жаркын эже Эрмек Мойдуновго турмушка чыгыптыр. Эрмек байке жубайын кызганып киного канча чакырышса да жибербей койгонун айткан. Ошол боюнча, тагыраагы, 1960-жылдардан бери ал киного тартылбай, «Тунгуч» театрында иштеп жүрүптүр.
Жаркын эжеге мен кандай роль бербейин, өзүнүн кошумчаларын кошуп, мен каалагандан да ашырып ойноп берчү. Ошон үчүн да эженин эпизод болсо да, ар бир ролу элдин эсинде калды деп ойлойм.
Мен андан кийин деле Жаркын эжени «Боз салкын», «До+Фа», «5000 сом» тасмаларына тарттым. Ал «Сен менин чыгармачылык жолумду кайра ачып бердиң. Мына мен жылдыз болуп, баары киного чакырып жатышат» деп калчу.
Эже жолдошун жоготкондон кийин өзүн таштап салды окшойт, ден соолугу начарлап кетти. Мен Бөкөнбаев айылында жашап жүрүп эженин ооруп жатканын угуп жаттым, бирок жолукканга үлгүрбөй калдым.
Жаркын эже талантынан тышкары атына заты жарашкан жаркын, көл адам болчу. Мен бир нерсеге жетем деп умтулчу эмес, абышкасынын, балдарынын, элдин камын көргөн керемет апа эле. Ал эч бир кишиге жамандыгы жок таптаза бойдон узап кетти.
«АТА-ЭНЕМДИН КАТУУ СҮЙҮНГӨНҮН ТУН КЫЗЫМ ТӨРӨЛГӨНДӨ КӨРДҮМ»
Мэлор Мойдунов, уулу:
– Биз иним экөөбүз Эрмек Мойдунов менен Жаркын Балыкбаеванын уулдары болгонубуз үчүн бактылуубуз. Союз убагында кайсы жакка барбайлы фамилиябызды айтсак баары таанышчу.
Ата-энемдин жумушуна байланыштуу иним экөөбүз бир күн драма театрында, бир күн Улуттук филармонияда жүрүп, чоңойдук. Ата-энем менен гастролго да чыкчубуз.
Апам жароокер, боорукер жан эле. Урушканда урушчу, бирок көбүнчө сөз менен жеткирип, түшүндүрүп койчу. Кээде катуу жини келгенде иним экөөбүз атамды туурап күлүп жатып тамашага айлантып салчубуз. Апам сүйлөнүп кала берет эле.
Атам менен апам кеч үйлөнүшкөн да, ошондуктан мен төрөлгөндө апам укмуш сүйүнгөнүн туугандар айтышат. «Апаң сууну кайнатып туруп гана сени жуундурчу, бизди болсо колубузду жуудуруп туруп сени карматчу» дешет.
Мен ата-энемдин катуу сүйүнгөнүн тун кызым төрөлгөндө көрдүм. Мага «качан үйлөнөсүң, бизге небере керек» дей беришчү. Мен кеч үйлөнүп, кыздуу болгондо ата-энемдин кубанганын сөз менен айтып жеткире албайм. Ушунчалык сүйүнүштү. Бизде кыз жок болгону үчүн да кубанычтарында чек болбосо керек. Кийин кызымды колдорунан түшүрбөй, экөө талашып көтөрүштү. Кызым атама жакын өстү, уулум болсо чоң энесинин баласы болду. Балдарымды үйгө алып келсем апам "неберем келди" деп уулум менен кучакташып сүйлөшүп жата берчү.
Акыркы кезде апам иним менен жашады. Келинчегим экөөбүз күндө келип, тамак жасап, тамактандырып кетип турчубуз. Апам бөйрөгү ооруп, жума сайын гемодиализ алып жаткан. Гемодиализ организмден кальцийге окшогон керектүү заттарды жууп салат экен да. Апам февралда дүкөнгө чыгам деп баратып омурткасын сындырып, төшөктө жатып калды. Адам көпкө жатса өпкөсү иштебей калат экен. Апамдын өпкөсүнө суу толуп кетиптир, каза болгондо дарыгерлер «эки тараптуу пневмония» деген диагноз коюшту.
Апам "дем жетпей жатат" дегенинен «Тез жардам» чакырып ооруканага алып барганбыз. Эртеси дарыгерлер дароо келип калгыла дешти. Ошондо эле абал жакшы эмес экенин түшүндүм.
Апамдын дарты атам каза тапкандан кийин козголду. Бөйрөгү ооруп, 4 жылдан бери гемодиализге чуркап жүрдүк. Атам барында апам балпайган байбиче болчу, кийин эле аза күтүп, күйүттөн өзүн таштап салды. Тамак жегиси келбей, 47 килограммга чейин арыктап кеткен.
«Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты Жаркын Балыкбаеванын көзү өткөнүнө байланыштуу балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg