2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келе элек Өмүрбек Бабанов бир жарым жылдан кийин кеңири маек берди. Саясатчы эмне үчүн депутаттык мандатты тапшырып, саясаттан кеткени, эмне үчүн өлкөгө келбей жүргөнү, мекенден алыста жүрүү деген кандай болору тууралуу ой бөлүштү.
– Өмүрбек Токтогулович, президенттик шайлоодон кийинки бир жарым жыл аралыгында маек бере элексиз. Андыктан сизге башкы суроом – эмне үчүн шайлоодон кийин Кыргызстандан кетип калдыңыз жана бир жарым жылдан бери эмне үчүн өлкөгө кайтып бара элексиз?
– Туура, акыркы бир жарым жыл ичинде биринчи жолу маек берип жатам. Кыргызстанга барар алдында болгонун болгондой ачык айтып берүүнү чечтим. Шайлоо бүткөндөн кийин 10 күндөй Бишкекте болуп, Таласка барып кичи мекенимде элибизге чай берип, Чүйдө да чай берип элибизди тынчтандырып, ден соолугумду чыңдап алуу үчүн чет өлкөдөгү клиникага он күнгө кеткем. Үй-бүлөм менен клиникада жүргөндө Он-Адырдагы сөзүм боюнча мага иш козголгонун интернет аркылуу билдим.
Фейсбук, Инстаграм аркылуу менин тарапташтарым өтө эмоционалдуу сөздөрдү жазып жатышты. Ал ортодо фракциядагы депутаттарыбызды 7-кабаттагы Икрам Илмияновдун кабинетине чакырып алып, УКМК, Башкы прокуратуранын жетекчилери «Бабановду фракция жетекчилигинен кетиресиңер» деп мага каршы кол топтой башташты. Алар мага байланышка чыгып маалымат берип жатышты. Муну ушул күнгө чейин эч кимге айтпай келгем. Түштүк регионунда менин колдоочуларымды болбогон бир шылтоолор менен жумуштан кетирип, милицияга чакырышып, туугандарын иштен алган кысымдар башталды. Шайлоо таза болот, утсам президент болом, утулсам Кудайдын буйругу деген ойдо болчумун. Утканды да, утулганды да билиш керек да, мен баарына даяр элем, бирок мындай кысым болот деп ойлогон эмесмин.
Түркияда жүргөнүмдө Руслан Казакбаевди чакырып, экөөбүз жолуктук. Мен ага «Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго барып жолук, менин тарапташтарыма куугунтук токтошу үчүн эмне кылышым керектигин бил» дедим. Силер билесиңер, Канат Исаевге да жалаа жаап, шайлоонун алдында УКМКга камап коюшкан.
Руслан Айтбаевич Алмазбек Атамбаевге барып жолугуп, Атамбаев тарабынан мага төмөнкүдөй талаптар коюлган:
Мен бийликтен мындай талап алган соң аларга төмөнкүдөй сунушумду бердим:
Ошентип, мен шайлоодо утулгандан кийин алардын талабына көнүп, мандатымды тапшырып берип, саясаттан кеттим. Бул сүйлөшүүлөр бир күндө эле бүткөн жок, 20 күндөн узак мөөнөткө созулду. Сүйлөшүүлөр финалына чыгып калган учурда фракциялаштарымды чогултуп, алар менен да кеңешип туруп акыркы чечимди кабыл алдым. Кыргызстанга барсам таластыктар митингге чыгып, элибиз жабыркап калмак. Мен аны каалаган жокмун. Бийликке мен эле тынчтык бербей жаткан болсом кетейин деп чечим кабыл алдым. Мен берген убадамды толук кандуу аткардым. Өлкөгө бир жыл эмес, бир жарым жылдан бери бара элекмин.
Мен ушул күнгө чейин Алмазбек Атамбаев жана анын жакындары менен, Сооронбай Шарипович менен да сүйлөшкөн жокмун. Бирок менин тарапташтарым Сооронбай Жээнбековго кирип, мени келсин деп сүйлөшүп жатышты. Мага карата саясий негизде козголгон Он-Адыр иши бүгүнкү күнгө чейин жабыла элек. Ал иш боюнча 4 эксперттик тыянак бар.
Мен бул иштин жыйынтыгы кандай болуп жатканын Руслан Айтбаевичтен сурадым. Ал Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөнүн, акырында Сооронбай Жээнбековго киргенин, ал «бул иштен кабарым бар, Алмазбек Шаршенович менен сүйлөшкөнсүңөр, ошол менен бүтүрүп алгыла» дегенин билдирди.
– Сиз Нооруз майрамына байланыштуу элди куттуктап, «жакында көрүшкөнчө» деп жаздыңыз. Качан кайтып барасыз?
– Кудай буюрса, мен жакында өлкөгө кайтып барам. Азыркыга чейин «Бабанов качып кетти, коркок, кайтып келе албайт» деген сөздөрдү айтып жатышат. Мен буга мындайча жооп берем: Коркок адам партия түптөп, аны жетектеп, оппозицияда жүрүп утуп чыга алабы? Административдик ресурска каршы чыгып оппозициянын атынан шайлоого бара алабы? Эгер мен коркок болсом башкаларга окшоп Лондондо, Америкада жүрөт элем го жанымды сактап. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда качып жүргөн жарандарды кайтарып берүү үчүн келишим бар. Мен эч жакка качкан жокмун, мен ачык эле жүрдүм.
Бийлик бул ишти кайра козгоп, мага издөө жарыялайбыз десе издөөсү жок эле өзүм барам. Ушундай ушактарды таратып, мамлекетте стабилдүүлүктү бузгусу келгендерге айтып кетет элем, коркоктук менен акылмандуулуктун айырмасы асман менен жердей. Ошондо менде тандоо болду, штабдарыбыз толук кандуу иштеп жатты, саясаттан кетпейм деп кайра кайтып барсам, 40-50 миң киши мени колдоп чыкмак.
– Эмне үчүн анткен жоксуз, кайтып барсаңыз деле болмок да?
– Мен элибиздин тынчтыгын ойлодум, ошол убакта мамлекетибизде абал курч болуп турган. Ошол убакта Алмазбек Шаршенович эл митингге чыкса кандай чара көрүлө тургандыгын ачык эле айткан. Мен өзүмдүн керт башым үчүн жалпы колдоочуларымдын тагдыры менен ойногум келген жок. 6 миллион элибиздин ичинен 600 миң киши мага добуш бердиби, демек, мен да алардын укугун коргошум керек деп ушундай чечимге келгем.
– Сиз «жакында көрүшкөнчө» деп жазгандан кийин УКМК «Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, мыйзам алдында жооп берет» деп дароо жооп кайтарды. «Кыргызстанга барсам УКМК мени камап салат» деп коркпойсузбу?
– Мен өз ыктыярым менен келем, мага мамлекеттик акчаны коротуп эмне кылат? Эч жакка качпасам, өзүм баратсам, мыйзамдуу түрдө сурагына барууга даяр болуп жатсам, мени камап эмне кылат?
– 2005-жылдан бери саясатта жүрөсүз. Президенттик шайлоого барганыңызга кийин өкүнүп калган жоксузбу?
– Президенттик шайлоого катышканыма өкүнгөн жокмун. Бирок кайсы бир иштерди аягына чейин чыгарбай койгондуктан өкүнө турган учурлар бар.
Президенттик шайлоодон кийин бир жарым жыл чет өлкөдө жүрүп, чыныгы дос ким экенин, жалган дос ким экенин, чыныгы партиялаштар кимдер экенин сездим. Башында 3 ай өзүмө келе албай стрессте жүрдүм, андан кийин мени колдогон тарапташтарым, бир туугандарым, жакындарымдын чыныгы жүзүн билдим. Чыныгы менин колдоочуларым мага күч-кубат берип турушту. Жакын досторума кызмат сунуштап менден алыстатуу аракетин көрүштү. Бирок алар алданбай, канчалык кысым болгонуна карабай менин жанымда туруп беришти.
– Саясаттан кеттим деп айтканыңыз менен, эл сизди саясатчы катары кабыл алат. Азыркы президент менен мурдагы президенттин ортосундагы ажырым ачыкка чыгып калды. «Өмүрбек Бабанов кайтып келип, Жээнбековдун командасына кошулуп өкмөттү жетектейт» деген кеп бар. Ал эми экинчи версияда «Атамбаевдин командасына кошулуп оппозицияда болот» деп айтылат. Буга эмне дейсиз?
– Мен көрүп турам, экөөнү уруштуруп, андан өзүнүн саясатын жүргүзүп жаткандар бар. Экөө бириге турган болсо мамлекетибиз тез арада өнүкмөк. Мен Кыргызстандын жараны катары мекенимди сагындым. Кичи мекениме барып атамдын үйүнө түнөп, атама багыштап куран окуп, тынч жашаганды каалап турган учурум. Менин колдоочуларыма тийишпей, аларды куугунтуктабай коюшса баары жакшы болот деп ойлойм. Жашоодо саясаттан башка бир топ кызыктуу нерселер бар.
Кыргызстанда саясат биринчи орунга чыгып калганы өкүнүчтүү. Экономиканы биринчи орунга алып чыксак болмок, мен буга чейин да айтып келгем, мекен үчүн жардам берүүгө даярмын.
– Кыргызстанда саясий куугунтуктан сырткары саясий туткундар деген да категория бар. Ошол эле Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жакында мөөнөтсүз митингге чыгууга камынышууда. Сиз алар тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?
– Парламентте депутат кезимде Өмүрбек Чиркешовичти Маевскийдин арызы менен камаганда Абдил Сегизбаевге «Өмүрбек Текебаев жөн эле депутат, партиянын лидери эмес, Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн саясий өнүгүшү үчүн иштеген эки кишинин бири» деп айткам. Мен Текебаев менен жакын дос болгон эмесмин, экөөбүз бири-бирибизди катуу сындадык. Бирок саясий оппонент эмес, чыныгы лидер болом деген адам оппоненти туура кылса да, туура эмес кылса да айтып турушу керек.
Башка өлкөнүн жараны болгон Маевскийди биздин УКМК кайтарып жүрүп көрсөтмө алганы Текебаевдин иши 100 пайыз саясий экенин билдирет. Эртең эмес, бүгүн бул ишти жаап туруп, Өмүрбек Чиркешовичке депутаттык мандатты кайтарып беришибиз керек. Ошондо туура чечим болот. Садыр Жапаровдун иши боюнча Эмилбек Каптагаев дооматым жок деп айтып жатса да камап коюшту. Бул да саясий иш!
– Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдон кандай үмүттөрдү артып, эмне өзгөртүүлөрдү күтүп жатасыз?
– Элибиз демократия десе, сөз эркиндиги деп түшүнүшөт. Бул демократиянын бир бөлүгү. Демократия көз карандысыз Башкы прокуратура, көз карандысыз соттор, көз карандысыз парламент жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттары. Алмазбек Шаршенович президенттик мөөнөтүндө көз карандысыз сотторду түзө албады. Биз бардыгыбыз 25 жылдан бери инвестиция деп айтып келебиз. Инвестиция тартуу үчүн көз карандысыз сотторду түзүшүбүз керек. Сооронбай Шарипович өзү да сотторго ишенбей тургандыгын айтты. Биз сотторго көз карандысыздыкты түзүп берип туруп, анан талап кылышыбыз керек. Менин оюмча, азыр иштеп жаткан соттор деле көз карандысыз болгусу келет. Биз аларга көз карандысыздыкты түзүп берсек, өлкөдө чоң секирик болот.
– Кыргызстандыктарга эмне деп кайрылгыңыз келип турат?
– Мекенибиз менен элибиз ата менен ападай экен. Чет өлкөдө жүргөн балдарыбыз өздөрүн жетим сезип жүрүшөт экен. Мен да бөтөн жерде жүрүп ата-энемди сагынгандай эли-жеримди сагынып жүрөм. Кудай буюрса, жакынкы күндөрү Кыргызстандан жолугушабыз, көрүшкөнчө, мекендештерим!
НТС телеканалына берилген маектен алынып,
айрым кыскартуулар менен берилди.