УКМКга ТЫҢШОО УКУГУН БЕРИШ КЕРЕКПИ?

УКМК чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жарандардын почтасын окуу, сүйлөшүүлөрүн угуу жана биометрикалык маалыматтарын алуу сыяктуу ыйгарым укуктарды кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Аталган кызматтын билдиришинче, мыйзам долбоорунун максаты – чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү.

Эгерде бул демилге ишке ашса аталган комитет жарандардын уруксатысыз эле телефондорду тыңшап, жазган каттарын окууга мүмкүнчүлүк алат.

Жарандардын макулдугусуз алардын биометрикалык маалыматтарын алуу, сактоо жана жеке маалыматтарды пайдалануу опурталдуу экендигин жарандык активисттер, саясий серепчилер айтып, маселе көтөрүштү. Себеби бул демилге, биринчиден, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, экинчиден, эл аралык адам укуктары боюнча мыйзамдарга каршы келет. Өлкөнүн Баш мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктунда “Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук, дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет” деп жазылган.

Эгер УКМК сүйлөшүүлөрдү тыңшоого, жазышууларды окууга, биометрикалык маалыматтарды алууга укук алса, жарандардын Конституция аркылуу кепилденген укуктары бузулуп, эркиндигине коркунуч жаралышы мүмкүнбү? Мына ушундай собол менен жарандык активисттерге, саясатчыларга, укук коргоочуларга кайрылдык.

«БИЗДЕ УКМК АР ДАЙЫМ БИЙЛИКТИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ИШТЕП КЕЛГЕНИ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНӨТ»

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров УКМК башка өлкөлөрдөн келген коопсуздук кызматкерлерин көзөмөлдөп, өлкөнүн коопсуздугун сактагандын ордуна, бийликтин саясий оппоненттери менен алек болуп жатканын айтат:

– Бул маселени бир тараптуу карабаш керек. Кеп мыйзамда эмес, кеп ошол мыйзамды кандай иштетишет, ошондо. Ал мыйзам жок деле бүгүнкү күндө телефонду угушат, чай ичкен жериңде, бирөө менен жолуккан жериңде угуучу аппараттарды коюп жатышат. Анан ошол иштери ачыкка чыгып калып маскара болуп калышканда деле андан уялып калышкан жок. Бизде УКМК мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, ар дайым бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштеп келгени менен өзгөчөлөнөт. Биздикилер бүгүнкү күндө Бишкекте, Ошто канчалаган бөтөн мамлекеттердин коопсуздук кызматкерлери жүргөнүн билбейт. Кыргызстан бүгүнкү күндө жайлоо болуп калган. Кайсы мамлекеттин чалгындоо кызматы болсо да иштей берет. Себеби алардын аркасынан караган эч ким жок.
А биздикилер тек гана өзүнүн саясий оппоненттеринин аркасынан аңдышат. Сөзсүз түрдө бул кооптуу. Сага келген катты бирөө ачып окууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн атайын органдар жүйөлүү себептерди көргөзүп бериши керек. Көргөзгөндөн кийин сот же прокуратура тарабынан ага санкция бериш керек.

Коопсуздук кызматына кандай азаматтар жумушка алынып жатканын, жетекчиликке кимдер коюлуп жатканын биз билебиз. Аларда сабаттуулук, кесипкөйлүк деген түшүнүк жок. Ошондуктан бул баш аламандыкка алып барышы мүмкүн. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, бийликтин, жеке кишинин кызыкчылыгы үчүн иштеп кетиши 100 пайыз мүмкүн.

«УКМК АШЫКЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДЫ АЛСА ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ БУЗУЛАТ»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "УКМК Конституциянын чегинде иштеши зарыл, Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, андай укуктарды соттун чечими менен ала алышат" дейт.

– Биз укуктук мамлекетпиз. УКМК мындай ыйгарым укуктарды Конституция боюнча соттун чечими менен алышы зарыл. Ашыкча укуктарды ала алышпайт. Мыйзамдардын эң негизгиси Конституция, алар ошол боюнча иштеши керек. Жөн эле барып укуктарды алабыз дегени туура эмес. Бирөө кылмыштуу аракеттерди жасаган болсо, соттун чечимин алып текшере беришсин. Ашыкча ыйгарым укуктарды алышса жарандардын укуктары бузулат. Биздин сүйлөшүүлөрүбүздү уга турган программалары да бар.

«САЯСИЙ ЭЛИТА ОРУСИЯДАН ЖАНА АНЫН КҮЧ ОРГАНДАРЫНАН КӨЗ КАРАНДЫ»

Саясат таануучу Даниель Кадырбековдун айтымында, бул мыйзамдын кабыл алынуусу менен Кыргыз өлкөсү Орусияга окшогон авторитардык, күч органдары башкарган өлкөгө айланышы толук ыктымал:

– 2016-жылы Орусияда ушуга окшогон мыйзам кабыл алынып, былтыртан баштап ал күчүнө кирген. Биздин УКМК жана чалгындоо тармагында иштегендер толугу менен ФСБ академиясында окуган бүтүрүүчүлөрдөн, Орусиянын идеологиясы менен окутулган кызматкерлерден турат. Андан сырткары президентибизден баштап катардагы саясатчылардын көпчүлүгү Орусияга көз каранды кишилер. Ошондуктан Орусиянын мыйзамын туурап бизде да кабыл алабыз дегени бул, албетте, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына туура келбейт. Бул мыйзам аркылуу УКМК жана өкмөт жарандардын жеке маалыматын соттун уруксаты жок, каалагандай алып калат. Анын натыйжасында Орусияга окшогон авторитардык, күч органдар башкарган өлкөгө айланышыбыз ыктымал. Тилекке каршы, ушуга окшогон регрессивдүү мыйзамдарды көчүрүп алганын бийлик токтотпойт, себеби саясий элита Орусиядан жана анын күч органдарынан көз каранды. Алар өз алдынча мамлекетибиздин кызыкчылыгын ойлогон багытка бара алышпайт. Биз саясий элитаны жаңылап жана учурдагы абалды өзгөртмөйүнчө алдыга жылбайбыз, эгемендүү өлкө кура албайбыз!

«УКМК МЫЙЗАМСЫЗ КЫЛЫП ЖАТКАН ИШТЕРИН МЫЙЗАМДАШТЫРЫП АЛЫШЫ МҮМКҮН»

Журналист Мирбек Айтикеев УКМК сунуштап жаткан мыйзам долбоору тоталитардык коомго мүнөздүү экенин айтып, эгер ачык-айкын коом кургубуз келсе, мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршы туруу зарыл экенин белгиледи:

– Сунушталып жаткан мыйзамы жок эле, УКМК керек учурда жарандардын телефонун тыңшап, почталарын текшерип келет. Бул иштер буга чейин мыйзамсыз болуп келген, эми болсо бул демилге менен мыйзамсыз кылып жаткан иштерди мыйзамдаштырып алуулары мүмкүн. Бул сөз эркиндигине, ошондой эле демократиянын баалуулугуна чоң сокку урат. Буга окшогон тоталитардык коомдогу мыйзамдардын бизге кереги жок. Бул мыйзамдын кабыл алынышына жарандык коом жана эркин жарандар каршы турушубуз керек. Ансыз деле адамдардын биометрикалык маалыматтары мамлекеттин колунда турат. Кайсы бир учурда ушул маалыматтарды пайдаланып оппоненттерин жазалоого, аларды жок кылууга, коомчулук алдына жаманатты кылганга колдонушу мүмкүн.

Кооптуусу, Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзамга каршы тура алышпайт. Ал үчүн эрктүү, өз оюн айта алган жана артында маселеси жок болгон адамдар парламентке келиши керек. Бүгүнкү күндөгү парламенттин абалы баарына белгилүү. Алар бийликтин сунушуна 100 пайыз кол көтөрүп, кабыл алып беришүүдө. Бул мыйзамды кабыл ала турган болсок, артка кадам таштаган болобуз. Биз ачык коом кургубуз келсе мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршы турушубуз зарыл.

«УКМКнын УЧУРДАГЫ СУНУШУ АР БИР АДАМДЫ АҢДЫП, КУУГУНТУК ЖАСАЙ АЛУУСУНА ШАРТ ТҮЗӨТ»

Укук коргоочу Динара Ошурахунова "УКМК саясатчылардын, укук коргоочулардын, активисттердин сүйлөшүүлөрүн угат. Алардын аңдыганы мыйзамсыз болгону үчүн гана ачык иштей албай жатышат" деген пикирин билдирди.

– УКМКнын азыркы сунушу биздин Баш мыйзамга каршы келет. Анткени андагы 16-20-22-29-33-беренелерде кандай мыйзам кабыл алынбасын Конституцияга каршы келбеш керектиги көрсөтүлгөн. Адамдардын укугун, эркиндигин чектебеш керектиги да бар.

Биздин тынчсызданганыбыз, УКМК акыркы жылдары саясий куугунтуктарды жасады, ошол эле Белизгейт, ошол эле парламенттеги депутаттарга, саясатчыларга, анын ичинде Өмүрбек Бабановду конкреттүү далили жок туруп маалыматтык манипуляция менен куугунтуктап жатат.

Бул комитет саясатчылардын, укук коргоочулардын, активисттердин сүйлөшүүлөрүн угат, артынан аңдыйт, ошонун негизинде каралап жүрөт. Алардын аңдыганы мыйзамсыз болгону үчүн гана ачык иштей албай жатышат.

Эгерде ушул сунуш кабыл алынса, анда аларга ар бир адамды аңдып, куугунтуктай ала турган шарт түзүлөт. Бул демилге кабыл алына турган болсо, биринчиден, УКМКнын жарандарга каршы ишин көзөмөлдөгөн орган түзүү керек же парламентте аны көзөмөлдөгөн өзүнчө комитет түзүлүшү керек, антпесе ал монстр болуп кетет.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан